Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

2016-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж


Жан дүйнөдөн жаӊыланууну талап кылып, көп нерселерден үмүттөндүргөн жаӊы жыл босогодо турат. Маймыл жылы кимдин кандай тилектерин ишке ашырууга убада берет да, эмнеден сактанууну эскертет? Бул табышмактарга жандырмактар 2016-жылдын астротөлгөсүндө.

КОЙ (21.03-20.04)
КОЙ-ЧЫЧКАН
Бул жылы ойлобогон жактан жаӊы киреше булагын таап, пайдага маарыйсыз. Буга эски үй-бүлөлүк катнаш жана ички ачылбай жаткан мүмкүнчүлүгүӊүз себепкер болот. Апрелде романтикалык сезимдер, ал эми июлда чыгармачылык үстөмдүк кылат. Жайдын акырында жаӊы ишке которуласыз. Августта айлык акы кыскарат же чыгашаӊыз өсөт. Үйдө балдарды тарбиялоого салым кошуп, майда нерселер үчүн уруш чыгарбасаӊыз эле жеке жашооӊуз таттуу болот.

КОЙ-УЙ
Көзгө көрүнүктүү чоӊ нерсе алууну максат кылып тырышып акча чогултпасаӊыз, тапканыӊыздын мааниси болбойт. Пайда үчүн жакындарыӊызды «аттап» кетүүгө жетпеӊиз. Жашооӊузга жаӊы өзгөрүүлөр кирип, жаман адаттардан кутулууга тырышасыз. Кошумча курста окуп, жаӊы адистик алып, иш жаӊыртууӊуз да ыктымал. Сиз үчүн бактылуулуктун формуласы – сүйүктүүӊүздөн, үйдөгүлөрдөн көп нерсени талап кылбоо болмокчу.

КОЙ-ЖОЛБОРС
Карьерада секирик жасайсыз. Бул үчүн жашаган жериӊизди алмаштырууӊуз ыктымал. Бирок сиздин айыӊыздан бирөөлөр азап тартып калбашын эске алыӊыз. Жыл башында кырсык тооруп, андан ички туюмуӊуз жана достордун көмөгү менен чыгасыз. Жыл ортосунда чөнтөк абдан жукарып, көп нерселерден баш тартууга туура келет. Абал күзгө таяп абдан оӊолот. Жеке жашооӊуз жазында калыпка түшүп, балалуу болууну пландооӊуз мүмкүн.

КОЙ-КОЁН
Бул жыл ишкерлик жана каржылык жаатта ийгиликти убада кылат. Бирок бир шарт менен: бир орунда отурбоо, күчтү үнөмдөө жана чогуу иштешкендер менен жакшы мамилени сактоо. Бойдоктор сейилдеби, поезд менен жол жүрүүдөбү, айтор, керектүү адамды же жүрөгүнүн ээсин таба алышат. Үй-бүлөлүүлөр көӊүл ачууга караганда үй-бүлө артык экенин сезишет. Жайында чогуу эс алууну пландоолору мүмкүн. Жашоо шартты оӊдоо үчүн үйүӊүзгө кошумча бөлмө курасыз, же жылуулук системин алмаштырасыз.

КОЙ-БАЛЫК
Түрдүү кырдаалдан чыгууда эмоцияны эмес, дипломаттык мамилени колдонсоӊуз гана баары сиздин пайдага чечилет. Далыга канжар урулбашы үчүн досторду абайлап тандоо зарыл. Каржы жаатында аздан өсүү болуп турат, бирок керексиз нерселерге жумшай берсеӊиз, акча чогулбайт. Үй-бүлөлүүлөр жашыруун кыска роман түзө коюп, артында уяты уктатпай жүрүүлөрү ыктымал. Таянар тоо болуп бере турган ишенимдүү адамдарга тагдыр күздө туш кылат.

КОЙ-ЖЫЛАН
Иште жана каржы жаатында туруктуу, тынч жыл болот. Канчалык иштесеӊиз, ошончолук тиштейсиз. Жакшылап мээнеттенсеӊиз, чакан кыймылсыз мүлк алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Эске түйүп коюӊуз, акча табуу максатында карасанатайлык кылып бирөөлөрдү алдабоо керек. Арты соттук териштирүүгө чейин жетиши ыктымал. Жубайлар менен сүйлөшкөн кыз-жигиттердин ортосунда майда түшүнбөстүк болгону менен, чоӊ от тутанбайт. Дайынсыз кеткен тууганыӊыз же досуӊуздун табылары күтүлүүдө.

КОЙ-ЖЫЛКЫ
Маймыл жыл сизди тынч отургузуп чай ичирбейт. Көп күч жумшалуучу милдеттер жыл башында эле башыӊызга үйүлөт. Чыдамкайлыкты көрсөтүп, иштин көзүн таап, кирешени күрөп алуу өзүӊүздөн көз каранды. Чоӊ максаттарга басым жасап, майдаланбоо кажет. Жыл ортосунда чет элге чыгуу же көл жээгинде эс алуу тилегиӊиз ишке ашат. Жакындарыӊыз үй-бүлө очогунун жылуулугун сактоого көмөктөшөт.

КОЙ-КОЙ
Ички туюмуӊузду угуӊуз, ал сизге туура чечим кабыл алууга көмөктөшөт. Андан тышкары кимге эмне деп сүйлөп, кантип жагышты өздөштүрсөӊүз, ишиӊиз алдыга жылат. Кээ бирлердин жашоосунда бурулуш күтүлүп, башка шаарга (чет өлкөгө) иштөөгө кетет же жүрөгүн тартуулаган адам менен түбөлүк кол кармашат. Күз өзү менен кошо жакшы киреше ала келет. Аны пайдалуу ишке салыӊыз.

КОЙ-МАЙМЫЛ
Сиз жылдыздардын сүймөнчүгүсүз. Бирок бул жылы сиздин душмандарыӊыз да табылат. Алар – жеӊил ойлуулук жана шалаакылык. Аталгандар сизди ойлонулбаган иштерге түртүп, жыйынтыгы бузулган келишим, пайдадан куру калууга жеткириши мүмкүн. Андыктан «жети өлчөп бир кес» дегенди туу тутуӊуз. Жыл ичи сүйүүдөн, жылуу мамиледен жолдуу болосуз. Карьераӊыз жайдан тарта өргө жылат.

КОЙ-ТООК
Маймыл жыл жаӊы иш баштагандарды, бизнесмендерди колдойт. Тобокелчилик өзүн актап, уучуӊузду акчага толтурат. Болгону кетирген каталарды оӊдоп, кайталабай жүрүп отуруу зарыл. Жеке жашооӊузга кийлигишип, сизди теӊ салмактан чыгаргандардан кол үзүӊүз. Ошондо үй-бүлөӊүзгө бейпилдик орноп, камыр-жумур жашайсыз. Күздүн башы чоӊ максатыӊызга жеткизет.

КОЙ-ИТ
Чыгармачылыкты жана өзүӊүздү ар жактан өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү жыл. Ишиӊизди көп акча алып келүүчү башка ишке алмаштырасыз же кызматтан көтөрүлөсүз. Жай ортолоп түгөйлөрдүн мамилеси чырт үзүлүп кетчү абалга жетет. Мындан «баары мен айткандай болот» дегенден кайтуу, сөз көтөрүмдүүлүк сактап каларын эске алыӊыз.

КОЙ-ДОӉУЗ
Нике шакегин тагынуу, балалуу болуу, тайгак кечүүдө кол сунчу досторго ээ болуу... Мунун баарын сизге маймыл жылы даярдоодо. Капчыктын да чоӊун камдай берсеӊиз болот. Эскертүүчү жагдай: башкалардын сиздин баёо мүнөзүӊүздөн пайдаланып кетүүсүнө жол бербеӊиз. Турак жайды ыӊгайлуу кылып оӊдоп алуу тилегиӊиз да ишке ашат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
БУКАЧАР-ЧЫЧКАН
Алгач үй-бүлө тылын чыӊдап, анан болгон күчтү жумушка, жаӊы ыкмаларды өздөштүрүүгө, идеяларды өнүктүрүүгө арноо керектелет. Чөнтөгүӊүз да калыӊдайт. Июлда кызыкчылыкты коргойм деп чоӊ ката кетирип жибербөөгө тырышыӊыз. Сизди кемчиликтериӊиз менен кошо сүйгөн адамга ишеним артып, колдобосоӊуз, мамилелер жаздын аягында туюкка камалат. Стресстерден толуп кетүү, карызга акча берип ала албай калуу коркунучу бар.

БУКАЧАР-УЙ
Көбөйүү жана киреше кирчү жыл. Алып айтсак, мал, айлык акы, достор көбөйөт, бизнес өркүндөйт, үй-бүлөгө толуктоолор кирет. Бала төрөлбөсө да, туугандардын баласын убактылуу асырооӊуз мүмкүн. Сизди акчаӊыз үчүн пайдаланып, убактылуу роман түзгүсү келгендер чыгат. Ойлонуп иш кылыӊыз. Ооруганда маани бербей жүрүп өтүштүрүп жиберсеӊиз, операция столуна жатып каласыз.

БУКАЧАР-ЖОЛБОРС
Тобокелчиликке салып, жакшылыкка үмүттөнүүгө көнгөн сизди маймыл жылы ойлонулбаган иштерге барууга тыюу салат. Болбосо каржылык жактан жоготууга учурайсыз. Жылдын ортосунда жаӊы сүйүүгө кабылууӊуз мүмкүн. Жеке жашоодогу маселелер ишиӊизге тоскоол болбошу үчүн терс эмоцияны үйгө ташып келбеӊиз. Кызматтан көтөрүлүүгө тааныштар салым кошот.

БУКАЧАР-КОЁН
Жыл башында иш менен жеке жашоону бир алып кетүү кыйынга турат. Иште жетекчилик, үйдө жубайыӊыз... Андыктан от менен суунун ортосунда ыӊгайын таап, ар күндү так пландап жашоого көнөсүз. Жыл ортосунда тапкан маӊдай териӊиздин акчасына эсте каларлык эс алууга жетишесиз. Үйдөгүлөргө бапыратып акча алып келүү убагы – жаз жана күз. Автоунаа, там сатып алууну августка белгилеӊиз.

БУКАЧАР-БАЛЫК
Башкы катачылыкты – иште жана жеке мамиледе жеке кызыкчылыкты башкалардан бийик коюуну кетирбөө кажет. Болбосо сизди стресстер, урушуп-табышуулар күтөт. Жашоодогу ордуӊузду, максатыӊызды анализдеп кайра карап чыксаӊыз ашыкча болбойт. Көзүӊүз жетпеген ишке акча салбаӊыз. Июнь-июль айларында жан дүйнөӊүздө гармония орноп, махабат көлүн кечесиз. Жыл этеги сюрпризи жок тынч өтөт.

БУКАЧАР-ЖЫЛАН
Тереӊде катылып жаткан ички мүмкүнчүлүктөрүӊүз ачылып, каржылык ийгиликке жетишесиз. Бирок «баарын мен жасадым» деп төш каккылай берсеӊиз, жалгыз каларыӊыз бышык. Чөйрөӊүздөн сизди сыйлап-барктаган адамдар менен катташа баштайсыз. Балдарыӊыздын жашоосуна аралашып, жубайыӊызга мээрим төгүү менен чын бакытты сезүү өз колуӊузда.

БУКАЧАР-ЖЫЛКЫ
Жыл башында жүрөгүӊүздөгү өйүгөн маселеден кутуласыз. Мисалы, карыздарды берип же келечеги жок мамилеге чекит коюп... Кашкөйлүк кылсаӊыз, чет элге чыгып иштеп келүү тилегиӊиз ишке ашат. Таарынышкан туугандарга кол сунуӊуз, алардын пайдасын көрөсүз. Сүйүктүүсүнүн колун сураганга даабай жүргөндөр өзүнөн мурун башкалар илип кетерин унутушпасын.

БУКАЧАР-КОЙ
Жыл башында «Өзүӊдү сүй!» девизин туу тутуп каласыз. Көбүрөөк эс алып, жакын адамдар менен убакыт өткөзүп дегендей. Бул кийин ишке чоӊ кайрат менен киришүүгө түрткү берет. Курч акылыӊыз жаӊы идея, долбоор үчүн демөөрчүлөрдү таап, кирешенин көбөйүшүнө жеткизет. Жан биргеӊиздин терс жоругу ажырашууга дейре ойлонтушу мүмкүн.

БУКАЧАР-МАЙМЫЛ
Сиз өзүӊүздү жаӊы нерселерден сынап көрүүнү сүйгөн жансыз, маймыл жылы сиздин мунуӊузду колдойт. Орун которуулардан, тааныш эмес ишти колго алуудан коркпоӊуз. Жыйынтыгы шампан ачып майрамдоого жеткирет. Ири суммадагы акча үзүлбөсүн үчүн бүгүнкү күндү эртеӊкиге калтырбоо керек. Үй-бүлөлүк жашоодо кээде «от алып» тетирленип кеткениӊиз болбосо, баары сыдыргыга салгандай эле өтөт.

БУКАЧАР-ТООК
Өткөн жылы иште ыӊгайлуу орун ээлөөгө жеткенсиз. Эми аны башкалар алтын берем десе да алмаштырбооӊуз кажет. Аброй, атак топтоого болгон аракетиӊиз коомдук иштерге да аралашууга жеткирет. Жыл бою ишенүүгө боло турган адамдарга жакын жүрүӊүз. Бул ашыкча чыгым болуудан, нерв коротуудан сактайт.

БУКАЧАР-ИТ
Бул жыл сизге бир топ сюрприз даярдоодо. Жалгыз бойлор үйүнө түбөлүктүү кожейке киргизишет. Кызматкерлердин барктуу креслого жетүүгө чамасы бар. Болгону мыкты идея, долбоорду башкаларга тарттырып жибербөөлөрү кажет. Калгандарды күтүүсүз жерден акчалуу болуу, баштаган курулушту бүтүү сыяктуу көрүнүштөр күтөт.

БУКАЧАР-ДОӉУЗ
Чыныгы бекем үй-бүлөлүк чеп курууга жетишсеӊиз гана карьера жана каржылык жаатта чоӊ жетишкендиктерди багынтасыз. Жаздын аягында болбогон шылтоолордун арты менен үй-бүлөдө казан-аякты кагыштыруунун алдын алуу зарыл. Акыл эмгегин кара күч эмгеги менен кезектештирип алып жүрүү ден соолуктун бир калыпта болуусуна жеткирерин унутпаӊыз. Элдин көмөгүнөн баш тартпаӊыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
ЭГИЗДЕР-ЧЫЧКАН
Жаздын этегинде окуялардын айлампасында калып, күч да, каржы да көбүрөөк жумшайсыз. Жыйынтыгында иш чөйрөӊүздү алмаштырууӊуз ыктымал. Жеке жашоодо жан биргеӊиздин чечкиндүү аракетин күтпөй, рулду өзүӊүз колго алыӊыз. Үйдөгүлөрдүн сизге болгон ишеничин кетирбөө үчүн эч нерсени, өзгөчө олуттуу пландарды жашырбоо зарыл. Күз – малды көбөйтүүгө, кыймылсыз мүлк сатып алууга шарт түзөт.

ЭГИЗДЕР-УЙ
Жашооӊуздун жагымдуу тилкеси башталат. Максатыӊыз канчалык айкын болсо, ага жетүүгө ошончолук мүмкүнчүлүк болот. Бирөөлөрдүн таттуу тилине кирип, бөөдө курмандык болуп калууга жана бирге иштешкендердин сизди колдонуп кетүүсүнө жол койбоӊуз. Жылдын башы майда жакшы жаӊылыктары, жылдын ортосу үйдө ымыркайдын төрөлүшүн жана чөнтөгүӊүздүн кампайышын камсыздайт. Күздө туугандардын башын кошуп, той бересиз.

ЭГИЗДЕР-ЖОЛБОРС
Бардык тараптан гүлдөөгө жана туруктуулукка өжөрлүк, интригаларга аралашпоо жеткирерин жадыӊызга түйүӊүз. Жыл өзүӊүзгө гана ишенүүгө чакырат. Уккан сунуш, жаӊылыктарды чыпкадан өткөрүп туруп, колдобосоӊуз, «күйүп» каласыз. Балдар кыялын көргөзүп, көп чырдашат. Аларды алаксытуу, билимин өстүрүү үчүн ийримдерге бериӊиз. «Эки тоонун чөбүн эӊсеген кийик ачка калат» болбой жан биргеӊиздин көӊүлүн калтырбаӊыз, болбосо эки ажырым жолго түшүп каласыз.

ЭГИЗДЕР-КОЁН
Жыл сизди энергия, креативдүү идеялар менен камсыздайт. Чуркап, жаӊы ыкмалар менен иштесеӊиз моралдык жана материалдык канааттануу аласыз. Спортто, коммерциялык тендерде утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүӊүз бар. Жылдын ортосунда туулган жериӊизге көбүрөөк каттоо менен өмүрдүн маӊызын түшүнүп, жашоо образын өзгөртөсүз. «Сүйүктүү болгуӊ келсе, башканын сезимин баалай бил» дегенди бир кырдаалдан улам жакшы түшүнөсүз.

ЭГИЗДЕР-БАЛЫК
Жыл ар нерсени таразалап, туура жана бат чечим чыгаруу жаатында сынактан өткөрөт. Андыктан 3 нерсеге: ички үндүн шыбырына, күйүмдүү адамдардын кеӊешине, тажрыйбаӊызга таяныӊыз. Жылдын биринчи жарымында адамдык баалуулуктар жашооӊуздун маӊызын ээлейт. Туугандардын колдоосунун арты менен киреше кирет. Жылдын экинчи жарымы тилек кылган жерлерге барууга, кыдырууга жол ачат.

ЭГИЗДЕР-ЖЫЛАН
Жашоо тактикасын өзгөртүп, ийгиликтерге карап түздөнүӊүз. Жыл башында кырдаал «колумдан келбейт» деген ишке киришүүгө аргасыз кылат. Жан дүйнө эркиндигин, романтиканы март айы тартуулайт. Жайында теӊ салмактан чыгарчу окуяга кез келесиз. Жүрөгүӊүзгө жакын адамды көзөмөлдөп, кызгана берсеӊиз күздү жалгыз тосуп каласыз. Октябрь – жакшылыктарды белгилөөчү, чет элге оӊой чыгуучу ай.

ЭГИЗДЕР-ЖЫЛКЫ
Жеке жашооӊуздагы маселелерди камырдан кыл сууругандай чечкениӊиз менен, каржы жааты бирде өйдө, бирде төмөн болот. Демек, үнөмдөп, зарыл дегендерди гана албасаӊыз бирди эки кыла албай кыйналасыз. Жаздын аягында алыскы туугандардын ооруп же кырсыктап калуусу иштен алаксытат. Жайында тааныштар бир иштерден чоӊ олжо арттырууга салым кошот. Кышка жакын келечектүү ишке өтүүӊүз ыктымал. Кошумча адистикке ээ болуу келечекке кам көрүү экенин жадыӊызга түйүп, мүмкүн бул жаатта аракет кыласыз.

ЭГИЗДЕР-КОЙ
Чубактын кунундай чубалып энергияӊызды соруп келе жаткан ишке, чууга чекит коюп, жан дүйнөӊүз тынч алат. Үйдөгүлөр менен чогуу үй-бүлөлүк бюджеттин туруктуу болушун камсыз кылууга жетишесиз. Сүйүү өтүп кетти дегениӊиз менен, сезимдер жанданып, алмашкыс сүйүктүүгө айлана аласыз. Үнөмчүл жана өзүмчүл болом деп эски достон кол жууп калбаӊыз. Иште жаӊычылдык жаралат жана сизге бут тоскон адам иштен кетип, эркин дем алып каласыз.

ЭГИЗДЕР-МАЙМЫЛ
Бир орунда турбай улам өсүү, квалификацияны жогорулатууга умтулуу гана ойдогудай ишке илинүүгө жеткирет. Аракетиӊиз текке кетпей жыл уучуӊузга толо акча карматат. Жыл ичиндеги жаӊы таасирлер, жаӊы хоббинин арты менен көп нерселерди өздөштүрүүгө жетесиз. Алардын керектүүлөрүн балдарга да үйрөтөсүз. Үйдө майда нерсеге тырчып, жубайыӊызга көрсөтмө бере берип тажатсаӊыз, эрегишүүнү жаратып, сыйдан кеттим дей бериӊиз.

ЭГИЗДЕР-ТООК
Таяктын бир учун басып алсаӊ, экинчи учу башыӊа тиет дегенди эске алып, бирөөлөргө кастык, жамандык кылбай жашоо сунушталат. Кыйындыкта кол сунган адамдардын жакшылыгын кайтарыӊыз. Жыл ичинде ишкер тааныштар чогуу иштешүүгө кол сунуп, каржы жаатыӊыз көӊүл тындырарлык болот. Үй ичин кайра пландап кооздоо, сүйүүдөн бактылуу болуу сыяктуу тилектериӊиздин орундалышына кам санабасаӊыз болот.

ЭГИЗДЕР-ИТ
Чоӊ максатка жетүү үчүн чалынып, мүдүрүлгөнүӊүзгө карабай алдыга көшөрлөнө умтулуӊуз. Ошондо жемишин татасыз. Ал эми жеке жашооӊузга чоӊ роль ойной турган адам чөйрөӊүздөн табылып, таӊ калтырат. Февралда үйгө керектүү буюмдарды алууга бир топ акча коройт. Сизге анча тиешеси жок иштерге мурдуӊузду тыгып, мартта соттук териштирүүгө жетүүӊүз ыктымал. Июлда кошумча акча булагы табылат. Сентябрь – командировка, башкалардын тажрыйбасын үйрөнүү айы. Кан тамыр жана тери ооруларынан өзгөчө жайында сактануу кажет.

ЭГИЗДЕР-ДОӉУЗ
Бой көтөрүп, менменсинүү, башкалардан өзүн артык көрүү... Мындай терс адаттарды жеӊип, чөйрөдөгүлөр менен ынтымакташа иштесеӊиз гана ийгиликтердин эшиги кеӊири ачылат. Февралда банктан насыя акча алуу, алыстагы жакындарыӊызды тосуп, коноктоо түйшүгү бар. Июнда маанилүү жолугушууларга барып, анын жыйынтыгында чөйрөӊүз чет элдиктер менен кеӊейиши ыктымал. Октябрда үй же машина алуу мүмкүндүгү чыкмакчы. «Эмне кылсам?» деп ойлонбой, колдонуп калыӊыз. Кыз узатуу, келин алуу сыяктуу жакшылыктар сизди ушул айларда күтөт. Ноябрь-декабрда фортуна сизге жылмайып, кирешени көп сузуп, сүйүүнүн жаӊы толкунунда сүзөсүз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
БӨЙӨН-ЧЫЧКАН
Жыл башында байкабай бир себептерден улам чыр, интригалардын каарманы болуп чыга келесиз. Атайын жасабаганыӊызды айтып, кечирим суроо менен кастардын санын өстүрбөй коё аласыз. Көбүрөөк акча кайдан келерин так аныктап, ошого жараша иш кылып кыйналбай жашап, карьера да жасап аласыз. Нервдик чыӊалуулардын арты менен үй-бүлөлүк мамилени жарга такап, кайра калыпка келтирүүгө күч жумшооӊуз ыктымал.

БӨЙӨН-УЙ
Чыныгы жашоонун даамын татасыз. Бирок алгач мурунку жылдан калган маселелерди чечүү керектелет. Кээ бир иштерди нөлдөн баштап, жогорку деӊгээлге көтөрүү менен бакубат жашоону камсыздайсыз. Эскертүүчү нерсе, буга бирөөлөрдү алдоо менен жетпөө кажет. Ата-энелерге көбүрөөк кам көрүп, батасын алуу жагы ойлонтот. Чыгармачылык менен алектенгендердин сынактарда утуу мүмкүнчүлүгү бар.

БӨЙӨН-ЖОЛБОРС
Тапканыӊыз ойлонбой жашоого жетет. Бирок каржы жаатында иштерди ишенимдүү адамга тапшырбасаӊыз, кашыктап чогулткан байлыгыӊыздан кол жууп каласыз. Түркүн окуяларга кабылууну самоо каныӊызда болгон күндө да тобокелдикке барбоо кажет. Жашооӊузга из калтырар арзууга августта жолугууӊуз ыктымал. Мурунку иштеген достор менен кол үзбөй туруӊуз, карьера жасоодо пайдасы тиет.

БӨЙӨН-КОЁН
Маймыл жылы сизге «Жыл жеӊил болбойт. Бирок көӊүлдүү болот!» деп убада кылат. Сиздин кырдаалга жараша бат ыӊгайлашып, тез чечим кабыл алууӊуз, өзгөрүүлөрдөн коркпогонуӊуз ар тараптан бийиктиктерди багынтууга жеткирет. Февралда кыйынчылыктан улам жөлөк-таяк болчу адам издейсиз. Мартта жетекчилик күтүүсүздөн жаӊы долбоорго киришүүгө же чет элге командировкага чыгып келүүгө ишеним артат. Жыл аягын сүйүнүчтүү кабар менен аяктайсыз.

БӨЙӨН-БАЛЫК
Айлык акыӊыз өсөт. Айрымдар эриктирген креслосун кызыктуу ишке айырбаштап, кыялын орундатат. Кээ бирлер турак жайын башка жакшысына алмаштырышып, көчүүлөрү мүмкүн. Жаӊы буюмдар үйүӊүздөн орун алышы үчүн эскилерден кол жууӊуз. Боорукер жана кайрымдуулугуӊуз 10 эселеп кайтып, чөйрөӊүздө аброюӊуз жогорулайт. Жайдын ортосу менен кеч күздө үйүӊүздө тойлор орун алмакчы.

БӨЙӨН-ЖЫЛАН
Жыл башында билим, тажрыйбаӊыз жана акылгөйлүгүӊүз көп адамдарды өзүнө тартат. Кеӊеш алып, уга билиӊиз, ишенимдүүлөрүнө таяныӊыз. Бирок популярдуулук өзүӊүздү бош коё берүүгө себеп эмес, андыктан аракет үстүндө гана болуӊуз. Кирешени көбөйтүү жолун талбай издеӊиз. Бойдоктор эл мактаган адамдын жүрөгүн багынтууга аттанып, оӊ жооп ала алышат.

БӨЙӨН-ЖЫЛКЫ
Суктанарлык перспектива күтүүдө. Ыӊгайлуу учурду, керектүү адамдын тилин таба билсеӊиз, акчаӊыз үзүлбөй келип турат. Балдардын талантын ачуу максатында керектүү адистердин колуна тапшырыӊыз. Чөйрөдөгүлөр менен кошо коомдук ишке аралашып, атыӊыз чыгышы да ыктымал.

БӨЙӨН-КОЙ
Жыл башында эле ийгилик кушу коштоп, ал мунусун калган айларда да жазбайт. Бул адегенде эле достор сизге керектүү учурда жардамга келип, кыйын кырдаалдан сууруп чыгарып кеткенде билинет. Жагымдуу сюрприздер, лотереядан утушка ээ болуу, сүйүктүүӊүздүн мээрими да сүйүндүрмөкчү. Үйдү уурулардан, өрттөн сактоону эскертебиз.

БӨЙӨН-МАЙМЫЛ
Жылдын башталышында эле жашооӊузга кире турган майда жана чоӊ өзгөрүүлөрдүн болуусуна карабай жыл ийгиликтүү болот. Жашоо толкунунда теӊ салмакты сактап, жарык, пайдалуу, кирешелүү тарапты издеӊиз. Кээ бирлердин үйүндө ымыркайдын үнү жаӊырса, кээ бирлерди баш кошууга жеткирүүчү таанышуулар күтөт.

БӨЙӨН-ТООК
Маймыл жылынан көптү үмүттөнгөнүӊүз менен жыл «аппетитиӊизди» ооздуктоону сунуштайт. Анткени ийгиликке жетүү үчүн тикенектүү жолду басып өтүү керектелет. Бул жакындарыӊыздын бир каалоосун аткаруу менен экинчисине көз жумууга жеткирет. Жеке мамиледе оройлук, алдоо сыяктуу терс адаттардан алыс болбосоӊуз, сүйүктүүӊүздөн убактылуу кол үзүп каласыз.

БӨЙӨН-ИТ
Сиздин 2016-жылдагы кыймылдаткыч күчүӊүз – сүйүү, көшөрүп иштөө, тактык болмокчу. Булар муктаж нерселерди убагында алууга, үй салууга жеткирет. Бирок керектүү адамдарды өтүнүч, суроо-талаптарыӊыз менен иренжитип албаӊыз. Азгырыктуу сүйүүдөн башыӊыз айланып, чыгымга туш болуу коркунучу бар.

БӨЙӨН-ДОӉУЗ
Өткөн жылкы жашоо, иштөө ыргагыӊызды басаӊдатып алган сизге жылдын башы кыйынчылыкты тартуулайт. Андыктан жаӊы ишти баштоо идеясын 2 айга артка жылдырууга туура келет. Башкалардын идеясын өнүктүрүп, колдонуп кетүүдөн, көбүрөөк пайда чыкчу ишке которулуудан жүрөксүнбөӊүз. Каржы жааты жай, күз бою бир калыпта болмокчу.


(Арстан, бийкеч, тараза, чаян белгисинин алдында туулгандардын
2016-жылга карата астротөлгөсү эмки саныбызда)

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(47)
07.12.2015. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер Чаян Чычкан жокго.
07.12.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bat,алар кийинки санда чыгышат
07.12.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
besh-sary, ошону окубай эле жазып алыптырмын.
07.12.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bat,,,emki sanybyzda" dep astynda jazyluu turatko
07.12.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
adidas, аны окубай эле озумду издей бериптирмин. Кечиресиздер.
07.12.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык донуз да жок экен кийинки санында чыгабы
07.12.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгыш гороскобу боюнча Ажыдаар болушу керек эле, жокбекен?
08.12.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazarkyl, саламатсызбы!
Балык жылын карайсыз.
07.12.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazgul.kg.ru, Bat, саламатсыздарбы!
Кийинки сандарда жарыяланат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: