
Гезитибиздин өткөн санында башы күн санап чоӊоюп бараткан 2 жаштагы
Рахманберди Шырдакбеков тууралуу кеӊири баян жарыялаганбыз. Маалым болгондой, Рахманберди гидроцефалия
(суюктук көп топтолгондуктан баш мээсинин кадыресе өөрчүүсүнүн бузулушу) илдетинен жабыркап келет. Баланын атасы
Алмазбек Рысбаев:
«Кыймылдабайт, сүйлөбөйт. Башы чоӊойгон сайын көзүнүн териси тартылып баратат. Ошонун айынан көрбөй да калды. Кыймылсыз жата бергендиктен аркасынын, башынын терилери оюлуп, ириӊдеп кеткен. Көп ыйлайт, кайсы жери ооруп жатканын да билбейбиз»,- деп аянычтуу тагдырын баяндаган. Ал чет мамлекетте баласын айыктырууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, бирок ал жакка каражаты жетишсиз экенин билдирүү менен коомчулуктан жардам сураган эле. Бир катар окурмандарыбыз гезит жарыяланган соӊ Рахманбердиге жардам берүү ниетин билдирип кайрылып жатышат. Бул кабар өлкө башчысына да жетип, 15-декабрда президент
Алмазбек Атамбаев Рахманбердинин дарылануусуна 100 миӊ сом бөлүп берди. Мындан тышкары өлкө башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине балага медициналык жардам көрсөтүү маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Рахманбердинин айыгып кетүүсүн тилейбиз.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
Эне-атасына сабыр берсин Аллахым