Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АБАКТАН КАЧУУ АТАЙЫН УЮШТУРУЛГАНБЫ?

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж


Өтүп кеткен эки апта эки кишинин башы бириксе эле абактан качкан кылмышкерлерди кеп кылуу менен өттү. Абактан качкан кылмышкерлерди кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери 10 күндөй бут чечишкен жок.

ОКУЯНЫН ХРОНОЛОГИЯСЫ
11-октябрь
түнү №50-СИЗОдон качкан 9 кылмышкердин чуусу бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөӊгө салды. Алар аталган абактан ЖАМКнын 3 кызматкерин муунтуп өлтүрүп, бирөөнүн башын жарып из жашырышкан. Ошол эле түнү алардын бешөө жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, 4 коркунучтуу делген кылмышкер из жашырып кетишкен.
16-октябрда ЖАМКнын жаракат алган 4-кызматкери ооруканада өзүнө келбей жатып каза тапты. Ушул эле күнү качкын кылмышкердин бири Данияр Кадыралиев милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектин Дордой-2 конушунан атып өлтүрүлдү.
19-октябрда УКМК кылмышкерлер тууралуу маалымат бергендер үчүн берилет деген 300 миӊ сомдук сыйлыктын наркын ИИМ 1 миллион сомго көтөрдү.
20-октябрда кылмышкерлер качып чыккан түнү колго түшүп калган 5 кылмышкердин бири «касапчы» лакап аты менен таанымал Таалайбек Жуманов абакта жаткан жеринен каза тапты. Расмий маалыматтар боюнча, ал жүрөк оорусунан көз жумган. Ушул эле күнү милиция кызматкерлери жергиликтүү чабандын билдирүүсү менен Сокулук районундагы кашарлардын биринен качып жүргөн кылмышкердин бири Азамат Мүсүралиевди атып өлтүрдү.
21-октябрда кармалган кылмышкерлер: 37 жаштагы Бакыт Кенжегулов менен 33 жаштагы Муратбек Жумалиев абакта жатып каза табышты. №50-СИЗОнун жетекчиси Иманкул Телтаев менен катар абактын толук курамы алмаштырылды жана ЖАМКнын тиешелүү кызматкерлери иштен айдалды.
22-октябрда качкын кылмышкердин дагы бири Эдил Абдрахманов күч органдарынын огунан жаракат алып, тирүү колго түштү. Анын ок жаӊылган бутуна операция жасалды. Бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар кылмышкерлердин укугун коргоп коомчулукка бир нече билдирүү таратышты. Ушул эле күнү кечинде акыркы кылмышкер Алтынбек Итибаев Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде атып өлтүрүлдү. Бирок бул операцияда бейкүнөө эки жаран жана ИИМдин бир кызматкери каза табышты.
25-октябрда №50-СИЗОнун бир кызматкери атайын прокуратура тарабынан камакка алынды. Анын эмне үчүн камакка алынганы азырынча белгисиз.
26-октябрда каза тапкан ЖАМКнын кызматкерлеринин туугандары кылмышкерлердин укугун коргоп чыккан укук коргоочулардын билдирүүлөрүнө жооп катары маалымат жыйын уюштурду. Анда энелер кызмат учурунда каза тапкандарга көӊүл буруп, «Эл Баатыры» наамын берүүнү суранып кайрылуу жасашты.
10 күн ичинде: Абактан кылмышкерлер качып чыккан күндөн тарта күч түзүмүнүн 5 кызматкери, 2 жөнөкөй жаран, 6 кылмышкер болуп, жалпы 13 киши о дүйнө салды.

БИР КАТАР ТҮРМӨЛӨРДҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ АЛМАШТЫ
Окуядан 9 күн өткөндөн кийин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов ведомстводо «тазалоо» иштерин жүргүзө баштады. №50-СИЗОнун жетекчиси Иманкул Телтаев кылмышкерлерди түрмөдөн качууга жеткирген шалаакылыгы үчүн айыпталып, иштен айдалды. Калган башка тиешелүү кызматкерлер менен катар №1, №2, №3, №5, №8 жана №16-абактардын жетекчилери да иштен айдалып, курам бир катар кадр алмашууларга дуушар болду.

ПРЕЗИДЕНТ КАБАТЫРЛАНДЫ
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 23-октябрда УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев менен ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды. Жолугушууда ажо аталган органдардын жетекчилери менен түрмөдөн качкандардын окуясын талкуулады. Алтынбек Итибаевди колго түшүрүү учурунда Бишкек шаарындагы Достук кичи районунда аны менен атышуу орун алып, ИИМдин атайын отрядынын 1 жоокери жана жөнөкөй жарандардан 2 адам каза тапкан эле. Өлкө башчысы жетекчилерге күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатып, атайын операция учурунда жөнөкөй жарандардын да коопсуздугун катуу көзөмөлгө алуу керек экенин эскертти. Президент бул жолугушууда атышуудан каза тапкан ИИМдин кызматкеринин жакындарына көӊүл айтып, анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү тууралуу жарлыкка кол койгонун айтты. Мындан соӊ ИИМдин атайын отрядынын жоокери, атышууда каза тапкан Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 3 бөлмөлүү батир берилди.

АБАКТАН КАЧУУДАГЫ ТАБЫШМАКТУУ ЖАГДАЙЛАР
ЖАМК буга чейин №50-СИЗОну Кыргызстанда жаӊы салынган, айланасы бекем курчалган, ал тургай уюлдук телефон да тартпаган, күчөтүлгөн тартиптеги камералык систем менен иштеген абак деп келген. Ооба, чындыгында биз абакты көрүү үчүн барганда сыртынан сүрү бар бекем имарат экенине ынанып келдик. Терезелери да бекем, темирлерин ийип салууга мүмкүн эместей көрүнөт. Мындан улам кылмышкерлер негизги эшиктен эле чыгып кеткенби деген ойдо каласыӊ. Ал эми ЖАМК жетекчилигинин маалымат жыйында камералардын эшиктери талкаланбаптыр, аларды бирөө ачып бериши мүмкүн дешти. Мындан улам абак күзөтүн жон териси менен сезип көргөн ЖАМКынын мурдагы кызматкерлеринен устав тууралуу сурап көрдүк. Талап боюнча ар бир күзөтчү өзүнө тиешелүү аймактан алыс кетпеши керек. Кайсы аймакка бөлүнсө ошол жерди гана көзөмөлдөөгө милдеттүү. Эгер башка кесиптешинин аймагында кылмышкерлер жаӊжал уюштуруп же качууга аракет жасап, ал тургай жанын кыйып жатса да өз кызмат ордун таштабастан туруп, тиешелүү бөлүккө билдирүүсү зарыл. Ал эми кеп болуп жаткан качууда уставдагы бул көрсөтмөлөр сакталган эмес. Макул, биринчи кызматкер камеранын эшигин ачып берсин. Аны өзүнө караштуу аймакта кылмышкерлер кармап калышты дейли. Ошол маалда экинчиси эмнеге өз аймагын таштап, кесиптешинин аймагына өтүп барган? 2 кесиптешинин дайыны жок болуп жатса, үчүнчүсү да ошол аймакка кирип барган. 4 адамдын жанын кыйган кылмышкерлер камералар жайгашкан имараттан 100 метрдей алыс аралыкты басып келишип, административдик имараттан жалпы түрмөнүн жарыгын өчүрүшкөн дейт. Ошончо аралыкты басып келгенче күзөт мунарасындагы куралчан 4 кызматкер эмне кылып турушкан? Буга кошул ташыл, 2 жумадан бери видеокөзөмөлдөө системи иштебей турушу дагы күмөн ойлорду жаратат.
ЖАМК берген маалымат боюнча, ошол түнү күзөттө болгон кызматкерлердин тирүү калган бирөөнү учурда тергөө иштерин жүргүзүп жаткан атайын прокуратура камакка алган. Прокуратура тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча маалымат берүүдөн баш тартууда.

АПРЕЛЬ ОКУЯСЫНА КАТЫШЫШКАН
Сокулук районундагы кашарлардын биринен атып өлтүрүлгөн Азамат Мүсүралиев өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер жатуучу абакка кандайча түшүп калганына дагы жүйөлүү себептерди эч ким айта элек. 2015-жылдын июль айында Чүй облустук сотунун кеӊсесинде бир нече чуулгандуу окуялар, Апрель окуясындагы мародёрлук боюнча иштер камтылган документтер жоголуп кеткен. Изди жашыруу үчүн имаратта өрт чыгарышып, документтерди алып чыгып кетишкен. Бул кылмышка шектелип колго түшкөндөрдүн катарында Азамат Мүсүралиев да болгон. Ушул кылмыш ишин тергөө учурунда аны өмүр бою эркинен ажыратылгандардын арасына отургузуп, №50-СИЗОго камалышы түшүнүксүз.
7-апрель, Ош окуясы. Артка кайрылсак, мына ушул тарыхый окуяларда дагы террорчу аталган абак качкындарынын атын көрүүгө болот. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында, абактан өлгөн Бакыт Кенжегулов, Дордой конушунда атып өлтүрүлгөн Данияр Кадыралиев, бутуна ок атылып колго түшкөн Эдил Абдрахманов 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары. Ошондой эле алар объекттерди коргоого катышкан. Алар кийин Оштогу Июнь окуясында жабыр тарткан калкка гуманитардык жардам да жеткизишкен.

«ЖАЙШҮЛ МАХДИ» ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМУ ТУУРАЛУУ
Абактан качкандардын көпчүлүгү «Жайшүл Махди» тыюу салынган экстремисттик уюмунун мүчөсү экендиги айтылды.
«Жайшүл Махди» экстремисттик уюму 2010-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандын аймагында кулачын жайган. Бул уюмдун мүчөлөрү Орусияда колго түшүрүү маалында каза тапкан террорчу Саид Бурятскийдин (Александр Тихомиров) жолун жолдоочулар. Уюмдун мүчөлөрү 2010-жылы Апрель окуясында күч түзүмдөрүнүн таланып-тонолгон куралдарынын айрымдары булардын колуна тийип калган. 2010-жылы 30-ноябрда бул уюмдун 12 мүчөсү Бишкек шаарындагы Спорт Сарайынын жанында жардыруу уюштурушкан. Мындан тышкары алар Бишкек ШИИББинин имаратын жардырууга аракет кылышкан жана Сокулуктан америкалык жаранды тоноого тиешеси бар. Ошону менен катар алардын огунан Октябрь РИИБинин 3 кызматкери каза тапкан. Уюмдун мүчөлөрүн жок кылуу учурунда Чүй облусунун Арашан айылынан «Альфа» атайын кызматкери да октон ажал тапкан. 2011-жылдын 18-июлунда Октябрь райондук соту «Жайшүл Махди» уюмунун активдүү 3 мүчөсү Бакыт Кенжегулов, Данияр Кадыралиев жана Эдил Абдрахмановду өмүр бою эркинен ажыраткан. Ал эми алардын шериктери 4 жылдан 23 жылга чейин камалышкан. Булардан башка да бул уюмдун мүчөлөрү бар же жок экендиги азырынча белгисиз.

«КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ӨЛҮМҮ ҮЧҮН ӨКМӨТ ЖООП БЕРСИН!»
Кылмышкерлердин жакындары маалымат жыйын өткөргөн соӊ 26-октябрда ЖАМКнын каза тапкан кызматкерлеринин тууган-уругу да коомчулукка кайрылды. Башынан оор жаракат алып, 3 күндөн кийин ооруканада каза тапкан Тилек Абылгазиевдин эжеси Гүлзат Молдожакыпова менен маектештик. Тилек Абылгазиев 2013-жылдын апрель айында «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин Нарын шаарындагы СИЗОдон чыгарылып кетишине аралашканы маалым.
– Энелер уулдарын канкорлордун колунан өлсүн деп эмес, элге кызмат кылсын, эл баатыры болсун деп тууган. Каза болгондорго «Эл Баатыры» деген наамдын кереги жок, себеби алар эми арабызда эмес. Бул наам алардын уул-кыздары үчүн, «атам баатыр болгон» деп сыймыктанып жүрүү үчүн керек.
Абактардын жетекчилиги көпчүлүк учурда түрмөдөн качууларды уюштуруп, өздөрү башында турат дегенге ишенем. Батукаевди өлөт-өлөт деп жатып өздөрү эле чыгарып жиберишти го. Менин иним Тилек Абылгазиев ошол күнү Нарындагы СИЗОдо жетекчилигинин суранычы менен нөөмөткө турган. Ал күнү башчысы кызматтык өргүүдө болсо, орун басары дагы бир шылтоону айтып суранып кеткен. Ордуна жооптуу катары иним калган. Батукаевди чыгарып кетип жатканда келип түшкөн буйрукту аткарып, Тилек кол коюп берген экен. Ал кезде иним бул «спектакль» атайын уюшулганын билген эмес. Албетте, мындан улам ал иштен айдалып, бир топко кызматсыз жүрдү. Андан соӊ ротация менен ушул №50-СИЗОго жиберишкен. Ошончо кызматкерден менин инимдин күзөтүндө кайрадан качуу болуп жатканынын өзү эле күмөн жаратат. Бул уюштурулган нерсе, өкмөт жана тиешелүү кызматтар жооп беришсин.

«БУЛ ОКУЯГА ЖАМКнын ТӨРАГАСЫ ТҮЗДӨН-ТҮЗ КҮНӨӨЛҮҮ»
ЖАМКнын ички коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев жогорудагы окуяга кимдер күнөөлүү экендиги тууралуу өз пикирин айтты:
– Мени таӊ калтырганы, кармалгандардын бардыгы террорчулар деп туруп аларды бир жерге чогултканы болду. Аларды өлкөбүздөгү түрмөлөргө чачыратып жибериш керек эле. Жанагы «№19-абак оӊдолуп жаткан» деген куру шылтоо. «ЖАМКнын кызматкери кылмышкерлерге камеранын каалгасын ачып берген» дешүүдө. Бул ар кандай ойду жаратат. Нөөмөттөгү кызматкер өз билемдик менен каалганы ача албайт болчу. Ага жогору жактан ач деген буйрук болгон. Эмне үчүн жакшынакай иштеп жаткан видеокөзөмөлдөр иштебей калат же аны текшерип, дароо оӊдошпойт? Электр жарыгы өчсө ошол замат кайра күйгүзө турган генератор алып коюшса болмок да. Ошондой эле абактан качуу пландалып жатканы тууралуу да маалымат түшкөн экен, бирок ага маани берилген эмес. Менимче, бул жерде айрым кызматкерлердин жеке кызыкчылыгы болгон.

«УУЛУМ АК ҮЙДҮ АЛДЫК ДЕП СҮЙҮНЧҮЛӨГӨН»
Ал эми Эдил Абдрахмановдун атасы Алымжан Абдрахманов уулу тууралуу буларга токтолду:
– Эдил түрмөдөн качкан соӊ 3 күн мага жолуга албай талаада ачка жүрүптүр. Акыры аны кошуна бала көрүп калып мага айтып, уулума жолуктум. «4 эмес, 1 да кишини өлтүргөн эмесмин. Жөн эле жалаа жаап жатышат. Баарына Кудай күбө. Ушинтип кыйналгыча мени милиция кызматкерлери өлтүрүп салсын деп оюнчук тапанча сатып алдым. Ата, мени өлтүрчү. Мени кармашса кыйнашат, тепкилешет» деп ыйлады. Экөөбүз талаада сүйлөшүп, ыйлап отурдук. Балам колго түшүп бер дегениме көнбөй качып кеткенинен айла жок милиция кызматкерлерин өзүм чакыргам. Уулум чындык үчүн күрөшүп, 7-апрелдеги революцияга активдүү катышкан. «Ата, Ак үйдү алдык» деп мага телефондон сүйүнчүлөгөн. Ошондо жанындагы балдар курал-жарак алышкан экен, Совет деген бала үйүнө автомат алып келип, Эдил мактанам деп аны менен видеого түшүп коюптур. Кийин Июнь окуясында өз ыктыяры менен Ошко барып, элге жардам берип келген. Артында 3 кичинекей баласы калды.
Бул чуулгандуу окуя Кыргызстанда терроризм коркунучу акырындап күчөп келе жатканын, укук коргоо органдарынын даярдыгы чабалдыгын көрсөтүп койду. Ошондой эле кылмышкерлердин качуусу кызыкчылыгы бар кимдир бирөөлөр тарабынан атайын уюштурулдубу деген суроо азырынча ачык турат. Жооптор окуя акыйкат тергелгенде гана табылат.

Маркум Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын кесиптештери, ИИМ жетекчиси да көзүнө жаш алып турушту.

Маркум Төлөбек Исмаиловдун артында 3 баласы калды.

Эдил Абдрахмановдун Саид Бурятскийге интернет аркылуу кайрылуу жасап жаткан учуру.

Достук кичи районундагы бул 3 кабаттуу үйдөн Алтынбек Итибаев жок кылынды.

Гүлжан Асанкожоева,
Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Иликтөө: №50-абактан кылмышкерлер атайын качырылганбы?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(49)
Медиа-портал
01.11.2015. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
буларды да теке сузгонго
SUPER.KG видео
01.11.2015. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Да да точна 2010
Медиа-портал
01.11.2015. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Фархад деген жаш кызматкердин башына мык сайып, бетин лезвия м.н тилип, тизеси сурулгучо кыйнашса аны ошо сотрудниктер гана кыйнады, качкындар кыйнаган жок, бул жери аябай тан калтыраарлык болуп атпайбы, качкындар кыйнагыдай ал жалгыз кайтарбайтда, башка содрудниктер ошончо кыйноодо унун укпай калышмак беле?!
Кызматкерлер оз ара бир араздашып, озулору эле олтуруп койгон, анан эшиктерли ачып качырып куноону ошолорго оодарган
Медиа-портал
02.11.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KYRGYZJERI,ооба, качкан кылмышкерлер аларды кыйнап эрмектеп убакыт кетиришмек беле?! Тезирээк качканга аракет кылышат да.
SUPER.KG видео
01.11.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен баарынан танкалганым Эмнеге президент озу ушул ишке баш оту менен кирип карабайтат 9киши качат деген тарыхка корчу окуя го,качкындардын куноосу жок экенине ишенип турам Бул саясаттагылардын оюну!
Медиа-портал
01.11.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушинтип элге аз да болсо так маалымат жеткирген Супер инфонун кабарчыларына ырахмат. Силерди Кудай сактасын.Менин жеке пикирим, Фархат деген жигиттин аялынын созуно караганда, бул коогаландуу ишти алдын-ала уюштурулуп жатканы маалым болгону ачык-айкын болуп турат. Ал жигиттин аялына жумушка кетер алдынан айткан создору буга ачык далил. Эгер бекуноо адамдардын олумуно шектуу адамдар "эл билбейт" десе жанылышат. Жогорку сот турат, кун сайын ар бир ишинди "амал китебине" жазып турган Жараткан бар.
Медиа-портал
01.11.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токтайым менен Эдилди жиберсе болмок экен, укуктарын айтып берип мыйзамды тушундуруп берип крмап келишсе болмок экен.
Медиа-портал
01.11.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакиевдин кишилери тазаланбаптыр да. Эмнеге качырышканы белгилуу болду. Бир адам артын тазалаш учун канча адамдын омуру кыйылды. Эми прокуратура таза иликтеш керек.
Медиа-портал
01.11.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Arti, Бул жерде Бакиевдин адамдарына тиешелуу эч нерсе жок. Азыркы бийликтин, саясатчылардын эле иши.
Медиа-портал
01.11.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде айтып атпайбы отуп кеткен сотрудниктин аялы башын мык менен сайып, кыйнашыптыр деп. Ошончо кыйнап денеси шишигенге чейин сабашса, качып кеткендердин кайсы убактысы бар дейм да.Ар бироону сабап байлаганга. Бул окуя чын эле 2010жылдыкын жабыш учун атайын жасалган. Бакиев качканда ким гос.бюджеттен акчаны алган, ошол кишилер эле кылышты го деп турам.2010 жылы ушак кетти эле го Текебаев дагы башкалар акчаларды уурдашканы, балким ошолордун колунан келип атат, ким билет.
Медиа-портал
01.11.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качып кеткендерди жон эле озунун жеке кызыкчылыгына колдонуп коюшту да. Ким болсо да ага Алла жазасын берсин. Отуп кеткендердин жаткан жери жайлуу болсун. Бутуна аткан бала аман болсун.
Медиа-портал
02.11.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул иштин артында ХХХ ХХХ турат ..
Модератор admin_media түзөттү 2015-11-02 09:29:39
Медиа-портал
02.11.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salman777,
1. Далили жок билдирүү жазууга!
2. Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат! 3 күн БАНга!
SUPER.KG видео
02.11.2015. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буну азыркы бийликтеги адамдар эле оздорунун кызыкчылыгын ойлоп жасашты деп ойлойм.7-апрель деле ушундай манызда болгон себеби?Бийликтеги адам озунун рейтинг которуш керек террорист менен курошобуз деп.
SUPER.KG видео
02.11.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде эч кандай Бакиевтерге тиешеси жок муну оздору эле жасап жатпайбы теккелер....
SUPER.KG видео
02.11.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфого рахмат элге маалымат жеткирген,журналистке. Айта берсен соз тугонгуз аябай баткака баткан кыргызстан болуп калыптыр, бир жакшына кыргызстанды олдурган депутат,президент баш болуп жок кылып атышат. Келечек ти ойлогондон коркосун. Баарын оздору уйуштуруп элди алдап жатышат. Аллахым жазасын берет .
SUPER.KG видео
02.11.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусуралиев менен биринчи олгондор жон олуп кетти калганы омур боюу эркинен ажыратылгандар экен аларга жалко эмес
02.11.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийликтин сасыган сассык оюну карапайым калкка тийип иритип жатат баары бир аллахтын адилеттуу таразы так болорун ошого жеткенде эмес ошо чейин билсего эхх замандаш...
02.11.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маркум кызматкердин 3 баласы калдыыы дееп жазылдыы а тиги Итибаевдин, Жумалиевдин ж,б,дын артында кучуктор калыптырбы? кичине тараза керек да
Медиа-портал
02.11.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАИ кызматкерлери эмдигиче билишпейт го колунда молоток беле же топор беле деп.
02.11.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ колу бар деп жатышат го. себеби ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-03 11:11:19
03.11.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein, кимдир бирөөнө жалаа жабууга тыюу салынган! Эскертүү!
02.11.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлойм шайлоого карата бироону олтургону турмодон качырган.
03.11.2015. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бакиевдин кусуру Уруп атат.жакшы иштеген президентом кууп чыгып.мына ошонун айынан Эми.азыркы бийликтегилер озунун артын тазалаш учун.олтуруп атат
Медиа-портал
03.11.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
seyar9092,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге кененирээк купуя кат менен жооп жазып койсоңуз, рахмат!
03.11.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлоп корсонор булар баары жон туз жургон адам эмес экен. бири ак уйду алдык деп суйунчулоптур, биринде ак уй тонолгондогу дисктер бар экен. бул балдар революционерлер экен да. мына сага, оюнчуктай колдонуп, турмого тыгып,оозун жабыш учун керек болсо иттей атып салышты. эмне болгон кундо да туз жашаса, тигинтип тескери уюмдарга мучо болуп, курал кармап мактанса, озун эр сезип, анча мынча законду козго илбесе, жаман адамдар менен достошсо аягында ушул нерсе баарибир болмок.
AlbertEnshtein түзөттү 2015-11-03 15:20:24
03.11.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин тиги укук коргоочуларга бир суроом: 50-абакканага дайым кирип журушкон депутаттардын атын атагылачы, биз да билели. Балдар , каарылар уйуно, ооруканаларга кабар алып барбаган, турмодо эмне иштери бар экен. ошолор да бирнерсе билеери анык.
SUPER.KG видео
04.11.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качып кайра кармалган адамдардын да тегиз олуп калганы чатак болуптур, тангору!
Медиа-портал
04.11.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эдилбек Байсалов Ишенбек деген байке Токтайым эн туура суйлоптур кошулам созуно!
04.11.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий ак жеринен куйгон болсо, жалаа менен олгон болсо Аллахым озу таразалаар. Олтургондор да Аллахтын алдына бараар!
06.11.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилер эле уюштурушкан
SUPER.KG видео
08.11.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фархаттын апасы ушунчалык катуубу? Козуно бир тамчы жаш жок го. Куйгондун ордуна уй сурайт да
SUPER.KG видео
08.11.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фархаттын апасы эмес эле, кайненеси го дейм
12.11.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени таң калтырганы бычак менен чыккан кылмышкерге ок атышкан, тирүү эле кармап алышса болот. Бир жагынан сүйүнүп кетем кармалбай жеринде коз жумгандарга жакшы болуптур, антпесе кандай азаптар менен өлтүрүшмөк.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: