
Каржы министрлиги планшет жана кресло сатып алганы жатат. Бул боюнча билдирүү мамлекеттик сатып алуулар порталына 11-декабрда жарыяланган.
Андагы маалыматка караганда, министрлик 228 миӊ сомго 2 даана планшет алууну пландоодо. Анда ар бир планшет 114 миӊ сомго туура келет. Мындан сырткары 284 миӊ сомго 10 кресло сатып алуу боюнча жарыя берилген.
Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат
Айсулуу Мамашева:
«Каржы министри бүгүнкү болуп жаткан кырдаалга жараша иш кылышы керек. Мамлекеттин карызы 3 миллиард доллардан ашты. Министрлик муну жакшы билет. Бул тендерди өткөрбөй эле коюуну сунуштайм, андан көрө ал каражатты мугалимдердин, дарыгерлердин кем-каржысына жумшаган оӊ»,- деп чыкты.
Министр
Адылбек Касымалиев бул планшеттер кызматкерлерге абдан керек экенин айтып, тендерди өткөрбөй коюу маселесин да карай турганын билдирди. Төрага
Асылбек Жээнбеков: «
Керек болсо коркпой эле айткыла, коркуп атсаӊар, демек, силерге кереги жок»,- деди. Министр планшеттер кагаз иштерине байланыштуу жумуштарды кыйла жеӊилдетерин айтып актанды. Дегеле планшеттер Кыргызстанда ар кандай баада. Эӊ арзандары 4 миӊ сомдун тегерегинде. 50-60 миӊ сомдун тегерегиндеги баада мыкты планшеттерди алууга болот. «Apple» компаниясынын эӊ акыркы үлгүдөгү планшеттери деле 114 миӊ сомго жетпейт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
эмне мынча арзанын алып атат ошолордо жокпу?дагы ала тушсун кымбаттарын элдин сабыры тугонот бир убакта
Депутаттар 22 000 креслодон баш тартып коюшту кымбат деп. Силер камырабай 28400 креслодо отуруп ищтегинер келеби? Тапкан экенсинер