Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Назира Бердигулова, телеалпаруучу, актриса: «СУЛУУЛУГУМДУ ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ АДАМГА АРНАГЫМ КЕЛБЕЙТ»

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж


Азыркы учурдун Таттыбүбү Турсунбаевасы болгусу келген сулуу кыздарыбыз арбын. Алардын арасында өзүн кино жаатында, телеалпаруучулук жакта көрсөтүп келе жаткан Назира деген бир кыз бар. Койкоюп кооз сүйлөгөн бул кыз менен 2 саат маектештим. Жыйынтыгы төмөндө.

– Назира, КТРКга кантип, ким аркылуу келдиӊ? Же алпаруучулук тажрыйбаӊдын, журналисттик дареметиӊдин үзүрүбү?
– Теле жаштыкты, сулуулукту, тактыкты талап кылат. Демек, мен эфирдин талаптарына жооп бергендигим үчүн иштеп жатам. Өз жумушумду сүйгөндүктөн таӊкы саат 5те туруп жумушка жөнөйм.
Бул жакка ким аркылуу келгенимди айтуунун кажети жок. Эӊ негизгиси, мага ишенген адамдарды уят кылбаганга аракет кылуудамын.
Буга чейин көп эле адамдар менен шерик болуп телеге чыкчумун. Бирок мага Нурдөөлөт Копоев менен чогуу иштеген аябай жакты. Ал эми Майрамбек Осмонов менен эфирге чыккан өтө оор болгон. Ал адамдын жанында сүйлөй албай балык болуп отуруп калгам. 3 сааттык эфир 3 күнгө созулгандай туюлган.
– Өзүӊ айткандай, эфир жаштыкты талап кылат. Жаш өткөндө эмне менен алектенем деп ойлойсуӊ?
– Ал кезде өзүмдү мугалим катары элестетем. Азыр Гүлшан Молдоева эжеге «сиз бышып турган мөмөлүү дараксыз, мага алмаӊыздан бериӊизчи, жеп калайын» деп андан сабак алууга аракет кылам. Ал «айланып кетейин, алмаларымды сага бербегенде кимге бермек элем?» деп калат. Эже азыр мектеп ачайын деп жатат. Ошол сыяктуу мен деле бир кезде мугалим болом.
– Дикторлукка басым жасап жатканыӊды байкадым. Актрисалык өнөрүӊ көмүскөдө калып калбайбы?
– Эфирде деле актриса болушуӊ керек. Эки кесип теӊ бирдей эмгекти талап кылат. Көптөгөн кинолорго тартылсам да, мага ийгилик алып келген «Мен сүйгөн карагат» тасмасы болду. Азырынча элдин эсинде карагат бойдон калып турайын. «Шабдан баатыр» киносуна кастингге баргам. Ал жактан да жакшы кабарлар болот деп ойлойм.
– Аракетиӊ жакшы, аракет кылып да ийгиликке жете албаган акылдуу кыздарыбыз көп. Байкашымча, сени колдоп, каржылап турган бирөө бардай?
– Мени, кызымды ата-энем, бир туугандарым колдоп, моралдык, материалдык жактан каржылайт. Кызымды Кыргыз-түрк лицейинде окутуп жатышат. Ар бир ийгилигиме ошолор себепкер. Шаарга жер там салып беришти. Өздөрү Таласта турушат. Эфиримди калтырбай көрүшөт. Алар менин сынчым, сырдашым, досум.
– Дос демекчи, курбуларыӊ деле көп болсо керек. Анын үстүнө бойдок болсоӊ...
– Мен жалаӊ гана үй-бүлөлүү адамдар менен достошом. Түнкү клубдарда жүргөн кыздардан эмесмин. Камчы Сарыбаев кошунам. Анын жубайы Элнура менен жакынмын, «Маша жеӊе» деп коём. Үйгө тез-тез келип турушат. Балдары өтө тентек. Чымчыктарыма 2 күнгө жеткидей тамак берип тойгузуп кетишет. Андан сырткары экс-депутат Ыргал Кадыралиева жакын курбум. Ал да менин кошунам. «Укам, кандайсыӊ, чай ичелиби, аш жеп келбейлиби же бүгүн мончого баралы, ээ?» деп чалып калат.
– Кызыӊ чоӊоюп калыптыр. Турмушка чыгып, кызыӊды инилүү, сиӊдилүү кылайын деген пландар барбы?
– Апам «кызым, турмушка чыксаӊ боло» деп калат. «Такыр убактым жок» десем, «тиричилик бүтмөк беле?» деп кейийт. Үй-бүлөдө 3 кызбыз, бирибиз да турмушта эмеспиз. Учурда менде баары жетиштүү. Сүйүктүү жумушум бар, каалагандай саркеч кийим алып кие алам, жегеним алдымда, жебегеним артымда. Балалыгымдан барчылыкта май
чайнап өскөн кызмын. Ошого кызымды да бардар жашоодо чоӊойтууга аракеттенип жатам. Бирок, албетте, жакшы күйөө керек. Элге окшоп мурдумду чүйрүп «кайненем менен жашабайм» дегендерден эмесмин. Жигитим бар, буюрган күнү турмушка чыгам.
– Жигитиӊ жөнүндө айтып берчи...
– Ал адам менен машыгуучу залдан таанышкам. Анын ким экенин билген эмесмин. Ал да мага катардагы адамдай эле мамиле жасады. Жашоомдо мындай адамды жолуктура элекмин. Такыр сөгүнбөйт, чекпейт, ичпейт. Мен кайсы жерде болбоюн колдоп, жанымда жүрөт. 3 тилде эркин сүйлөйт, мага да англис тилин үйрөтүп жатат. Менден 12 жаш улуу, саясаттан өз ордун тапкан ишкер адам. «Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» болуп турмушка чыгууну мен кечеӊдетип жатат окшойм.
– Биз тааныган саясатчы болсо үй-бүлөлүү эмеспи? Анан да бул адам сенин мурунку турмушуӊ жөнүндө билеби?
– Албетте, ар бир адамдын артында тарыхы бар. Бирок ал менин, мен анын тарыхына кызыккан жокпуз. Балким, үй-бүлөсү болгондур. Үй-бүлөлүү адамдар менен такыр мамиле куруп көргөн эмесмин. Жаштыгымды, сулуулугумду андай адамга арнагым келбейт. Кандай гана ушак-айыӊ ээрчибесин, кечки саат 4төн кийин үйдөн чыкпаган кызмын. Болбосо кечинде кафелеп жүрүп жигит таап, буга чейин 4 баланы төрөп салсам керек эле. Жигитим деле ичпегеним, чекпегеним, клубдарда жүрбөгөнүм үчүн мени тандады болуш керек. «Сен чыныгы аялсыӊ, ким эмне дебесин мен сага ишенем» деп айтат. Турмушка чыкканда анын фамилиясына өтөм.
– Жигитиӊ саясатчы экен, баралы келгенде сени саясаттан көрөт экенбиз да?
– Балким, ал үчүн тажрыйба, акыл топтош керек. Мен 30, 40, 50 жашта деле иштей алам. Бирок жаш өтүп кеткенден кийин төрөй албашым мүмкүн. Ошондуктан алгач төрөп, балдарды чоӊойтуп алып анан аракетимди көрөм деген оюм бар.
– Унаа айдап баратып өзүӊдү видеого тартып интернет баракчаӊа жүктөгөн экенсиӊ, аябай талкуу жаратты. Руль башкарып баратканда өзүӊдүн да, жолдогу элдин да коопсуздугун ойлош керек да. Кандай дейсиӊ?
– Кайсы жылдыз экенин айтпай эле коёюн. Машинага кыздарын салып алып рулда баратып бийлеп, ырдап өздөрүн тартып видео жүктөшсө билинбейт. Назира өмүрүндө бир жолу видео жүктөсө, элдин баарына таркап кетет. Ошол маалда эфирден чыгып тыгында тургам. Маанайым жакшы болчу. Мага жаккан музыка болуп жаткан, анан өзүмдү селфи кылып тартып видео киргизип койгом. Аз убакыт өтпөй жигитим чалып «Москвадан балдар чалып жатышат, алдыгы видеоӊду алып сал» деди. Макул деп дароо өчүрдүм. Көрсө, башка сайттар көчүрүп алган экен. Бул биринчиден мага сабак болду, экинчиден, элдердин арасында кызыгуу жаратсам, демек, бул да менин жетишкендигим.

«Нурдөөлөт Копоев менен чогуу иштеген аябай жакты».

Замира Рахманбердиева
star@super.kg



Назира Бердигулова: “Жигитим меники болосуң же эч кимдики болбойсуң дейт”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -10 
Комментарийлер(316)
07.12.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
30-40 жашта деле иштей алам дейтго,кудай буюрса десе болмок,эртенки кунун эмне болоорун билбейсин.тилегине жет,бирок кудайды унутпа.
07.12.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дуйнодо мындан да,сулуу кыздар бар экенин билбейт окшойт!Мин сулуу болгондо да,озун эч качан сулуумун деп айтпаш керек!Эл айтсын ким сулуу,чынында ким сулуу!
07.12.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
nurzada78,Курманжандатка сендей сулуу болгон эмес деп кастингден отпой калдым деген интервьюсун окуп алып аябай кулгом)))
07.12.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы бир маегинде менин машинем кыргызстанда жок машине деди элего эми жигитинин машинесин айтатко.
07.12.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыскасы бааынын билдирүүлөрү мактаныптыр жаман деп жащышыптыр!
бул мактанбай жакшы сүйлөгөнү))))даагы бир маеги бар Курманжандатка мендей сулуу болгон эмес экен,ошого ал филимге башка кызды тандап алды деп майек бергенде өллө күлгөмүнгө)))
Медиа-портал
07.12.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joker007,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
07.12.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыздын озумдун сулуулугумду же озумдун сулуулугуман деп берген интервьюсун экинчи жолу окуп жатам. Эгерде калп айтпасам бул кыз мен сулуулугумдан Курманжан Датка фильмине тартылбай калгам деп айткан болуш керек эле. Ошендо бир тан калгам, азыр бир тан калып отурам.
07.12.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
men70,туура мен да округам, сулуу болгондугум учун кастингден отпой калгам деп айткан)))
07.12.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чындыгында бул кыздын келбети сулуу, бирок ушунча мактанчаак, анан бой которгонсуп турат, Манас телеканалында ден-соолук жонундо бир программа алып барчу эле, ошондо да байкагам, теле алпаруучу катары эфирге коноко келген адамдын конулун ала албайт...анан ушинтип эле кыйын боло берсе элге жакмак беле? сулуулугунду озундун чайына чылап ич, бизге эмне, деп жактырбайбыз да албетте... кичини жонокой болунуз эжеке...
07.12.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эми бул кызга айла жок! Заманадан чыкканда эле очуром. Чын, нервим чыдабайт ушул кызды коргонго. Калп эле кооз суйлой берет, создун башы 1-жак болсо, аягы 3-жак менен деле бутуп кала берет. 4тон кийин эшикке чыкпайм дейт, тобоо, ким ишенет?! Атайын ушул кызды андып, именно тундо жургонун суротко тартып алып элге жарыялабасам.
venchik түзөттү 2015-12-07 12:09:39
Медиа-портал
07.12.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ээээээээээля мне дешимди да билбейм, аран чыдадым дагы мне дейт экен деп. Озу бир супсулуу. О таких говорят лучше рот не открывай) Столько глупости на одну головушку прям ужас какой. Не дай Бог такие как она к власти придут. Если она станет политиком то я начинаю собирать чемоданы и свалю куда по дальше. На марс на пример)
Медиа-портал
08.12.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
jalgyzdyk,хахаха
Медиа-портал
07.12.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joker007, aytunuk,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 5 күндөн БАНга!
07.12.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Урматтуу маданият министири ушул кызды заманадан алмаштыргылачы.эртен менен жакшы маанайда туруп чай ичкенче замана корчубуз уй булобуз мн.бирок Назира чыккандан бери корбой башка канал коруп калдык
08.12.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ziya,кошулам
08.12.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ziya,Абдан туура. Эфирге эки метр да жолотпочу алып барпуучу
09.12.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ziya,Боорду эздинго ))))
Медиа-портал
07.12.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
mila6ka, ayjamal83, feruza86, Gulya.akbaralieva, betsy1, begim12, kirgizstan, sirgak_92,
Баарыңарга эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат!
07.12.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Курманжан Датка фильмине сулуулугу да улуулугу да топ келе турган актрисаны тандап алышкан. Менин ойумча ал рольго Назираны адашып чакырып алышкан. Келбети кадимки эле кыргыз кыздарынкындай экен. Фйдай жузунду ..... мунозун бузуптур дегендей, кыялы кызыктай экен.))).
07.12.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Замананы Нурдоолот мн Саната сонун алып барчууу эле. Мен да коргум келбей калды ушул чыккандан бери.
07.12.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Курманжан датка"киносуна сулуууу болгонум учун кастингден отпой калдым дегенден кийин эч эле жакпай калган.Элина Абай кызы чыгыгы сулууу,бирок ал тош каккан эмес.Кыскасы аявай актанчаак экенсиз
07.12.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Назира , озунду сулуумун деп айтпашын керек эле , аны эл бааласын туура суйлоп уйронгон жакшы.
07.12.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озун озу мактаган адамдан олгончо кач-дейт беле.. заманада деле ошо спонсор жигитиндин аркасы менен журот болуш керек. Уйбулоосу бар адамга жаштыгымды арнагым келбейт деп айтканы менен жигити 12жаш улуу болсо где то 40тын тегерегинде болсо уйбулосу бар эркек да. Ажырашып кеткен болсо дагы уй булосу бар..так что не строй из себя невинную овечку!!!
07.12.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жок ...
07.12.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам озун жакшы коруш керек бирок кобуроок мактангансыйт,акыл уйротуу эмес бирок бир нерсени айта кетейин турмушка чыкканда куйоонуздун фамилиясына озунуз отсонуз дагы кызынызды откорбой эле коюнуузду айтмакмын,себеби бала никеге киргенде кулагына азан айткандагы ат менен кириш керек дегенди уккам жакшы сурап,билип анан откоргуло демекмин.
07.12.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушунчалык мактангандын кереги эмне сулуулугун мн ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-07 15:11:50
07.12.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nazmirjaz, эскертүү! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
07.12.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maktanuununda chegi bolso kk ee?@..
Tatynakai eken birok asha chaap maktangany ashykcha eken.
Andai dele belgiluu emesko deim, ozun ayabai ele jyldyz kylyp koiuptur. Video jdo Saikal jonundo aitkan, emi ushu Saikalga atandashyp, kaisy jyldyz ekenin aitpai ele koeun dep tim ele!!! Uff ushu bizdin tipa jyldyz kyzdar ne dep suiloshunda bilishpeit!!!
Медиа-портал
07.12.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Опкуломой, кармаламай дегени жакшы экен
Askartoo түзөттү 2015-12-07 15:19:36
07.12.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суроо берип жаткан кыз да уялып кеткендейго. Бизде опкон газга жармашып калса да акырыныраак айдачы дейт бул кыздын опкосу тилине жармашып калган ондуу.
07.12.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаштыгым ненен сулуулугумду тууй ата ХХХ ХХХ ХХХ? Кошунасы Ыргал Кадыралиева ха ха ха
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-07 16:39:21
07.12.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ago, кемсинтүүгө жол жок! Азырынча оозеки эскертүү!
07.12.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_superstan,Оозекиге чоон рахмат башка кайталанбайт!
07.12.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаль что у тебя язык длинный.Асмандан жерге тушсон болмок экен.Ото эле мактанып коюптур.
08.12.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jazira_92,асманда эмес, космосто жургондой суйлоптур
07.12.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
мага бул кыздын майегинен да элдердин коменттери кызык болдуго чиркин эмнелерди гана жазбапсынар бир ай окуса керек Назира байкуш арасында жакшы деп жазгандар да болсо керек деп кантседа ийгилик эми.
07.12.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suroolorgo ne dep joop bergenin da emes ozun korgondo ele jinim kele beret uwunchalyk ekilengen jan daa aman ele bolsun
07.12.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мага бул кыздын майегинен да элдердин коменттери кызык болдуго чиркин эмнелерди гана жазбапсынар бир ай окуса керек Назира байкуш арасында жакшы деп жазгандар да болсо керек деп кантседа ийгилик эми.
07.12.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майрамбек Осмонов менен ырдаган го кош жылдызда, ошондо айткан созу бар Майрамбектин аттин, онуно жараша уну болсо болмок деп, менимче Майрамбектин кыжыры келет болуш керек,сулуумун деп кериле берсе
07.12.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көбүрөөк мактанып койду го. Сулуумун деп... Баарынан да комментарийлер жакты.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: