Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КУРМАНЖАН ДАТКА

№378 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.


Ааламды башкарган айымдар

“Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат” деп айткан экен бир акылман. Үй-бүлөсүн эле эмес, бүтүндөй мамлекетти башкарганга күчү да, акылы да жеткен мындай айымдар кыргызда да жок эмес. “Ааламды башкарган айымдар” аттуу рубриканы өзүбүздүн элибизден чыккан чыгаан асылзат менен баштоону чечтик. Ал – Алай ханышасы атка конгон Курманжан датка энебиз.

БАШ АТТАП, БАКТЫСЫН ТААП...
Эчен жылдан бери элинин эсинен чыкпай келе жаткан бул асылзаада аял, чындыгында, ким болгон? Көрсө, карапайым орокчунун кызы болгон экен. Курманжан Ош шаарынын жанындагы Ороке деген айылда муңгуш уруусунун жапалак уругунан чыккан. Жаштайынан тың, акыл-эси, ой-туюму башкалардан өзгөчө эле. Курманжанды карапайым үй-бүлөдөн чыкканына карабай колунда бар Төрөгул бий өзү куда түшүп, Кунсейит деген уулуна алып берет. Эр деп эле этегин кармаган менен өмүрү текке өтөрүн сезген кыз салтка да карабайт. Акыл-парасаты пас, эр көкүрөк деми жок Кунсейиттин "мал" болбосун сезген Курманжан тез эле күйөөсүн чанып, атасынын төрүнө кетип калат. Ал убакта күйөөсүнүн башын аттаган аял жокко эсе болгондуктан, энебиздин бул кылыгы эл оозуна алынып жамандык эмес, эрдик катары бааланган экен. Минтип заманынын катаал мыйзамына ким туруштук бере алган? Курманжандын аңызы ошол кездин таасирдүү адамы Алымбек датканын кулагына угулат. Алымбек зирек акылы, сыпайы мүнөзү менен жаккан Курманжанга жуучу жиберет. Анда Курманжан: «Датка, менин башым байлануу. Никеден шарият боюнча ажыратмайынча сиз эмес, Кокон ханы да мага үйлөнө албайт»,- деп жооп берет. Ошондо Алымбек Курманжандын башын ачуу үчүн никедеги күйөөсү Кунсейитти чакыртып ажыраштырат да, өзүнө нике окутат. Эл тагдыры үчүн жаралган асыл адамдардын тагдыры ушинтип бириккен экен.

АЛГАЧКЫ САЯСАТЧЫ АЯЛ
Адатта ал кезде аял очокту, тиричиликти гана билген. Бирок Курманжан тез эле элге алынып, Алымбек датканын ишенимдүү кеңешчисине айланат. Ордо жана коомдук иштерге аралашып, өз жөндөмүн көрсөткөн Курманжан ошол кездин бийлик саясатын өзгөчө түшүнгөн. Нүзүп өлгөндөн кийин аталыктын ордун кыргыз элинен Алымбек датка талашып чыгат. Даткасынын элди имерип кете аларын сезген Курманжан өзү демилгечи болуп жөнөтөт. Алтургай саткындардан мизи кайтып, тактан баш тартып келе жаткан Алымбектин тизгинин буруп, “элди ээрчиткен эрен баш калкалап кете турган болсо, беш тайпа журттун абалы эмне болот? Жүрөксүй тургандай артыңда эч кимиң болбосо бир жөн. Артыңда беш уулуң, эртеңки беш Алымбек турбайбы” деп кайра жөнөтөт. Мына, аялдын акылынын тунуктугу, кашкөйлүгү. Бул коогалаңдуу так талашта Алымбек датка каза табат. Ал учурда Алымбек датканын ордодогу ордун баса турган Кокон хандыгына таасирлүү адам жок эле. Аял экенине карабай Курманжанга датка атагы берилет. Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Азиянын тарыхында биринчи жолу аялга саясый титул берилип жатышы эле. Ушундан баштап Курманжан датка кыргыздардын ичинен Кокон хандыгында таасирлүү саясий фигуралардын бирине айланат. Кокон хандыгы кулагандан кийин жер жайнаган орустар бир толкуса кыргыздан тукум калбасын сезген Курманжан генерал Скобелевдин чакыруусуна көнүп шарт наамага, азыркыча айтканда, келишимге мөөр басат. Дал ошондой опурталдуу, айласыз калган учурларда дагы караңгыда көз таап, капилетте сөз таап, кыргызды тарыхтын тар жол, тайгак кечүүлөрүнөн аман-эсен алып чыгып жүрүп отурду.

СӨЗГӨ БЕРГЕН БААСЫ
Кыргыздын башын кошуу үчүн түндүк уруулары ал кездин мыкты чыкмасы, атактуу Шабданды жесир Курманжан датканын колун суроого жиберишет. Даанышман датка айымдан сүрдөп кеткен Шабдан “саламатсызбы, апай” (апай айрым аймактарда эже маанисин берсе, айрым жерлерде апа дегенди билдирет) деп жибергенин билбей калат. Сыпайы жылмайган Курманжан меймандарды коноктоп, алардын мүдөөсүн угуп “сөз – улуу нерсе. Кирип келгенде сиз мени апай деп атадыңыз. Эми экөөбүзгө никеге жол жок. Капачылык болбосун” деп жылуу-жумшак сөз менен кайтарып жиберген экен.

ЭНЕЛИК ТАГДЫРЫ
Аял – жар, аял – эне. Курманжан энебиздин дагы бир эл оозунда калган даңкы уулу Камчыбекке тиешелүү. Жалган жалаа менен орус жазалоочулары уулу Камчыбекти дарга асышат. Эл алдында Курманжан датканын коштошор сөзү “жашыба, балам, душманың сөз кылбайбы. Жашыды, майтарылды деп таба кылбайбы. Сал, сыйыртмакты моюнга!” деген кайрат сөзү болуптур. Байкасаңыз, сөздүн өзүндө канчалык энелик күйүт, сыймык жатат. Уулун дарга асканда аркан үзүлүп кетип, эч качан башы ийилбеген Курманжан: «Жараткан Алла өзү актап жатат! Баламдын күнөөсү жок! Жаза бир, өлүм бир. Баламды бошоткула!» деп чыгат. Бирок талабы орундалбайт. Чыр чыгарчу болсо куралчан орустар аз сандагы кыргызды жайпап кетерин сезген Курманжан элин айланта карап алып айласыз токтогон экен. Бул энебиздин эли үчүн болгон дагы бир курмандыгы эле. Энелик курмандыгы болчу.

КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АКЫНДЫГЫ
Баарынан кызыгы, Курманжан датка акылман, эл башкарган саясатчы гана эмес, акын да болгон экен. Эл оозуна тарап кеткен анын ырларын калк Зыйнат деген айымга тиешелүү деп билишкен. Эмнеге өз атын жашырып, ырларын башка ысым менен таратканы ушуга чейин белгисиз. Балким, «акындык эл башкарган амирге жарашпайт» деген пикирдин жаралышынан кооптонгонбу, ким билсин? Арабча жазууну жакшы өздөштүргөн Курманжан өз эмгектерин араб тилинде жазып калтырганы 1980-жылы айкын болгон. Бул кол жазмалар Кокон шаарында табылып, элге дагы бир жолу Курманжан датканын акындык өнөрү белгилүү болгон. Ошондой эле Молдо Тойчу, Амирбек аттуу акындар менен айтыш өнөрүндө күч сынашкан деген кеп бар.

БЕЛЕККЕ КАМЧЫ...
Бет алган максатынын багыты катуу болорун билген Алымбек датка жубайына камчы тартуулаган экен. Ордого бет алар күнү жанына Курманжанды чакырып камчы сунат. Камчыны колуна кармаган Курманжан “камчы кармаган адам ийинине оор жүктү көтөрөт. Эгерде ошол жүктү көтөрүп кете аларыма ишенсеңиз, мен баш тартпайм, даткам. Болгону, бир өтүнүчүм бар” дейт. “Өтүнүчүңүздү айтыңыз” десе, “ордо оюну кооптуу. Хан ордодо жүрүп үйүңүздү унутпас бекенсиз, даткам? Кандай болсо да, ушул камчы экөөбүздүн ортобузда кабар ташыган белгибиз болсун. Эгерде балдарыңызды кырсык чалып же чамгарагыңызга кара булут жыйналса, мен ушул камчыны чабармандан берип жиберем. Бул камчыны аларыңыз менен ат тизгинин бурбай, улуу тоолорду көздөй багыт алыңыз» деп Алымбек датканын сөзүн алат. Алымбек датка жубайынын айлакерлигине баа берет. Кийин ушул камчы менен белги берип, күйөөсүн көп кырсыктан аман алып калган экен. Ошентип, күмүш саптуу камчы экөөнүн ортосундагы шарттуу белги болуптур.

АКЫРКЫ САПАР
Өмүрүнүн 96-жылында Курманжан датка бул дүйнө менен кош айтышат. Залкар аял! Өз бактысын өзү тапкан, эр көкүрөк жигит эптеп кете албаган коогалаң заманда элин сактап калган, орустардын тилин таап, генерал айым аталган, кокондуктар коркуп турган бул аял cөздүн аныгында бийик инсан болчу. Өлөр алдында эң жакшы көргөн небереси Кадырды өзүнө чакырып, жүзүнө жакшы тиктеп туруп «Камчыбегиме окшош» деген экен. Бул анын акыркы сөзү эле. 1907- жылы Мады кыштагында Курманжан датка көз жумган. Сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегиндеги Сары-Мазар көрүстөнүнө коюлган.

ТУКУМДАРЫ
Курманжан датка Алымбек датка менен 29 жыл жашап, беш эркек балалуу, 2 кыздуу болгон экен. Кыздары тууралуу эч кандай так маалымат жок. Улуу уулу Абдылдабек орустардын бийлигин кабыл албай, “атадан калган ызаатым тебеленгенче тентип кетем” деп Ооганстанда жүрүп каза болот. Анын сөөгүн өлгөн жеринде калтырып, жүрөгүн тилип келип өз жерине коюшат. Камчыбеги орустардын колунан каза тапканын жогоруда сөз кылып кетик. Маамытбек, Асанбек, Баатырбек ак падышанын бийлигин таанышкан. Камчыбектен калган эки небереси Кадырбек, Жамшидбек Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшүп бир топ эрдик көрсөтүшкөн. Чөбөрөлөрүнүн бири Кыргызстандагы белгилүү илимпоз академик Муса Адышев болгон.

КЫСКАЧА...

  • Курманжан датканын өмүрү тууралуу 2002-жылы кыргызча, англисче, орусча китептер, ал эми кытайча китеп 2004-жылдары жарык көргөн.
  • 2004-жылы Бишкектеги Эркиндик гүлбагына эстелиги орнотулган.
  • Курманжан датканын урматына орус мамлекети генерал деген наам менен бирге алтын кол саат, бриллиант менен кооздолгон асем буюм тартуулаган. Бул буюмдар ошол кезде 450 рубль турган.
  • Курманжан датка 92 жашында атка чапчаң минип, кээде чаптыра да алган.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


Чыр дүйнө

ЭСТЕЛИК КИМГЕ КЕДЕРГИ БОЛУУДА?

Жогорку Кеңештин аксакалы, "Коммунисттер" фракциясынын депутаты Бейшенбек Акунов фракциянын жыйынында кебелбес түр менен улуу инсан Курманжан датканын кыргыз элине сиңирген эмгегинен күмөн санап, элдин оозун ачырды.

"ЭСТЕЛИКТИ ТҮШТҮККӨ КОЙСО БОЛБОЙБУ?.."
Бул жыйындын жүрүшүнө НТС телеканалынын жаңылыктары аркылуу баш калаанын тургундары 20-январда күбө болушту. Кабарчынын айтымында, Бишкек шаары белгилүү да, белгисиз да инсандардын айкелдерине толуп кеткендигин айтып кеп баштаган эл өкүлү: “Мына, мисалы, Курманжан датка апабыз... А кишинин бул жерге (баш калааны айтып жатат) буту да басып келбеген. Албетте, ал кишинин кылган эмгеги кыргыз эли үчүн болгондур?.. Было бы абдан жакшы, ал кишинин эстелигин, вот, Алайда, түштүктө койсо жакшы болмок. Экинчиден, мына кийин Ормон ханыбызды бул жерге алып келип койдук. Бардыгын эле Бишкекке алып келип чогултушубуз керекпи?..” деп суроо салды.
Жалпы Кыргызстандын элинин атынан өкүл катары шайланган, пайгамбар жашындагы аксакал ушундай сөздөрдү айтып, “түндүк-түштүк” жаратын козгосо, калган карапайым калк эмне болот? Кыргыз элинин тарыхында олуттуу орду болбосо, бүткүл кыргыз элине эмгеги сиңбесе, анда Курманжан датканын элеси улуттук валютага түшүрүлөт беле? Жалпы кыргызга мааниси бар залкар инсандардын айкели борбор калаада тургузулбаса, анда кыргыздын жүзүн кимдер аркылуу таанытабыз? Тарыхка туура баа берип, баам сала албаган ЖоКенин айрым депутаттары аркылуубу? Бейшенбек Акунов бул сөздөрдү айтып жатканда фракция жетекчиси Исхак Масалиевдин кашы да серпилип койгон жок. Алдындагы кагаздарга үңүлгөн боюнча айтылган сөздөрдү укпагандай түр көрсөттү. Берүүнү карап отурган көрөрман “чыгаан инсан Апсамат Масалиевдин уулу чын эле кагаздарга алаксып бул кептин маанисине көңүл бөлбөдүбү, же...” деген түкшүмөл ойго туш болот экен. Баарынан кызыгы, 2003-жылы 11-декабрда Жогорку Кеңеш “Көрүнүктүү эмгегин, ошондой эле Орусия жана Азия аймагындагы мамлекеттер менен достук мамилелерди орнотуудагы тарыхый ролун эске алып” Курманжан датканын айкелин Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын кесилишине (мурдагы Эркиндик статуясынын ордуна) орнотуу токтомун чыгарган эле. Аны учурдагы ЖоКе депутаттары билишеби?

АКУНОВ КЕЧИРИМ СУРАЙБЫ?
Бейшенбек Акуновдун бул кебине “Курманжан Датка” атындагы кайрымдуулук фонду жооп кылып: “Бир апта убакыт беребиз. Эл өкүлү жалпы кыргыз журтчулугунун алдында айткан кебин кайра алып, кечирим сурасын. Болбосо мандатын кайтарып алуу маселесин көтөрүп чыгабыз”,- деген билдирүү жасашты. Бирок мындай талаптан майнап да чыкпаган өңдүү. Кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева жалпы парламент депутаттарына, ЖКнын төрагасы Зайнидин Курмановго, "Коммунисттер" фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиевге кайрылуу жолдогонун билдирди. “Инсандын мамлекетке, элине сиңирген эмгеги анын баш калаага буту басып келгенинен көз карандыбы? Эмне, Бишкекке Лениндин буту басып келди беле? Албетте, жок. Ага карабай канчалаган жылдар бою ал адамдын эстеликтери баш калаада бакыйып турбадыбы? Мына, азыр деле турат”,- деп күйүнөт Жылдыз айым.
Бул сөздөрүнө комментарий берүүсүн өтүнүп биз Бейшенбек Акуновго кайрылдык. Депутаттын кеңешчиси Дайырбек мырза учурда Бейшенбек Акуновдун парламентте эмес экенин, бирок жооп алып берерин билдирди. (Депутаттын жообун келерки сандардан окуй аласыздар).

Мына окурман, ишенген кожоң сууга акса, алды-артынан тал карма деген көрүнүш. Эгер Жогорку Кеңештин аксакал депутаты Курманжан датканын кыргыз элине сиңирген эмгегин билгиси келбей отурса, келечек муундар кантишет?

Шаиста Шатманова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
03.02.2010. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы депутаттарды эл окулдору деп айткандан уяласын. Буларды эл окулдору дебей эле КСБнын окулдору деп койсо болот. Анан иштеп жаткандай тур корсотушуп ар кандай "ТУПОЙ" идеяларды которуп койгонун айтпайсынбы. Как будто олкодо башка проблемалар калбай калгансып эстеликти кочуробуз деп. Анан эмне Курманжан датканын ордуна Бейшенбектин озунун эстелигин коюш керекпи, кайсы кылган эмгеги учун?
25.03.2011. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушентип кычы суйлогондор элди бузат да.аксакал башы менен суйлойт десе эле оозуна келгенди оттой береби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: