Ырчы Анжелика 7-декабрь күнү 3-кызы Айлинге бешик той берди. Спортчу, саясатчы, ырчы-чоорчулардын башын бириктирген бул тойдо атактуулар болушунча чардап, социалдык тармактарды сүрөттөрү менен толтурушту. Кыргыз каадасы менен той өткөргөн Анжелика: «Негизи бешик тойду эмдиги жылы берели деп жатканбыз, бирок анда тушоо той өткөрүш керек болуп калат экен. Жолдошум Урматтын жоро-жолдоштору, менин дос-тааныштарым көп болгондуктан баарын чогултуп эле чоӊ той берүүнү туура көрдүк. Тойду уюштурууга он күн убакыт кетти. Чакырууларды ар бирине барып бергенге жетишпегендиктен сүрөткө тартып интернеттен жөнөтүп жаттым»,- дейт кызына бешик той берип сүйүнгөн ырчы.
star@super.kg
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Кыргыздарда адатта бешик бир эле жолу берилетго эн чон баласына "Бешик той"-деп аталат,анан калган кичинекейлери ошол бешикке эле болунотда аларга берилген той "Жээнтек той"-деп аталат.
Ырчылар не болгон эч кимиси норм.каало тилек айта албаптыр.Чындыгында ашыкча эле чыгаша жээнтек тойго эле 300 адам чакырса эртеге алар турмушка чыгып жатканда кудаа тарапта кошулуп ашык тагып кететго.Бирок чакырбаганга айла жок,озу барып жургон жерлерин чакырбаса болбосго
жазып койбойсунарбы.