Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ЖОЛДОШУМ МЕНЕН КЫЗЫМ КАЗА ТААП, ӨЗҮМ МАЙЫП БОЛУП КАЛДЫМ»

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж


«Жол кырсыгынан каза тапкан күйөөм менен кызым түшүмө көп кирет, аларды сагынам, көргүм келет... Алардын сүрөттөрүн телмире тиктегенден башка аргам жок. Күйөөмдүн өлгөнүн билсем да, анын жоголгон телефон номерине чалып тыӊшай берем»,- деген Мээрим Самудинова аттуу каарманыбыз редакциябызга баш бакты. Анын тагдырын уккан соӊ окуяны иликтеп көрүүнү эп көрдүк.

«АЙДООЧУ БИЗДИ КАРАКТАП ЖАТКАНЫН КӨРГӨМ»
2015-жылдын 13-май күнү кечки саат 6 чамасында Адылжан Халмурзин аттуу Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу Бишкек-Торугарт жолунун 104-чакырымында катуу ылдамдыкта келе жатып унаасын башкара албай калган. Жыйынтыгында жолдун каршылаш тилкесине чыгып Ауди 100 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Окуя болгон жерден 6 киши каза таап, 4 киши жаракат алган.
Жогорудагы окуядан соӊ 2-топтогу майып болуп калган каарманыбыз Мээрим сотторго нааразы экендигин айтат:
– Жолдошум Медер Доконов менен 2012-жылы баш кошуп, 2013-жылы Элиза аттуу кыздуу болгонбуз. Ысык-Көл облусунун Чоӊ Сары-Ой айылында жашачубуз. Соода менен алектенчүбүз. Банктан 6 айга 80 миӊ сом насыя алып, анын 50 миӊ сомуна Токмоктон товар алып Чолпон-Атага сатканы баратканбыз. Жаныбызга жүргүнчүлөрдү салып алган элек. Аӊгыча бир машина келип биздин унааны туура капталынан сүздү. Ошол жерден эсимди жоготтум. Көзүмдү ачсам, бир киши бизге жардам беримиш болуп жолдошумдун чөнтөктөрүн аӊтарып жатканын көрдүм. Ал киши бизди сүзгөн унаанын айдоочусу экен.
Кийин жолдошумдун кымбат уюлдук телефону, менин күмүш сөйкө-шакектерим, сатканы алып бараткан товарларыбыз, мындан тышкары капчыгымда товар алгандан арткан 20 миӊ сом каракталганын билдик. Кайрадан өзүмдү жоготуп, Кемин райондук ооруканасынан дарыгерлер кашымды тигип жатышканда ойгондум. 1 күн ал жакта жатып, анан Бишкек шаарындагы №4-ооруканага которушуп, ал жакта 29 күн дарыландым. Буту-колум сынып, жаак, башымдан оор жаракат алган экем. Ооруканадан туугандарым «жолдошуӊ менен кызыӊ ооруканада дарыланып жатышат» деп коюшкан. Үйгө чыгып келгенден кийин гана алардын каза болушканын билдим.
Бизди сүзгөн айдоочунун туугандары басып келишпеген соӊ акыры тергөөчүгө: «Эмнеге кечирим сурап келишпейт? Кызым менен жолдошумду өлтүргөндөр, мени майып кылгандар кандай адамдар экенин көрүшүм керек» дедим. Эртеси 3 аял менен күнөөкөр айдоочунун келинчеги «куран окутабыз» дешип майда-чүйдөлөрүн көтөрүп келишти. Ал кезде баспай коляскада отурчумун. Айдоочунун аялы: «Кызыӊ менен күйөөӊдүн ажалы жеткен экен, күйөөм сүзбөсө башка жактан деле баары бир өлмөк. Сен болсо жаш экенсиӊ, башка бирөөнү таап тийип кетесиӊ. Алдагы коляскадан тургуӊ келсе, күйөөмдү каматпа. Ал иштеп, дарыланууӊа жардам берет. Каматчу болсоӊ бир тыйын да бербейбиз. Биздин 5 балабыз бар, ошолордун убалын ойло!» деди. «Күйөөм экөөбүз банктан насыя алган элек, аны төлөөчү убакыт келди, төлөшкүлө» десем, «Биз бул жакка тосмо арыз жаз деп суранып келген жерибиз жок, куран окутуп келдик. Төлөбөйбүз, билгениӊди кылып ал» дешип кыйкырып башташты. Чыдабай кетип аларды үйдөн кууп чыктым. Айтпаган сөздүн баарын айтышып «өзүӊдөн көр» деп чыгып кетишти. Ошол боюнча байланышкан жок.

«СОТ ЖАБЫРЛАНУУЧУЛАРДЫ КАТЫШТЫРБАЙ ӨКҮМ ЧЫГАРДЫ»
– Сот отуруму болбой, шылтоолор менен улам жылдырылып жатты. Акыры 22-сентябрда болду. Айдоочу Адылжан күнөөсүн моюнуна алды, бирок жактоочусу жок келип сот иши 3-ноябрга жылган. Ал күнү Кеминге барсам, сот 17-ноябрга жылып кетиптир. «Эмне болду?» десем, «Соттун катчысы окуусуна кетип келбей калды. Ошол үчүн жылды» дешкен. Коридорго чыксам катчысы окууга кетпестен ошол жерде жүрүптүр.
Судья Нурманбет Эшалиев мас болуп бир кишини колтуктап кетип баратыптыр. Ага жолугуп сүйлөшсөм «Мага доо арыз бер, материалдык, моралдык чыгымдарыӊдын бардыгын өндүрүп берем» деди. Мен ага чейин 10 күн дарыланайын деп ооруканага экинчи ирет жатып чыккам. Сот болот деп эч ким телефон чалган да жок, айткан да жок. 18-ноябрь күнү мага биздин машинада келатып жаракат алган Чолпон деген келин телефон чалып: «12-ноябрда сот отуруму болуптур. Бизди да чакырышкан эмес. Айдоочуну 8 жылга жатак абакка кесиптир» деди. 19-ноябрда соттун өкүмү менен таанышайын деп барсам, күйөөмдү жол эрежесин бузган дешип, айдоочуну «5 баласын бага турган жалгыз эркек» деп 8 жыл жатак абакка кесиптир.
Өкүмдө болсо соттун курамындагылардын арасына менин жактоочумдун да аты-жөнүн кошуп коюшуптур. Жактоочум болсо сотко катышмак түгүл сот болорун уккан да эмес. Жабырлануучу тарап соттун өкүмүнө нааразы болсо 10 күндүн ичинде кайра арыз менен кайрылыш керек экен. А биз билбей, 7 күнүбүз өтүп кетиптир. Эптеп жетишип арыз жазып алып барсам, Кемин райондук сотунун кызматкерлери «биз мындай жол кырсыктарын карабайбыз» деп арызымды араӊ зорго кабыл алышты. Ал эми судья Эшалиевге жолугайын десем, ал «өкүм чыккан, бар кет!» деп иш бөлмөсүнөн кууп чыкты.
Ушунча кан төгүлгөндөн кийин айдоочу оор жаза алыш керек эле. Бирок сот адилетсиздик кылды. Мындан тышкары тергөө иштеринде мүчүлүштүктөр кетти. Адылжанга карактоо беренеси менен да иш козголушу керек болчу. Азыр ооруканага бат-бат каттайм. Көрүүм начарлап, дайыма башым айланып, таяксыз баса албай калдым. Дарылануума, күйөөм менен кызымды жерге берүүдө бир топ чыгымдар кетти. Мага алдыда дагы операция жасалыш керек, ага да акча керек. Материалдык жана моралдык чыгымдарымды төлөп бергендин ордуна күнөөлүү айдоочу соттордун, милиция кызматкерлеринин оозун акча менен жаап, бизге «билгениӊерди кылып алгыла» деп коюшту.
Бул жол кырсыгынан Ауди унаасынын жүргүнчүсү 29 жаштагы Чолпон Алапаева жана анын 1жарым жашар уулу жаракат алган. Андан тышкары жабырлануучу ушул эле жол кырсыгынан апасынан жана 6 жаштагы уулунан ажыраган. Жолукканыбызда, ал уулуна 3 ирет операция жасалганын, күнөөлүү айдоочунун аялы 2 операцияга кеткен каражатты төлөп бергендигин айтты. Бирок анын өзүнүн дарылануусуна жардам берген эмес жана аны да 12-ноябрдагы сот отурумуна чакырышкан эмес.

«КҮЙӨӨМ АТАЙЫН КЫЛГАН ЖОК»
Андан соӊ жол кырсыгына себепкер Адылжан Халмурзиндин жубайы Зарина менен байланышканыбызда, ал буларды айтып берди:
– Кырсык болгон учурда жолдошум соо болчу, жабырлануучуларды атайын сүзгөн жок. Биздин унаадан да 1 жигит каза тапты, өзүбүздүн 19 жаштагы кызыбыз жаракат алды. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө колубуздан келишинче жардам кылдык. Ал эми жаракат алгандардын ооруканасына, дары-дармегине, операция жасоого акчалай жардам бердик. Жараткан шыпаа берип бүгүнкү күндө сиздерге кайрылган Мээрим жакшы болуп, басып калды. Жабырлануучулардын ичинен бир гана ал биз берген жардамдарга ыраазы болбой, күйөөмдү каматууга аракет кылып жатат. Учурда бизден материалдык чыгым үчүн 950 миӊ сом жана моралдык чыгым үчүн 10 миллион сом талап кылууда. Күйөөмдү 4-июнь күнү СИЗОго камашкан, дале камакта. Мен болсо 5 балам менен жалгыз калдым. Ал акчаны таап берүүгө күчүм жетпейт. Баарынан жаманы Мээрим күйөөмдү каракчылыкка айыптап жатканы адамгерчиликке жатпайт. Кишилер өлүп, жаракат алып жатышса, күйөөмдүн шашпай барып аларды карактап жатканына кантип эрки жетсин? Анын абалы деле жакшы эмес, камакта жатып микроинсультка кабылып, жүрөк оорукчан болуп калды.

«АЙДООЧУ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЖАЗА АЛДЫ»
Андан соӊ Кемин райондук сотунун төрагасы Нурманбет Эшалиевге жолугуп, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бул иш каралып, 12-ноябрда өкүм чыккан. Жабырлануучулар сот отурумуна чакырылып, суралышкан. Кийинки отурумга келсе да, келбесе да ошол суракта берген көрсөтмөлөрү протоколдо тийиштүү документтерге тиркелет. Жабырлануучулардын бардыгы чакырылган, бири келбей калса соттук отурумду токтотуп салууга жол берилбейт. Өкүмүмө нааразы болгон жабырлануучулар облустук сотко арыз жазышкан. Ошол себептен мен чыгарган өкүм күчүнө кире элек. 6 киши өлүп жатса айдоочу жазасыз калбайт. Мыйзам чегинде жазасын тартты, бирок кандай өкүм чыгарганымды күчүнө кирмейинче айтууга укугум жок. Учурда күнөөлүү айдоочу СИЗОдо камакта. Ал эми мен тууралуу Мээрим Самудинованын айткандары курулай жалаа. Өзүм судья болсом, анан иш учурунда кантип мас болуп отурмак элем?

Каарманыбыз Мээрим Самудинова жана анын жолдошу менен кызы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



“Бутуңа тургуң келсе, күйөөмдү түрмөдөн чыгар”

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
28.11.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин президентибиз конул кош киши корунот абакта канча адам олсо деле уну чыкпайт жогору жактагыларданда майнап чыкпаса кк кудайга салып коюнуз ошол ак таразалабагандарды кудай жазаласын сиз 2жакыныныздан айрылсаныз аны кудайым 4 жакынынан айрытсын
Медиа-портал
28.11.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ииий ыйлататго ушундай кырсыктар болбосунчу эч качан. ((((((((( ушунча адамды олтуруп алыптыр кудай жазасын берсин.
SUPER.KG видео
28.11.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тиги судья суйлоп жатканда аябай итиркейим келди негедир...
Медиа-портал
28.11.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
тобоо 6 кишинин омуру кыйылып жатса 8 жыл дейт го,бул деген бизде законду сыйлабагандык да.чыгарышы чыгарып анан ал законду колдонбосо депутаттардын эмне кереги бар закон чыгарганга.ошого жараша козомолго алышпайбы?орусияда тажик наристесинин олумуно ызы-чуу салып жатышат соттор,бизде болсо башка улут эмес озубуздун адамдарыбызды коргой албайбыз.баары коррупцияга малынып бутту.жаткан жерлери жайлуу болсун,ошол кеткен кишилер жон жатпаганын билишет эле болуш керек жазасын беришпесе.
SUPER.KG видео
29.11.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул кырсык. Кырсык каш кабактын ортосунда деген соз бекеринен айтылган эмесда. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун. Туугандарына куч кубат берсин. Куноолуу айдочу атайын сузгон жокда, туура тушунуу керек,мындай кырсык эртен эле биздин башыбызга тушуп калышы мумкун. Кудай сактасын кырсыктан.
SUPER.KG видео
30.11.2015. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа Кудай сактасын кырсыктан алыс бололу . Барыбыз тушунуу менен кабыл алалы мас болбогондон кийин. Ким билет балким астынкы донголок айрылып рульду тартып кеткен
30.11.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кимисине ишеништи да билбейсин тобоо. Мээрим эжеге обидно да, куйоосу, айдай кызы олсо анан озу майып болуп калса. чыдабай куйполоктоп атат да. Аллахым бейишин берсин наристе мн куйоосуно. ал эми Мээрим эже сабырдуу болунуз.
30.11.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Нурманбет Эшалиевдин суйлогон созуно караган да анында оозун майлап койгонго
30.11.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолук берсин.
Сабырдуулук каалайм. Жакынынды жоготуу эч кимдин багына келбесин.
30.11.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул видеону кантип коруго болот?билгендер болсо айтып койгулачы
30.11.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aigerim, саламатсызбы!
Макаланын төмөн жагында видеосу турат. Видеону басыңыз.
30.11.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сизого тушкон адам инсульт боло калат иш жабылганча Сизодо анан акча менен чыгатда 6 адамдын ажалына 8 жыл Эмес 80 жылда аздык кылатго
02.12.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurchik05,
Нурчик андай дебе да сен. Бул кырсык деит. Сага каалабайм кудай сактасын Бирок бул сенин башына тушсо кантесин? Бул Адам атайын сузгон эмес болуш керек
SUPER.KG видео
30.11.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки тарапка тен кыйын Брокеркредитсервис.эчкимдин башына тушпосун мындай окуя.беш баласы менен он миллион сомду каяктан таап берет ал.куноосун мойнуна алып турмодо олтурат экенго.Аллах бешенкге жазганы болот.аман калганына суйунуш керек.
SUPER.KG видео
30.11.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эки тарапка тен кыйын болуптур.
30.11.2015. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куноолуу айдоочу башка улуттан го дейм, фамилиясы башкача, анан орусча суйлогонго караганда.
30.11.2015. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуту уйгур экен
30.11.2015. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кимдин башына салбасын мындай кырсыкты. Тиги уйгур атайы сузбогон чыгар, ошентсе да 6адамдын олумуно себепкер болду да. Мээримди туура тушунуш керек куйуп атат да куйуп. Сабыр кылыныз эжекеси! "Боздотпостон энелерди, ботолор олбос болсочу" дегендей эч бир энени баладан ажыратпасын да.(((((((
01.12.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай озу жардам берсин
01.12.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым боодо кырсыктан сактасын, Алла сабыр берсин сиздерге!
02.12.2015. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимиси чын же калп айтып жатканын билбейсин.
02.12.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол кырсыкта кимиси куноолу экенин так жазылбаптыр
02.12.2015. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба Кудай озу сактасын.
Менин чынында милиция жана соттордо ичим чыкпайт. Ошондуктан Кудайым ушуларга кунумду тушурбосун. Ар ким оз жумушунда омур бою туркук болуп калбайт. Эгер чындап адилетсиз чечим чыгарса агада Кудайым озуно жараша кыйынчылык берет ошондуктан Кудайга койдум деп гана тим болуш керек
06.12.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унаа келип сузгондо эсин жоготуп анан,эмнеси жоголгонун баарын карап чыгып анан кайра эсин жоготконбу?тушунбодум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: