
Ырчы, композитор
Жамиля Муратова актрисалыктын даамын татты. Ал режиссёр
Ырыс Жоомартованын «Абысындар» аттуу тасмасына тартылды. Ырчы актёрдук чеберчилигин сынап көрүү үчүн тасмага тартылганын айтты.
– Киного тартылып, жакшы адамдардын образын ачып бергим келчү. Мага ал мүмкүнчүлүк эми келди. Актёрлук билимим жок болгондуктан бир аз кыйналдым. Кантип тартылуу керек, кандайча образга кирүү тууралуу тажрыйбалуу актёрлордон кеңеш алдым. Чыгармачыл чөйрөдө тааныш-билиш болгон инсандар менен бир тасмага тартылуу башкача сезим жаратты,- дейт ырчы.
star@super.kg
Этика нормаларын сактаңыздар!