Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Асел Кадырбекова: «НУРЛАНДЫН АСЕЛ ЭКӨӨБҮЗ СҮЙЛӨШПӨЙ КАЛДЫК ДЕГЕНИ ТАӉ КАЛТЫРДЫ»

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж


Бүгүнкү каарманым менен болгон маек эмоцияга бай болду. Бул жолу ырчы Асел Кадырбекованы такыр башка тараптан таанууга жол ачылды. Себеби ырчы биз менен жан адамга айтпаган сырлары, максаттары жана уйгу-туйгу сезимдери менен бөлүштү.

– Жакында Баястан менен «Сен» аттуу ырды аткарып, клибинин бет ачарын өткөрдүӊөр. Дуэт ырдап чыгуу кимдин идеясы?
– Репертуарымды башкача ыр менен толуктоону чечип «Экарекордс» студиясына ыр жаздырайын деп баргам. Продюсер Эрнест Уметалиев «кел, репертуарыӊа жаӊылык киргизели» деп сунуштап калды. Анан дуэт жаздырууну туура көрүп, ким менен жаздырса болот деп ойлонуп көрсөк, Баястан жакшы талапкер болчудай. Ал сунушубузду четке какпай, чогуу ырдап чыктык. Клиптин бет ачарына атактуу инсандар келишти. Жакшы пикирлер менен кошо сындар да айтылды. Алардын ичинен «вокалдан сабак алышыӊ керек» деген кеп-кеӊештерин бергендер болду. Буюрса, бул мүчүлүштүктү жоюуга аракет кылам.
– Чыгармачылыкка жаӊы эргүү менен киришкендей сезилип жатасыӊ...
– Мурда ушундай иштегенге шарт болбой келген. Шайлоодон кийин жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү (күлүп). Мурдагыга караганда тааныш-билиш, тажрыйба топтодум. Ошондон улам чыгармачылыкка билек түрө кириштим.
– Шайлоого карата жүргүзүлгөн үгүт иштеринде айрым партиялардын концерт уюштуруучулары ырчылардын гонорарынан үлүш талап кылышып,
кээ бир атактуулар алар менен чыр-чатакка чейин барышканын уктук. Бул тууралуу сенин оюӊду уксак...
– Жеке өзүм тууралуу айтсам, мен иштеген партияда ортомчулар болгон жок. Андыктан бул тууралуу кабарым жок экен.
– Кеп нугун жеке жашооӊо бурсак. Социалдык баракчаӊа башыӊдан бактысыз сүйүү өткөндөй билдирүү жазганыӊды окуп калдым...
– Мен бирөөнүн эмес, өзүмдүн каталарымдан сабак алат экенмин. Бактысыз сүйүүгө кабылдым деп айта албайм. Баарын жеӊсе болот. Мурда, балким, сүйүүгө берилгендирмин. Азыр баары жайында.
– Баары салыштыруудан билинет.Жакшы адамды кезиктирүү үчүн көп жигиттер менен мамиле куруу керек деген көз карашка кандай карайсыӊ?
– Менин чөйрөмдө жигиттер көп. Анткени ырчы кыздарды көп мырзалар курчап турат. Эркекке карата кандай ушактар айтылбасын аларга жараша берет, кыздарга болсо бул уят. Кыз деген кыздай болуп, намысын сактап жүрүшү керек. Андыктан бул ойду колдобойм.
– Нурлан Насип экөөӊөр кыз-жигит болуп сүйлөшүп, эки жолго түшкөнүӊөрдү айткан. Мамиле кандай себептерден улам үйлөнүү тойго жетпей
калды?
– Биз 4 жарым жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Коомчулукка мамилебиз тууралуу менин суранычым боюнча жарыялачу эмеспиз. Себеби кыз-жигиттин мамилеси туруксуз деп ойлойм. Ортодогу мамилени кызга сөйкө салгандан кийин же үйлөнүү тойго 1 ай калганда жарыяласа болот. Нурландын мамилебизге чекит коюлгандан кийин «Асел экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшпөй калдык» деп интервью бергени мени таӊ калтырды. Анткени экөөбүздүн сүйлөшпөй калганыбызга 1 ай эмес, 9 айдын жүзү болгон. Нурлан экөөбүз анын аты чыга электе, унаасы, үйү жок батирде жашап жүргөн кезде сүйлөшө баштаганбыз. Ал мага жолугушууга келгенде кичинекей «Сникерс» алып келер эле, арзан ашканалардан тамактанчубуз. Бара-бара адамдар өзгөрөт экен. Аны абдан сыйлайм. Экөөбүздүн бири-бирибизге кошкон салымыбыз зор. Нурланга мен муза болсом, ал мага шоу чөйрөгө жол көрсөтүп берди. «Нурланды ыр жаздырыш үчүн колдоносуӊ» деген сөздөр айтылчу. Эч кандай андай эмес. Бири-бирибизге чын дилибизден мамиле кылчубуз. Бирок экөөбүздүн дүйнөгө болгон көз карашыбыз эки башка экен. Келечекте бирге жүргөнүбүздү көрө алган жокпуз. Ошондуктан мамилебизге чекит коюп, дос бойдон калдык.
– Көп жыл чачыӊды кара түскө боёп келгенсиӊ. Психологияда чач жасалгасын өзгөрткөн айым өзгөрүүнү каалап жатканынан кабар берет деп айтылат. Сен дагы жашооӊду өзгөрткүӊ келдиби?
– 2 жылдан бери кара түстүү чачымдан тажап, өӊүн өзгөрткүм келип жүргөн. Бирок чечкиндүүлүк жетишпей жаткан. Деги эле бир чечим кабыл алуу мен үчүн оор. Бул деген чач эле, кайра боёсо болот деп көзүмдү жумуп өӊүн өзгөрттүм.
– Келбетиӊди бир калыпта алып жүрүү үчүн диета кармайсыӊбы?
– Буга чейин 45 килограмм болчумун. Менин 170 сантиметр боюма бул салмак туура келбейт. Азыр 52 килограмм болуп сүйүнүп жатам. Анан каяктагы диета (күлүп)? Мурда кийимдер мага кийим илгичке илип койгондой көрүнсө, азыр жарашыктуу болуп калды. Бирок семирип кетким келбейт.
– Азыр жеке жашооӊдо абал кандай?
– Азыр жеке жашоом тынч. Чыгармачылык менен катуу алектене баштадым.
– Бул убакка чейин жигиттер менен мамиле куруп көрдүӊ да. Эркектин мүнөзүн билгенден кийин сага кандай адам керектигин түшүндүӊ?
– «Сүткө оозу күйгөн адам айранды үйлөп ичет» дейт. Мурун келбетине карап, билимине маани берчү эмесмин. Жыл өткөн сайын адамды тереӊдеп изилдей баштайт экенсиӊ. Эӊ башкысы, жөнөкөй, байлыкты, бийликти, кыйынчылыкты көтөрө алган, жашоого олуттуу караган туруктуу адамга жолуксам дейм. Анан сөзсүз түрдө билимдүү, интеллекти бийик болушу керек. Аны менен түбөлүктүү жашагым келет. 70ке чыкканда да байбичем деп сыйлап турган адамга жолугуу башкы максатым.
– Учурда үй-бүлөдө аялдар, балдар зордук-зомбулукка кабылып жатканы коомдогу көйгөйлүү маселелердин бири болууда. Бул жат көрүнүштү
кантип чектесе болот деп ойлойсуӊ?
– Биз, аялзаты, бир сөздөн эле сынып калышыбыз мүмкүн. Эркектин аялзатына, балдарга кол көтөрүшү анын алсыз экенинен, акылынын аздыгынан кабар берет. Менин оюмча, бул көрүнүштү сөз менен түшүндүрүп жойсо болот. Ушундай кылыктарды кылган эркектерди түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт. Алар психологиялык жактан жабыркагандар болсо керек.
– Маегиӊе рахмат!

"Ырчылыкка жаӊы кадам таштап жаткан кез. 2011-жыл".

"Баястан менен дуэт ырдап, репертуарыма өзгөчөлүк киргизүүнү кааладым".

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg



"Мени менен сүйлөшүп жүргөндө Нурландын эч нерсеси жок болчу" дейт Асел Кадырбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(148)
Медиа-портал
13.11.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоого шашпай тийген жакшы!Шашканда не!Кудай буйруган куну деп журо бериш керек!Адам озун эркин сезиш керек,бул жашоодо!Болгону жакшы журуу,жакшы кыз-жакадагы кундуз!Коз мончок жерде калбайт!
SUPER.KG видео
13.11.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болгонун болгондой ачык маек бериптир.башка н ерселерин билбедим.бирок кызга тиешелуу назиктикти ушул ырчыдан байкадым.
Медиа-портал
13.11.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы маек болуптур ийгилик сага.
SUPER.KG видео
13.11.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озун супсулуу кызсын кудай буйурса баары озун ойлогондой болот,озун ойлогондой интеллигентный куйоого тийесин,сабырдын тубу сары алтын дейт,элдин коро албастарына конул бурбай кудай берген куч кубатка таянып иштейбер,чачына келсек сопсонун жарашыптыр,эми кара кылба.
Медиа-портал
13.11.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
нурлан жаны чыккан маалында суйуп атактуулугу аша башканда асель четте калыптыр да
SUPER.KG видео
13.11.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асель Нурландан биринчи чыкса керек эле ырдап.. Мирбек Иманбековдун карындашым клибинде Аселди көрүп. Ашык болчубуз.. Эми ал кезде мектепте окуган элек да..жаштык кезде баары боло берет..Аселдин сүрөттөрүн сактаганым эсимде.. Азыр күйөрманы катары баалайм..
SUPER.KG видео
13.11.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маек болуптур,эки ырчы баш кошкону жакшы эмес себеби уй тирилигин бироо караш керек деп ойлойм.Нурлан сага пара эместей,анткени сенин боюн узун,супсулуу кызсын сага андан жакшына бою узун озун ойлогондой бала табылат куда кааласа.
Медиа-портал
13.11.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да Аселге эмнегедир болочоктогу жолдошун Нурлан эмес башка жигитти элестетем.Нурлан да жылдыз оорусу менен ооруп калган окшойт?Аселге чыгармачылык ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
14.11.2015. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нурлан туура эмес кылган, суйлошуп жургон мезгилде жарыя кылбаган,суйлошпой калганда жарыя кылбай эле койуш керек болчу.Асельге ийгилик, озундун кыялындагы мырзага жолугасын!Ар дайым бир калыпта журобер, барга коппой жокко чокпой.Жаны ырларды кутобуз!
Медиа-портал
14.11.2015. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Нурлан насип катту капа кылып койгон окшойт. Же уруп койгонбу. Балдар жонундо суроо берилбеседа. Балдарды акылсыз алсыз дегени ашып кетиптир.
SUPER.KG видео
14.11.2015. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец Асель!!!Аябай озгоруптур суйлогону,интервьюда аябай орундуу суйлогон,эч кандай жасалмасы жок.Чыгармачыл ийгилик каалайм!
Медиа-портал
14.11.2015. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйла багы бышып калыптыргоооо.....мурунку интервюларына караганда азыркысы жакшы
SUPER.KG видео
14.11.2015. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коп озгоруптур'жжакшы жакка. Мурда жакбайт болчу. Азыркы маеги жакты. Оз ордун таап опыт арттырганго. Ийгилик. Бирок чынында эле Нурлан сага пара эмес.
SUPER.KG видео
14.11.2015. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик дайыма бул кызды баалайм биз мектепте окуп жургондо ошто бир телеканалда алып баруучу болуп иштечуу,анда биз эч нерсени билчу эмесбиз,ушул кыз менен тен болуп))) акылдуусун азаматсын!!! Нурланданда жакшы балага куйого чык,от души))))
Медиа-портал
14.11.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Может это пиар, башында суйлошкондорун жашырышып анан эми кайра журогубузду башкара албайт экенбиз деп кошулушаар. Нурландын айтып койгонуна тан калып атам деп, мен деле кем эмесмин баарын айтып салды
SUPER.KG видео
14.11.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акылдуу кыз негизи баалайм азамат,суйлогону орду менен,Нурлан жылдыз оорусу менен ооруп калган го дейм,ал кезде Асел алып баруучу болсо 5-6жыл болуп калыптыр да,коп жыл суйлошкон адамдан кол узуш кыйынго,Нурландын башка кыздары кобойуп Асел таарынган го
SUPER.KG видео
14.11.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жагып калды,мурда жакпайт болчу. Жасалмасы жок, орундуу суйлоп калыптыр. Молодец.
Медиа-портал
14.11.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынан да кара койногу жакты мага !
SUPER.KG видео
14.11.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурланга Асел пара эмес. Жасалма суйлойт. Сникерс которуп келчу, эч нерсеси жок болчу дейт озунун эле эмнеси бар болчу жакпаса ошол кезделе суйлошпой койсо болмок. Таштап кеткенден кийин анын жаман жагын айтпай.
Медиа-портал
14.11.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер, ушу экоонун башка интервью алгандан тажабайсынарбы. Мен уккум да келбей калды.
SUPER.KG видео
14.11.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлошкон убакта баары жакшы. Эми суйлошпой калгандан кийин, эмне кереги бар , ушинтип жаманатты кылгандын, эртен Нурлан келет, бир нерсе деп. Ошентип абийиринер ачылат. Эмнеси болсо да бактылуу болгула! Ар бир адам бактылуу болууга акылуу.
SUPER.KG видео
14.11.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Асель озу айткандай интеллегенттуу,билимдуу,кыргыздын элитасынан гана мырза туура келет го дейм.А Нурлан экоо такыр пара эмес!
Медиа-портал
14.11.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунун мактанарлык нерсеси болгонсуп нурланды жаман айтыптырда эштекеси жок болчу деп
Медиа-портал
14.11.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
cimba, создун кичине маанисин угуп тушунуп анан жазсанар!Ал кездеги Нурлан жонокой эч нерсеси деле жок жигит болчу,а азыркы Нурлан такыр башка деп жатат!Мен мындаймын ал андай деп аны кемсинткен жери жок!
Медиа-портал
16.11.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cimba,туурасын,чынын айтып жатпайбы?
Медиа-портал
16.11.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cimba,Адам ошентип которулот,Убагында эч нерсеси жок болсо азыр кудайга шугур
SUPER.KG видео
14.11.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асел интервью берип жатып козуно жаш алды деди еле жокко ал жери
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: