
Сууда сүзүү боюнча Таиландда өткөн Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары жалпы 8 медаль тагынышты. Анда
Дарья Таланова 50, 100 жана 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүп, 3 күмүш медаль тагынса,
Кирилл Вайс брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышта күмүш тагынып, эркин сүзүүдө өз эсебине коло медаль жазган. Ошондой эле
Станислав Карнаухов да 1 коло жана 1 күмүш медаль тагынды
(50 метр жана 100 метр аралыкта). Өспүрүмдөр арасында
Никита Пауков 800 метр аралыкка сүзүүдө коло медалды багындыра алды.
Адилет Керимбек улуу
sport@super.kg