Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЛИШЕР САИПОВДУН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮ КИШИ ТАЖИКСТАНДАН КАРМАЛДЫ

№377 22-28-январь, 2010-ж.


Кыргыз-тажик күч органдарынын тыгыз иштешүүсүнүн натыйжасында «журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө тиешеси бар» деп шектелген Фарух Шарахматуллаев Тажикстанда кармалды.

ИИМдин маалыматына караганда, буга чейин кармалып камакка алынган Абдуфарит Расулов А.Саиповду атып өлтүргөн тапанча таанышы, Тажикстандын жараны Фарух Шарахматуллаевге таандык экендигин билдирген. Аталган жаранга издөө салган Тажикстандын ИИМи 14-январда Фарух Шарахматуллаевди кармаганы анык болгон. Учурда аны Кыргызстанга тергөөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


КМШнын ӨНҮГҮШҮ БОРБОР АЗИЯГА БАЙЛАНЫШТУУ

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев 20-январда Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шуваловду кабыл алды.

Өкмөт үйүндөгү жолугушуу учурунда Игорь Шувалов Орусия КМШга төрагалыгы учурунда уюмду бекемдөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кыларын белгиледи. Ошондой эле жолугушууда эки тараптуу жана КМШ алкагында кызматташууга байланыштуу маселелер талкууланды. “Борбор Азия Орусия үчүн өзгөчө аймак болуп саналат. КМШнын өнүгүүсү бул аймакка байланыштуу болот. Кыргызстан 2008-жылы КМШ төрагалыгын ийгиликтүү өткөрдү. Орусия дагы төрагалыгы учурунда шериктештиктин натыйжалуу иштешине өз салымын кошот”,­- деди Игорь Шувалов­.


ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫНЫН
ОГУНАН КЫРГЫЗ ЖООКЕРИ ЖАРАДАР БОЛДУ

Окуя 17-январда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Моомбеков айылында болгон. Кыргыз аймагына өтүп келген өзбек жоокерлери кыргыз чек арачыларына ок атышкан.

Натыйжада бутуна эки ок тийип жарадар болгон кыргыз жоокерин өзбектер өз аймагына алып кетишкен. Чек ара тилкесинде турган 20га жакын өзбек жарандары да кыргыз чек арачыларын таш менен урушкан. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуянын чоо-жайын териштирүү жана кыргыз чек арачысын кайтарып алуу боюнча атайын топ иштеп жатат. Ал эми өзбек чек ара кызматы жарадар болгон кыргыз жоокери Нурбек Орункуловдун Анжияндагы ооруканада жатканын, абалы дурус экендигин маалымдашты.
Эскерте кетсек, 2009-жылдын 7-июнунда да өзбек чек арачылары кыргыз жараны Улукбек Жорокановду атып салып, өз аймагына алып кирип кетишкен. Ал жакта каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү
3 күн дегенде араң Кыргызстанга кайтарылып берилген.


ЭКС-ТИЛЧИ ЭМИ ЭЛЧИ

Президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Ташбоо Жумагулов Кыргызстандын Түркиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Ташбоо Жумагулов буга чейин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны жетектеп келген. Өлкө башчысынын башкаруу системасын жаңылоо программасына ылайык, Мамлекеттик тил комиссиясы жоюлуп, анын милдеттери Маданият жана мамлекеттик тил боюнча агенттикке берилген эле.


ИСМАИЛ ИСАКОВ КОЛДООЧУЛАРЫНА
АБАКТАН КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

Адвокат Азимбек Бекназаров Исмаил Исаковго карата Бишкек аскердик гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жолдогон аппеляциялык арызын Республикалык аскердик сотуна 19-январда тапшырды.

Адвокат ошондой эле Исмаил Исаков менен жолугуп чыкканын билдирип, абактагы экс-генерал кыргыз элине, саясий үзөңгүлөштөрүнө жана өзүнүн пикирлештерине карата кайрылуу жасаганын кабарлады. Кайрылууда Исмаил Исаков өз талапкерлерине ыраазычылык билдирип, бирок ачкачылык кармап ден соолукка зыян келтирбестен, акцияны токтотуусун өтүнгөнү айтылат.
Эске салып өтсөк, мурдагы Коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И.Исаков “Коргоо министрлигине тиешелүү 2 бөлмөлүү батирди офицер уулуна берип койгон” деген айып менен 11-январда 8 жылга кесилип, генерал-лейтенанттык чининен ажыратылган.


“МИГРАНТТАРДЫН УКУГУН КОРГОО БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ

Орусиянын Челябинск шаарында “Мигранттардын укугун коргоо борбору” ачылды.

Аталган борбор Эмгек, калкты ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Кыргызстан аялдар конгресси, “Сорос” фонду тарабынан уюшулду. Борбордун кызматкерлери аталган шаарда жашамакчы. Алар Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоп, керектүү учурда аларга юридикалык жардам беришет. Учурда борборго жабдуулар жана акча каражаты бөлүнүп берилди.


КАЗАКТАР ЖЕРДИН ИЖАРА АКЫСЫ ҮЧҮН
ГЕКТАРЫНА 24 МИҢ СОМДОН ТӨЛӨМӨКЧҮ

Мындай чечимди 20-январда ЖКнын “Ак жол” фракциясы Ысык-Көлдөгү Казакстандын төрт пансионаты жайгашкан жер тилкесин казактарга ижарага берүү маселесин караган соң кабыл алды.

Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов жерди ижарага берүү боюнча кыргыз-казак өкмөтү ортосундагы келишим тууралуу депутаттарга маалымат берди. Башында эле белгилүү болгондой, казак тарапка жер 49 жылга берилет. Мурда коңшулар жер салыгын жана башка салыктарды төлөп келишсе, эми ижара акысын да төлөшөт. Казактар 1 гектар жерге жылына 24 миң сом төлөшөт. Ижарага баш-аягы 58,8 гектар жер берилмекчи.


ӨЗБЕКСТАН 4 ПАНСИОНАТТЫ МЕНЧИККЕ
БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУДАБЫ?

Өзбекстан 1992-жылы Ысык-Көлдөн 15 жылга ижарага берилген “Алтын Кум”, “Рохат”, “Дилорам” жана “Ташсельмаш” пансионаттарын менчикке алуу талабын коюп жаткандыгы тууралуу маалымат тарады.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Мамлекеттик мүлк агенттигин жетектеп турган Эсенгул Өмүралиевдин айтымында, Ысык-Көлдөгү 4 пансионат Өзбекстанга 15 жылга ижарага берилген. Алар: “Алтын Кум”, “Рохат”, “Дилорам” жана “Ташсельмаш” пансионаттары. Ижаранын мөөнөтү бүтүп, эс алуу жайлары кайрадан Кыргызстандын менчигине өтөрдө өзбек туугандар пансионаттарды менчигине жана алар турган жерди 49 жылга ижарага берүү талабын коюп жатышкан имиш. 2008-жылы казак элине 4 пансионатты бердик эле. Эми өзбектерге «хоп» дейбизби же «жок» дейбизби, бул иш Жогорку Кеңештин колунда.


УНИВЕРСИТЕТТЕРДЕ АСКЕРДИК КАФЕДРАЛАР ЖОЮЛДУ

19-январда “жогорку окуу жайлардагы аскердик факультеттер жана кафедралар жоюлду” деп билдирди Коргоо министринин биринчи орун басары Марат Кенжесариев.

Анын айтымында, аскер кафедраларынын жоюлушу бүтүрүүчүлөрдүн саны армиянын керектөөсүнөн бир кыйла көп экендиги менен байланыштуу. “Мындай иш президент Курманбек Бакиевдин Куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча концепциясына ылайык жүргүзүлүүдө. Эми студенттер ЖОЖдорду бүтүргөндөн кийин аскердик билет алыш үчүн 12 миң сом төлөп, аскердик бөлүктөрдө 1 ай окушмакчы. Ал эми офицер болуу үчүн 24 миң сом төлөп, эки ай окуусу керек”,- деп кошумчалады ал.


УКРАИНАДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН 2-ТУРУ 7-ФЕВРАЛДА ӨТӨТ

Украинада 17-январда болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында 18 талапкердин ичинен көп добуш топтогон Ю.Тимошенко жана В.Янукович экинчи турга чыгышты.

17-январда Украинада президенттик шайлоо болуп өттү. Расмий бийлик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болбогонун айтса, талапкерлер мындай пикирди колдошкон жок. Шайлоонун жыйынтыгында Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович жалпы добуштун 34,7 пайызын ээлеп, ал эми учурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко 27,2 пайыз добуш алып, экинчи турга чыгышты. Президенттик ат салышуунун экинчи туру февраль айынын жетисинде өтмөкчү.


ГАИТИДЕ 2 МИЛЛИОНДОЙ АДАМ НАБЫТ БОЛДУБУ?

Гаити мамлекетинде күчү 5-7 баллга жеткен жер титирөө болгондугу тууралуу маалымат дүйнө элин дүрбөлөңгө салды. Анткени зилзаланын курмандыктарынын саны 2 миллионго жетиши мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар бар.

13-январь күнү болгон жер титирөө Гаити мамлекетин болуп көрбөгөндөй кыйроого дуушар кылды. Кырсыктан Гаитинин борбору Порт-о-Пренс толугу менен кыйрап, 9 миллионго чукул калк жашаган бул мамлекетте канча адам жабыр тарткандыгын бүгүнкү күнгө чейин так аныктоо мүмкүн болбой жатат. Расмий маалыматтарга таянсак, каза болгондордун саны 200 миңден ашты. Бирок набыт болгон жарандардын саны 2 миллиондон ашып түшүшү мүмкүн. Табият кырсыгынан өлкөнүн ак сарайы да кыйроого учураган.

Айбек Кочкоров, Амантур Султанкулов
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
26.01.2010. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерди бербей эле койбойлубу, башканы берсек дагы!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
Жаман эле кабарлар го, чек арабызда солдаттар жарадар болуп атса...

Анан дагы, суйлошуулор журуп жатат, бул ишти карап жатабыз дегендерин коюшса!!!! Суйлошуу 2 саатта бутот да.
27.01.2010. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кабарлардын көпчүлүгү "Азаттыктын" кабарлары. Айбек менен Амантур бир аз уялып, жок дегенде өзгөртүп коюшса болмок бир аз. "Супер инфо", силер шоу-бизнесте эле, ырчы-чоорчулардын баскан турганын жазып жүрө бергиле. Саясатка тишиңер өтпөгөн соң, жалгандан жабышып эмне..? Өзүңөрдүн эле авторитетти жеп атасыңар
28.01.2010. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oova Gulbarchyn tuura ajtat, ushul maalymattardyn baaryn Azattyk.org saitynan okugam
29.01.2010. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шашпасын окмотубуз, эртен эле чыгыштан казактар, батышкан озбоктор кирип баарын кырып жерибизди ээлеп алат. а алкаш бети жок чек рачылардын командирлери качып кутулушат. ме саг а Кыргызстан озуну озу коргойалбай жерин сатып элин карызга баткызып, ушулбу Кыргыз намысы? сени аттыбы, сен эки жолу ат, энендурайындарды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: