АНЖЕЛИКА ЖАНА КАЛИПА УСЕНОВА КЫЗДУУ БОЛУШТУ
№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
Актриса Калипа Усенова 1-октябрда кыздуу болуп, наристеге чоң атасы менен жолдошу Элина деген ысым ыйгарышты. «Кызым 3 килограмм салмакта төрөлдү. Атасына жана байкесине окшош. Тун уулум Эркин менен кызымдын ортосундагы айырма 9 жаш. Бала менен эле алышып отурсам, жолдошум «бизди карабай калдың» деп күлүп калат»,- дейт бала жытына мас болуп турган Калипа.
Мындай сүйүнүчтүү кабар Анжеликанын үй-бүлөсүндө да орун алды. Ырчы 7-октябрда көз жарып, үчүнчү кызын жарыкка алып келди. Операция жолу менен көз жарган ырчынын наристеси 3 килограмм 300 грамм салмакта төрөлдү. Жолдошу Урмат учурда ымыркайдын жана ырчынын ден соолугу жакшы экенин билдирди.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
8
Бул тууралуу жазылган: http://www.super.kg/article/show/32953
жалаягына чейин мактанып
атып бутту ай, уят эмеспи кичине болсо да
ар жакта сыр калыш керекко, секелек кыздан бетер