БИР БҮРКҮМ
№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
7-ноябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда композитор жана аткаруучу Тургуналы Нурматовдун «Кубанычтар дайра болуп агылып» аттуу жеке концерти болот.
- 4-ноябрда «Ысык-Көл манасчылардын мекени» аттуу төкмө акындардын сынагында Асылбек Маратов баш байгеге, анын устаты Жеңишбек Жумакадыр 1-орунга ээ болушту.
- Ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын Россия-1 телеканалында «Главная сцена» сынагынын финалына жолдомо алды.
- 5-ноябрда ырчылар Асел Кадырбекова менен Баястандын аткаруусундагы «Сен» аттуу ырдын клибинин бет ачары болду.
- 4-ноябрда «Кыз-Бурак» тобунун мурунку мүчөсү Мирана Мамытова Азамат аттуу жигитке турмушка чыкты.
- Ырчы Автандил Тойота Харриер үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду. Унаасын ызгытып айдап жүргөн ырчы тулпары тууралуу: «Бул менин биринчи машинам. Унааң болсо жакшы экен, зуулдатып айдап барып жумушумду бүтүрүп жатам. Рулга алгачкы жолу 4-класста отурганым менен, темир тулпарлуу болуу ушул күнгө буюрган экен»,- дейт.

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0