
«Республика-Ата Журт» партиясынан шайлоого аттанар алдында
«Жетиштүү добуш топтобосом, тизмеден чыгам. Чыкпасам балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын» деп ант бергендердин бири
Жыргалбек Саматовдун кудуӊдап жүргөн чагы. Жогорку Кеӊешке жолдомо аларда аны Орусиянын жараны деп БШК мандат бербей койгон болчу. Жогорку Сот БШКнын бул чечимин жокко чыгарса да, Боршайком Саматовго мандат бербей бушайман кылып келген. Кийин Жыргалбек Саматов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна Жогорку Соттун чечимин аткарбай жатышат деп кайрылган. Аталган инстанция анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирди.
БШК акыр аягы 7-декабрда Саматовго мандат берди. Жыргалбек мырзанын ордуна «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат болуп келген
Болотбек Ибраимжанов кайра мандатынан кол жууду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук, рахмат.