СПОРТЧУЛАР ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТАРЫН АЛЫШАТ
№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж

«Супер-Инфо» гезитинин мурунку спорт кабарчысы
Базарбек Абдураимов 2 жылдан бери спорт жаатында наам тапшыруу аземин колго алып жүрөт. 25-декабрда бул маараке экинчи ирет өткөнү турат. Кесиптешибиз алдыдагы пландары тууралуу ойлору менен бөлүштү.
«Спорт жаатында мындай азем Индияда гана болот экен. Буюрса, биз дүйнө боюнча экинчилерден болуп спортчуларды сыйлоо аземин өткөрүп жатабыз. Чет өлкөдө ийгилик жаратып, туубузду көтөргөн азаматтарыбыз абдан көп. Ошондуктан спортчуларыбыздын эмгегин баалап мындай аземди уюштурдук.
Бул ирет да азем кызыл килем менен ачылып, концерт менен коштолот. Анан былтыркыга караганда быйыл масштабдуу болмокчу. Аземге саясатчылар, меценаттар жана Орусиянын Олимпиада чемпиону Виктор Маркин катышмакчы».
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
4
Байкуштар оз акча лары менен мелдешке барышат