БИР БҮРКҮМ
№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
-

23-ноябрь күнү ырчы
ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА уулу Камбардын үйлөнүү тоюн өткөрдү.
-
«Түрквизион» эл аралык музыкалык сынагынын Кыргызстандагы тандоо турунда ырчы ЖИЙДЕШ жеӊүүчү аталып, Түркиянын Стамбул шаарында өтүүчү сынакка жолдомо алды.
Ал эми «Бала Түрквизионго» 12 жаштагы Айдин Нурдинов катышат.
-
Ырчылар АЗАМАТ САРЫБАЕВ жана НУРАЙЫМ АЗЫКБАЕВА К.Артыковдун «Кыялдануу» аттуу ырын дуэт кылып ырдап чыгууга даярданышууда.
-
4-декабрда композитор, Кыргыз Эл артисти МУРАТБЕК БЕГАЛИЕВДИН 60 жылдык юбилейине карата жеке концерти
болуп өтөт.
-
ЭЛТР телеканалынын 10 жылдыгына карата 6-7-декабрда Султан Ибраев атындагы Ош улуттук драма театрында атайын программадагы шоу-концерт болуп өтөт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0