
Москва шаарында 9-октябрь күнү Орусиянын КВН оюндарынын Жогорку Лигадагы командалар аралыгында экинчи жарым финалы болуп өттү. Анда «Азия Микс» менен катар «Детективное агентство «Лунный свет», «Спарта», «Радио Свобода», «Горизонт» командалары 4 этапта оюн көрсөтүштү. Финалга «Детективное агентство «Лунный свет» жана «Радио Свобода» командалары өтүп, тилекке каршы, биздин мекендештер 3-орунга татышкан. Финалга болсо алдыңкы 2 орунду ээлеген командалар жолдомо алышмак. Бул оюн тууралуу «Азия Микс» командасынын оюнчулары азырынча эч кандай комментарий беришперин кабарлашты.