
Константин жана Валерий Меладзелердин жубайлары менен ажырашуусунан кийинки толкун токтой элек кезде ага-ини дагы бир жаӊылык жаратышты. Бул алардын «Мой брат»
(«Менин агам») аттуу ырынын жарык көрүшү. Айрым окурмандар ыр жазышса эмне экен деши мүмкүн. Биринчиден, бул Костя менен Валерийдин алгачкы жолу чогуу дуэт аткаруусу. Экинчиден, ырдын алардын мурунку жубайларына арналган көмүскөдөгү маанисинде жатат.
Айрыкча чыгармадагы
«Өмүрүмдүн жарымы өткөнчө ага көнүүгө аракеттендим. Башында эле андан кеткеним оӊ болмок экен» деген саптар интернеттеги колдонуучуларды эки тарапка бөлүп, кызуу талкуунун жаралышына себепкер болду. Бири ага-инилерге бакыт кааласа, экинчилери алардын мурунку жубайларына жаны ачып жатканын айтышат.
«Жазган чыгармаларымдын бардыгы менин же жакындарымдын башынан өткөн окуялардан алынган» деген Константин азырынча жаӊы ыр тууралуу эч кандай комментарий бере элек. Кантсе да бул чыгарма аркылуу атактуу Меладзелер учурда өз бактыларын таап, бактылуу жашоо кечирип жаткандыктарын айткысы келгенин алардын күйөрмандары түшүнүштү окшойт. Сиз дагы аталган чыгарманы угуп, өз бааӊызды берсеӊиз болот. Ал үчүн
SUPER.KG порталына баш багыӊыз.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
http://www.super.kg/media/uservideo/156077/