2010-жылдын апрель айында Беларуска качып кетип, Минск шаарында жашап жаткан экс-президент Курманбек Бакиев жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берди. Ал 1 саатка жакын созулган баарлашууда Апрель революциясын «кылдат даярдалган атайын операция, мамлекеттик куралдуу төӊкөрүш» деп атап, учурдагы кыргыз бийлиги менен эл аралык соттор аркылуу соттошууну ойлоп жатканын айтты.
Экс-президент өзүнө каршы канча кылмыш иши козголгонун билбейт имиш. «Кыргызстан мага канча кылмыш ишин козгогонун билбейм. Бирок анын баары жасалма иштер. Кыргызстанда адилеттүү сот болот деп ишенбейм. Эл аралык сотторго кайрылууну ойлонуп жатам»,- дейт ал. Апрель революциясы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилеп, буга ошол кездеги УКМКнын жетекчисин күнөөлөдү. Ошол маалда УКМКнын төрагасынын орун басары болуп, мекемени сахна артында толук башкарып калган уулу Марат Бакиев тууралуу үн каткан жок.
Экс-президент «Азыркы бийлик мен баштаган ири экономикалык долбоорлорду өзүнүн иши катары көрсөтүп жатат» деп да нааразы болду. Ошондой эле Курманбек Бакиев Беларусту экинчи мекеним деп атап «сиз, биз, баарыбыз жашап жаткан мекенибизде тынчтык болсун» деп тиледи. Анын айтымында, жашоосуна капачылыгы, нааразычылыгы жок, болгону эне тилинде сүйлөшүү жетишпей жатыптыр. Качып кеткенинен бери беш жарым жыл өткөн соӊ биринчи жолу маек берген ал кыргыз элинен кечирим сураган жок.
Качып кеткен дагы бир президент Аскар Акаев Москвада отуруп алып бул жактагыларды күнөөлөйт. Минскте отурган Курманбек Бакиев да болгон кыйынчылык, катачылыктардын баарына бул жактагыларды күнөөлөйт, күнөө-катачылыктарды өзүнөн издебейт. А Кыргызстанда катачылык, жамандыктарга Бакиев менен Акаев күнөөлүү деген тенденция күчүндө. Айтор, жоопкерчиликти эч ким моюнга алгысы жок.
Эльвира Караева
politika@super.kg
Жетим,жесирлердин ыйы,куйуту ушул оз элине ок аткан макулуктарды уктатпай калсын,уктатпай калсын.Омур откучо оз куноолорунун азабын тартып отушсун!
Убагы келет баарыбыз сурак беруучу кун, Бир гана Аллах билет )))
1. Буйрук берилбесе деле мамлекеттик коргоого алынган Ак уйго уруксатсыз бастырып кирген адамга тиешелуу чараларды коргонго жоокерлердин Устав боюнча укугу бар. Анын устуно каза болгон балдардын соогун судмедэкспертиз откоруунун жыйынтыгы менен жоокерлердин огунан каза болгону толугу менен далилденген жок.
Бул жерде эмне десек дагы эч нерсе чечилбейт.Аман эле болсун кыргыз элим
Акаевдин учурунда чет жака иштеп келген адамдар аз болчу 100% тин 10% ти эле тыш жакта болчу.
Бакиевдин учурунда жашообуз жакшы болсо элдер кетет беле чет жака иштеген адамдар кобойду %тин айтпай эле коёюн.
калганын айталбайм.
Бакиев эмне кылды?
Мадумаров президент болсо жакшы болмок.