БИР БҮРКҮМ..
№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж
-
САМАРА КАРИМОВА «Баргым келет апама» аттуу жаңы ыр жаздырууда.
-
Түркиядагы Сафранболу шаарында өткөн «Алтын шафран» аттуу кинофестивалында кыргыз режиссёру ТЫНАЙ ИБРАГИМОВДУН «Он үчүнчү» аттуу тасмасы баш байгени жеңип алды.
-
«ТУМАР» БИЙ тобу америкалык «Даңк мөөнөтү» долбооруна катышууга чакыруу алды.
-
НУРЗАТ САДЫКОВА «Айланайын» аттуу ырына клип тарттырды.
-
БАЙЫШ МОМУНОВ «Жубайыма» деген жаңы ырына клип тарттырып жатат.
-
Ырчы БЕГИМАЙ БЕКБОЕВА Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаа сатып алды.
-
«ИНСАН» тобу 4-ноябрь күнү Бишкек шаарында концерт берет.
-
Режиссёр АКТАН АРЫМ КУБАТ «Кентавр» аттуу толук метраждуу тасмасын тартып бүттү.
-
ГҮЛНУР АСАНОВА Кореяда өтүп жаткан эл аралык илимий конференцияга катышып жатат.
-
ЗАКИРБЕК ДҮЙШӨНБЕКОВ ТАРАЗ шаарында өткөн казак хандыгынын 550 жылдыгына карата уюштурулган мааракеде домбурачы Ержан Жаменкеев менен күү тартыш өнөрүн тартуулап келди.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0