Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«КҮЙӨӨМ МЕНИ МОСКВАДАН КЫРГЫЗСТАНГА ЖӨНӨТҮП, БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП АЛДЫ»

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж


Жашоодо түркүн кырдаалдагы тагдырлар кездешет. Арасынан 24 жаштагы Динара аттуу келиндин тагдыры өзгөчө көӊүлдү бурду. «3 айлык кызымдын башында суусу бар болуп төрөлүп, эшикке чыга албай жатам. Канатым кыркылып кайгырып турам. Жолдошум мени Москвадан Кыргызстанга жөнөтүп жиберип, көп өтпөй башкага үйлөнүп алды» дегенинен ага жолугуу үчүн Сокулукка жол тарттым.

«БИЗ АЖЫРАШКАН ЭМЕСПИЗ»
«Төркүнүмдүкүндө турам. Бул жакка төрөп, тыӊыйын деп келгем»,- деген Динара Жээнбекова 1 жашар кызын горшокко тоскон соӊ ички бөлмөгө кирип кыӊкыстап ыйлап жаткан 3 айлык кызын колуна алып тагдырын баяндап отурду.
– Жолдошум Кыялбек Исмаилов экөөбүз 2012-жылы Москвадан таанышканбыз. Ошондон көп өтпөй эле анын документтери туура эмес болгондуктан депортация болуп Кыргызстанга келе берди. Экөөбүз телефон аркылуу кабарлашып, сүйлөшүп турчубуз. Ал мага «келбейсиӊби, үйлөнөлү. Апам мага кыз таап койдум деп жатат. Мен ага сүйлөшкөн кызым бар деп болбой жатам» деди. 2013-жылы май айында мен да Кыргызстанга келип, 1 айдан кийин экөөбүз баш коштук.
Келин болуп келгенде башка үйгө көнүп кетиш оор экен. Кайнененин каарынан жакшы эле запкы жедим. Мен деле жакшы келин болдум деп айтпайм. Каяша айткан күндөрүм болгон. Тирүү жан болгондон кийин сүйлөйт экенсиӊ да. Анын үстүнө кош бойлуу да болуп калдым.
Мен төрөгөндөн кийин документтерин кайра жасап, Кыялбек атын Айбекке, Исмаилов деген фамилиясын Мухтаржанов деп атасынын атына алмаштырды да, Москвага кетти. Кызымды 8 ай болгондо төркүнүмө таштадым да, күйөөмдүн артынан Москвага жөнөдүм.
Ал жактан тапкан айлыгымдан «апама салайын, кантсе да биздин кызды багып жатпайбы. Сүтүнүн 1 коробкасы эле 1000 сом турат экен» десем, «чыккан кыз чийден сырткары» дейт. Сен биздин киши болгондон кийин төркүнүӊө эмес, менин үй-бүлөмө жумшашыӊ керек» деп уруш чыгарчу. Быйыл экөөбүздүн ортобузда «ушинтип уруш-талаш менен жашагандан көрө ажырашалы» деген пикир болгон. Бирок Кыялбек «нике күбөлүк тура берсин. Мен аны жокко чыгарууга макул эмесмин» деп койгон. Көп өтпөй экинчи кызыбыз боюма бүтүп калды. Айла жок Кыргызстанга кайттым.
Кайнежем, кайын сиӊдим үчөө келип аэропорттон аябай жакшы узатышкан. Күн мурунтан мени базарга алып чыгып кийинтишти. Кыргызстанга келгенде Өзгөнгө, кайын журтумдун үйүнө бардым. Кийин ден соолугум жакшы болбой жатканда кайненем «апаӊдыкына барып төрөп, тыӊып кел» деп мени Бишкекке жөнөттү. Анан төрөгөнүмө 3 ай боло электе эле күйөөмдүн башкага үйлөнүп алганын угуп жатпаймынбы?!
Кабарды мындайча уктум. Кечинде интернетке кирсем, Москвада биз менен бир батирде чогуу жашаган эже «сен эч нерседен кабарсыз жатсаӊ, бул жакта күйөөӊ башкага үйлөнүп жатат. Эртеӊ тою болот» дебеспи. Ишениш кыйын болду. Дароо Кыялбекке чалдым. Ал караманча танып койду. Тигил эжеге кайра жаздым. Эже «өзүнөн 2 жаш улуу, аты Нуржамал. Москванын Люблино районунда базарда иштеген кыз экен» деди. Ошондо Москвада иштеген таежем, таажеӊем, бир тууган эжем үчөөнө айтып, сүрүштүрө баштадык. Акыркы мүнөттөргө чейин ишенген жокмун. Кантип эле? Бул жакта мен болбосом да канынан жаралган 2 кызы турат го?

«ТУУГАНДАРЫБЫЗ ТОЙДУН ҮСТҮНӨН ЧЫГЫШТЫ»
Маекти андан ары бөлөсү Гүлира айым менен уладым.
– Той өтчү кафенин дарегин билиш кыйын болду. Жеӊем Кыялбекке чалып, «биз сенин келинчегиӊдин курбулары болобуз. Тойго чакырылдык эле, даректи билбей жатабыз» десе айтып бериптир. Москванын Волгоград проспектисинде жайгашкан «Гранат» деген кафеге бардык дейт. Апам менен жеӊемди алар жакшы деле таанышпайт. Караса кадимкидей эле 2 жаштын орду төрдө, үлпөт көйнөкчөн келинчек, курбу кыз, күйөө жолдош, айлана-тегерек гүлгө чулганып жасалгаланган экен. Апам дасторконго отурбай эле тамадага барып, «мен жакын тууганы болом, эртеӊ шашылыш Кыргызстанга кетип жаттым эле. Каалоо-тилегимди айтып кете берейинчи» десе, ал апамды расмий түрдө жарыялап чыгарыптыр да. Эл алдына чыгып каалоо-тилегин айтып, аягында чыдабай кетип, «кызыбызды 2 кызы менен таштап коюп бул жакта той кыларыӊды бизге деле кабарлап койсоӊ болмок экен. Каранар-карманарыӊ ошол 2 кыз болуп калсын, башка бала көрбөй кал!» десе, коноктордун баары ооздорун ачып отуруп калышыптыр. Ошол маалда Кыялбектин эжелери келип апам менен жеӊемди жулмалашып кафенин сыртына чыгарып коюшуптур.
Анан полиция кызматкерлерин чакырышыптыр. Ошол жерден Динаранын эжеси полицияга Кыялбектин аты-жөнү башка экенин, ал депортация болуп, атын алмаштырып кайра Орусияга келгенин айтып салган экен. Полиция кызматкерлери карап турмакпы, «күйөө баланын» документтерин алып, аймактык милицияга чакырып кетишиптир. Андан ары той кандай болгонун элестеткиле.
Ага жасалма документ менен Орусиянын аймагында жүргөнү боюнча күнөө тагылып, иши 10 күндүн ичинде каралмак. Орусияда мыйзам иштейт. Биринчи ал жактын тартиби менен жооп берсин, анан көрө жатарбыз. Апамдарды кафеден түртүп чыгарышканда баары теӊ «билген жериӊерге барып, каалаганыӊарды кылгыла, колуӊардан эч нерсе келбейт» дешиптир. Биз билгенибизди кылып жатабыз, соттошобуз, жооп бердиребиз.

«БИЗ ӨЗ АРА КЕЛИШИП АЖЫРАШКАНБЫЗ»
Мындан соӊ Кыялбек Исмаиловго байланышып, бул маалыматтарды алдык.
– Эгер Динарага өзүм жолугуп, «сен менин ата-эне, бир туугандарымды эч качан сыйлаган эмессиӊ. Каяша айтып, аларды дайыма капа кылчусуӊ» десем, ал деле моюнуна алат. Ооба, таежеси, таажеӊеси, эжеси үчөө келип, өткөрүп жаткан чакан тоюмду бузуп кетишкени чындык. Алар мындай кадамга ич күйдүлүктөн улам барышты. Ошол жерден бизден 30 миӊ рубль талап кылышты. Экинчи турмушумду курганга чейин Динара менен сүйлөшүп, ага аны менен мындан ары жашай албасымды түшүндүргөм. Ал макул болгон. Болгону ортодо нике күбөлүгүбүз гана кармап турган. Эгерде менин мурда депортация болгонумду билдиришпесе, бул жактан иштеп, мыйзамдын негизинде кыздарыма алимент төлөп турмакмын. Ансыз деле кыздарыма буга чейин акча салып турчумун. Азыр бул жакта ишим каралып жатат.
Эки жактын оюн окуп жыйынтыкты өзүӊүз чыгарарсыз, окурман. Көӊүл сүйбөгөн адам менен бири жашагысы келбесе, экинчиси күйгөндүгүнөн ар түрдүү кадамдарга барып жатканын байкасаӊыз керек. Ортодо жашоонун даамын татмак тургай, тили чыга элек 2 кыздын убалын ойлогондор аз. Балдардын алдында жоопкерчиликтүү болууга качан үйрөнөбүз деги?

"Мен да 2 жыл мурун ак көйнөк кийип, бакытка балкып Кыялбекке баш кошком".

"Азыр менин ордумду башка бирөө толуктап турганы ызаландырат".

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(198)
07.12.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эки баланын убалы уратко ушул эркекти. Уялбай кайсы бети менен алимент толомокмун деп айткан. Айына тологон 2000сом акча эч нерсе болбойт азыркы заманда. Акча менен баардык нерсени сатып алууга болгондо кана. Эки балага тен ата мээрими керек,келечегин ойлобойбу ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-08 10:31:18
08.12.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aika22_22, этика нормаларын сактаңыз!
07.12.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыялдын кылганы такыр туура эмес деп ойлойм анткени жашыруун той кылып 2кызын атасыз калтырып жатат озун атасыз элестетип корсо болмок. Кызы атаке деп кимге таянат эле.
07.12.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсен болгула да башка соз жок.
07.12.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менимче конулу жок адамды кыйнап кармаган болбойт. Эми болоору болуптур эки кызын тарбиялап остурсо, кийин кыздары эле жыргатат. эки кызы бар ошого шугур да. Эми куйоосундо соз жок жанталашып тиги менен ажыраша электе башканын да башын оорутуп. аял катары эки аялга тен эле боорум ооруп атат. ким куноолу ким ак аны кудай бат эле таразалап койот.сабырдуу болунуз эми башка кеп жок
07.12.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bokidina,конулу жок адам биринчи айтат конулум калды сенден артык жашай албайт окшойбуз деп качан бир чечимге келип буткондон кийин Нике куболугу кыркылгандан кийин анан уйлонот а бул жигит тескерисинче аялынын кетишин кана кутуп турган кайсы нормальный эркек адам жашыруун уйлонот
07.12.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куйоосу айтып атат начар келин болчу деп келин жаман болбойт келиндин келген жери жаман деген соз бар адам конбогон нерсе жок алдап соолап тариялап алыш куйоосунун анан кайненесинин колунда болчу да
07.12.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bokidina,nachar kelin bolso emne bashynda Dinaranyn tagdyryna balta chaap uilonot Kyial bolboso Dinara dele kichine joop kerchiliktuu chynygy erkekti jolukturmak Kyialga da kudai bar
11.12.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bokidina,кыйын болсоң келиндериңерди тарбиялап көр,кайнене болгондо билесиң, каяша айтып, өзүм билем деген,өз ата-энесинен тарбия көрбөгөн келинди тарбиялоого болор-болбосун
07.12.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куноо кимде экенин даана билбейт экенсин..Менин тан калганым ошол Нуржамал тиги баланын аялы,2 баласы бар экенин билип туруп турмушка чыкканы...Же билбеди бекен.?
08.12.2015. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sema04, эн эле жакшы билчу даже кыздын байкеси да билчу экен только тойго келген куболор гана билген эмес экен кыялбек или азыркы аты боюнча Айбек менен аялы нуржамал кандай Максат менен уйлонушту ошол тушунуксуз болуп жатат кыялдын созу боюнча бир жылдан кийин жаны алган аялы менен ажырашып динара менен жашамакмын кайра дейт
08.12.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bibici, ага эне, аял деген оюнчук бекен? кыйынын 1 жыл жашап кайра ажырашмакмын деп. Пландап койгонун кара! Соз жок экен да, бул эркек эмес, намысы жок, ХХХ экен! Дианара эми алданбасын, кайра жарашам десе! Бул сорой жыргатпайт!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-08 10:36:13
08.12.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lionna, эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
08.12.2015. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bibici, Нуржамалдын РФ паспорту жок беле?? Эгер болсо Кыялбектин ою РФ паспортун алып,Нуржамал аркылуу..Кийин ажырашышы мумкундур..
09.12.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sema04,Нуржамалды уже использовали. Тойго чейин жумуштан келе жатса Кыялды милиция кармап кетсе, Нуржамал айтыптыр Кыялдын эжесине канча болсо да акча берип чыгарып алгыла,мен берем акчасын десе, беш минге чыгарат да, уялбай Кыялга айтат экен, эжем отуз мин берип чыгарды деп мага акча алып бер деп... Бул уй булоодон эмнени кутсо болот?
Emil0279 түзөттү 2015-12-09 01:38:40
09.12.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sema04,Москваны кээ бир адамдар жаман жагына колдонуп жатышат, чопчон эле аялдар баласындай балдар менен жашап, кээбир жаш кыздар акчага азгырылып уйбулолуу эркектер менен жашап... Деги билбейм адамдар эмне болуп баратышат
Emil0279 түзөттү 2015-12-09 01:28:50
07.12.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Кополок" деген ушундайлар да !эки балалуу болгондон кийин бактысын башкадан тааптырбы?!!!!...кайдыгерлик ....биз кайда баратабыз??!!!!
08.12.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kammilla,мен да ошону айтып жатам да еще кыялга оз карындашыны элестетип корчу деген суроо берилген анын жообу мындай болду мен карындашыма соз айта албайм дейт кайсы нормальный ага оз карындашын тарбиялай албайт карындашы келинчегин баласын эмизип жаткан кезде ур соккуга алган кезде да бир соз айткан эмес аялды да кулдукка эмес жар болсун деп алат ал да бироонун ай чырактай кызы динаранын ордунда азыркы 30 жаштагы аялы болгондо кайын синдисине сразу ответин бермек
08.12.2015. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
наристелерге эле убал
08.12.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен буларды тааныбагандан кийин,окуянын кандай болгонун корбогондон кийин эч кимисин куноолой албайм,аны бир Кудай билет,озу таразалайт дегендей...айтайын дегеним Динаранын жакындары баарын оперативно жасашыптыр,детектив биякта эле калыптыр,издеп,кафени таап барып,душераздирающий создору ж.б тим эле профессионально,мелодрама коргондой эле болдум))бул мазактагандык эмес!менимче "керкисинде да кемигинде да бар"дегендей,бирок кичинекей наристелерге боорум ооруйт,бактылуу болуп чоноюшсун бополор...
08.12.2015. 06:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dubai,кудай озу жол ачкан экен, мин жашырса да баарын кайра эле озу айтып берди. Кыныр иш кырк жылда да билинет деген ушу да. Андан да кызыгы кирип барышканда кудалар жакка соз берилип, алар куттуктоого чыгып суйлоп жатышкан мезгилде киришет сразу эле аларга кошулуп калат, анан тамада Ким болосуз десе туугандары болом, куттуктоомду айтып кете берейин деп жатпайбы))) менимче мунун ою, билдирбей уйлонуп кайра ажырашып эч нерсе болбогондой келип кайра жашап калмак го дейм
09.12.2015. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bibici,ажырашып уйлонгондо не пайда,чё то тушунбой калдым биягын.
09.12.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dubai,Нуржамал менен коп жашамак эмес экен. Кайра Динарага келмек экен, Эгер биз мынтип барбасак. Тим эле бизге условия коюп келет! Ошончо туугандар алдынарга барган мезгилде пайдаланып, ушундай болуп калды, биз келише албай калдык, ЗАГСты созсуз кырктырып берем деп кичине адамгерчилик менен мамиле кылса болот да. Колунардан келгенин кылып алгыла деп, туртуп чыгарып койбой. Уйлонгонун озу айта албаса, уйлонуп жатасын, ЗАГСты кырктырып бер деп алдына барган адамдарга озун корсоткусу келгениби, бул да болсо уважения, акыркы мунотторго чейин "Кыял балам "деп суйлогон ошол жерде эжебиз.
Emil0279 түзөттү 2015-12-09 01:39:54
08.12.2015. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эркек болсон аялынды апана каяша айттырбай,озунун уй-булоон менен болок жашап,апан и бир туугандарын менен сый болбойт белен.Эки баланын кадырына жетпеген ,бул катынынын баркына кайдан жетмексин.Жаны аялы да бар жогуна кайыл болуп:колго тушкон коенду,кое Берген онобу деген го...
08.12.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ALBIKA,туура соз!!! Кээде ата-энеси да балдардын тагдырынды бузат, мен айткан кызды албадын деп. А где гарантия что Экинчи турмушу жакшы болооруна
08.12.2015. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыялбек эгерде биринчи аялына талак бербеген болсон, ЭРКЕК болсон экоо менен тен жашап тен кара.Алладан намазынды окуп дуба кыла берсен баары ордуна келет.Ит yро берет кербен жyро берет.Талак тушкон болсо айла жок. Балдарды жетим кылба.Ата-энеге каяша айтыш эмес унунорду бийик которгонго эч кимдин акысы жок, эгерде алар аябай начар адам болушса да.Акыретти ойлонгула!!!Аллахым сабырдуулук берсин.
terminator түзөттү 2015-12-08 03:05:46
08.12.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
terminator,кыялдын кылганы мусулманчылыкка да туура келбеген жат корунуш болуп жатат
08.12.2015. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динарага ийгилик, балдарына денсоолук, ал эми Кыялга бир аз болсода ыйман берекор. Кыздарындын убалы сага жетсин, мендей мээримсизда Ата болобу... Тообо кылдым
08.12.2015. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
alsyz erkek eken dep oilop kaldym, tyrmaktai bolgon eki kyzdyn ubaly ursun myndai erkekti!
08.12.2015. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бундай болсо кыргыз еч качан кɵбɵйбɵт ......
08.12.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
капа болбогула го, бирок кээде кайненелер да чектен чыгып кетет. уулу эл баатыры болгонсуп коколотуп, эркелетип, башка кыз алып берем деп оолугуп, келинин итче да корбой. андайлар толтура кыргызстанда. мындайда эркек тын болуп, апасын да, аялын да оз ордуна коюп койбосо уй булр ыркырашы турган кеп. мисалы Ошто келини Бишкектик болгону учун деле жактырбай кайын журту кемсинте бериши мумку, же чуйдо Оштук кызды озбечка* деген семьялар бар. бул биздин улуттук эн акмактык кыял жоругубуз
AlbertEnshtein түзөттү 2015-12-08 21:18:11
08.12.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AlbertEnshtein,туура айтасыз!!! Мен айткан кызды албадын деп, фашистердей болуп кетишет. Мына ушунун айынан коп жанжал болот. Экинчи турмушу жакшы болооруна гарантия барбы?
09.12.2015. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Emil0279, кыздар дагы тын болушубуз керек да. кайын журтун сени кемсинтсе, куйоон болушпаса, сени суйбосо, нормальный камкор болуп бакпаса, эмне кереги бар дейм да андай эрдин. Андайдан бала торомок турсун, ага жакын жолобош керек. Бирок бизде жаш келинди кайын журту биякта турсун, оз атанеси да колдобойт. Токмок жесен да чыдап жаша дешет. ошончун уверенность жок да аялдарда, анан моминтип жаш бобоктору менен оозун ачып кала беришет.Артында атан министр болбогон сон, окуп, иштеп анан куйоого тий
09.12.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein,да, правильно!!!
09.12.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Agonun akyly az dese zharashat ozunun ele zhashoosun oilogon adam
09.12.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bibici бул окуянын каармандары мен тааныган адамдарга окшошуп жатат !Нуржамалдын жерлиги каяктан ?жакшы таанысаныз билсениз керек?!
09.12.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динаша эже сизге сабыр берсин кудайым айдын он беши карангы болсо он беши жарык дейт буйурса бул кундор да отот сабырдуу болуп эч чокпонуз!
09.12.2015. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр куйоону 2козду 6кылып карабаса ушинтишет куйоону сен жакшы сен жакшы деп алдап жашасанар эле болду куйоо сеники ал эми баласынын ооруганына карабай уйлонгону эркектикке жатпайт
09.12.2015. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирого зар дунйо бирого кар дунуйо бул Алланы берген сыносу болсо керек егер динара жакшы журуп кыздарын чонойтуп журо бергенде куйосу озу кылган ишин ката кылса тушунуп жетмек.
09.12.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арызынды алба, ошол жактан азабын тарта берсин Кыялбек деген азаматынар
09.12.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Динара, азаматсың! Сага медаль тагыш керек! Мындай "кийиктерди" ушинтип жазалаш керек. А сен ажыраштым деп капа болбо, эки кызың бар. Ошолордун жакшылап тарбиялап, сыйын көр.
09.12.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эки баласына эле кыйын го, мен баамча келин соо эмес, деги эле ушундай жагдайлар кобойду кыргызда
10.12.2015. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aby,кайсы келин соо эмес?!
09.12.2015. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динарга сабыр,бирок айтып коюш оной,башка тушсо билесин,менда сиздей эле болду 2ай мурун,бирок уйлонгондун эртеси билдим уйлонгонун,башында билсем деле антип тоюн бузмак эмесмин,ага эрким жетпесе керек,ушунчалык каргадым балага зар болсун деп, айла жок пешенге жазгпны деп отуруп калдым,кыздарыныз сиздин келечегиниз,ошолорду деп жашан,чокпонуз,ал жаман адамдардан кутулганынызга суйунунуз,мага личкага номеринизди берип коюнузчу,суйлошолучу,эгер мумкунчулук болсо.
11.12.2015. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jass00,каргабай эле коюш керек,жакында Супер жазбады беле,бирөөнү каргасаң, өзүңө зыяны тиет деп. Андан көрө өзүңө жакшылык тиле. Мүмкүн сенин маңдайыңа андан да жакшы жолдошту жазып койгонду Кудайым
09.12.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай, Кылбектей адамдар дуйнодо бар экенине окуном.
09.12.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолдошунуз Адамдын эң ХХХ ХХХ экен кантип айдай қызын таштап кеткенге журогу чыдады экен көзү көр адам экен ушундай ипластарды жер ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-10 11:54:22
10.12.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bah_tee, провокация жаратпай, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
09.12.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобооо кудай озу сактасын мындай жаман нерселерден...куйоосу ХХХ экен го...коркосун ушундай окуяларды окуп,угуп алып...эки наристенин убалы урсун!экинчи айалы дагын ХХХ ХХХ,аялы,кыздары бар немеге тийип,озунун абийирин жаап...байкуш келинге сабырдуу болунуз демекчимин
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-10 11:55:36
10.12.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amina.sapar, этика нормаларын сактоону сунуштайм!
09.12.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоосун жарыялап эмне кылат деймда адамдар кызыкпыз ээ.
09.12.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Syiyy28,жаны ачыганынанда,негизи жарыя кылган куноо болот.
09.12.2015. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынар тобоо кылгыла, БИР ГАНА БАКТЫЛУУЛУК ИСЛАМДА.Эгерде биз шарият жана АЛЛАХТЫН буйругу менен жашаганда эч кандай жогуркудай проблемар болмок эмес.АЛЛАхым ыйман жана сабырдуулук берсин.
10.12.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Кайсы элден жудоо корсон зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты". Аялдын татынакай жана сылык болгону бул эркектен коз каранды. Кара кыздын агынан эмес багынан дейт. Ар бир эркек аялына жакшы создорун арнап, бапестеп багып алса, аялы дагы кичи пейил, сылык болот, куйоосунун жан эргиткен создоруно кубанып, ажарлуу б.п чыга келет. Эки кызынын ырысын тээп, эки тоонун уларын энсеген кандай эркек бул?!(((((
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: