
Өткөн сандарыбызда жер шарын кыдырып, саякаттап жүргөн
Руслан Токочев жөнүндө жазганбыз. Ошол учурда ал 13-мамлекетте саякатын улантып жатканын айткан болчу.
«Дүйнө жүзүн айланып чыгуу – балалыктан бери багып жүргөн кыялым» деген саякатчы 588 күндө 17 өлкөнү кыдырып, 91 637 чакырым аралыкты артка таштап Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда
«Бул саякатта мага эшигин ачып коноктогондорго, жолго калтырбаган айдоочуларга, ашпозчуларга, мени бошоткон полиция кызматкерлерине, үй-бүлөмө, жакындарыма, баарыӊыздарга рахмат! Жер тоголок, мен Бишкектемин» деп айтылат
.
star@super.kg
Жок, ал эмес. Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.