БИР БҮРКҮМ
№684 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
-

2016-жылдын январынан тарта мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине батир үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө сом менен
ИПОТЕКАЛЫК насыя берүүнү баштайт. Насыяга берилчү батирдин 1 чарчы метринин баасы 37 500 сомдон ашпашы керек.
-
2015-жылдын 11 айында 46 537 түгөй баш кошуп, нике күбөлүгүн алышса, жыл башынан бери 7881 түгөй АЖЫРАШКАНЫ белгилүү болду.
-
Бычакталып ооруканага түшкөн дин аалымы КАДЫР МАЛИКОВДУН дарылануусуна президент Алмазбек Атамбаев 50 миӊ сом бөлдү.
-
Москва шаарынын Даниловск районундагы Люсиновская жана Большая Серпуховская көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан гүлбакка улуу жазуучу ЧЫӊГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымы ыйгарылды.
-
Акыркы 11 айдын ичинде 31 628 кыргыз жараны АТЫ-ЖӨНҮН ар кандай себептер менен өзгөрткөн. Алардын теӊ жарымы Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундары.
-
2016-жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 260 КҮНӨСКАНА ачыларын премьер Темир Сариев айтты.
-
Алай районунун акими болуп иштеп келген ТААЛАЙБЕК САРЫБАШЕВ 10-декабрда Ош облусунун башчысы болуп дайындалды. Бул кызматты мурда аркалап келген спикер Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков кызматынан бошотулду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Күнөскана - теплица:
http://www.super.kg/article/show/31095