19-октябрда түнү ырчы Расул Маматкуловдун Бишкек шаарынын четинде жайгашкан үйүн каракчылар тоноп кетишти. Бул тууралуу ырчы: «Жубайым экөөбүз үйдө жок болчубуз, балдар үстүнкү кабатта уктап жатканда киришиптир. Кирип үйдү астын-үстүн кылып чачышыптыр, чамасы акча издешкен окшойт. Үйдө кайдагы акча, азыркы заманда үйдө ким акча кармасын? Силердин гезитиңерге чыккан кымбат саатымды да коллекциялайм дегенинен досума берип койгон элем, баалуу эч нерсебиз деле жок болчу. Уурулар жубайым Катянын алтын зер буюмдарын, кымбат телефонун көтөрүп кетишиптир. Милиция келип манжалардын изин алып кетишти. Буюрса, уурулар табылат деген ойдомун. Кызыгы, биздин үйгө кирген уурулар менин чыгармачылыгымды сыйлайт өңдүү, үйгө бут кийимдерин чечип киришиптир. Алардын бул жоругуна милиция кызматкерлери да күлүп жатышат»,- дейт. Мындай маданияттуу уурулар тез арада колго түшүрүлөт деген үмүттөбүз.
star@super.kg
Может чын эле охранник болгон, акчасын толой албай, баш тартышса керекта. Охранник алуу ото кымбаат. Айына 100 000с уч смена болот. Аны ещё байкуш кайтаргандар алсачы, аларга коп болсо 10 000сомдон тийсе тиет, калганын чондору алат.
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/article/show/33617
Мактанатурган уйу бар болсо мактана берсин. Мактана турган нерсенер барбы силердин.