БИР БҮРКҮМ
№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
-

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2016-жылы өлкөдө ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР
аз болот. Бирок 2017-жылдын аягынан 2020-жылга чейин бир канча күчтүү зилзалалар катталышы толук ыктымал.
-
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн он мекемеге 7 миллион 117 миӊ сомдук жардам көрсөттү.
-
Өкмөт Бишкек шаарындагы ЖАӊЫ КОНУШТАРДЫН тургундары үйүн жана жер тилкесин мыйзамдаштыра ала турган мыйзам долбоорун даярдап жатат. Документ Жогорку Кеӊешке ушул айда алып келиниши күтүлүүдө.
-
ЖОЛДОШУН ЖИЛИКТЕП САЛГАН Айдай Субанованын акыл-эсинин жайын текшерүү үчүн “Кызыл-Жар” психиатриялык ооруканага которгону жатышат. Тиешелүү жыйынтык 1 айдан кийин чыгат.
-
Кыргызстанда 795 АКСАКАЛДАР СОТУ бар жана анда 4380 адам иш алып барат. Өткөн жылы аксакалдар соту 8 миӊдей ишти караган.
-
Өлкөдө 70 миӊден ашуун адам ПСИХИКАЛЫК оорулар менен жабыркайт. 10 миӊге чукулу жыл сайын дарыланып турушат.
-
Финансы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, жакын арада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге ЭМГЕК АКЫ төлөнө баштайт.
-
Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Нурлан Төрөбековдун ЖАСАЛМА ДИПЛОМУ боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратура маалымдады.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0