БИР БҮРКҮМ
№685 18-декабрь-24-декабрь, 2015-ж
-

Жогорку Кеӊештин жыйынында оӊ рулдуу унаалардын жүк жана жүргүнчү ташуусуна тыюу салууну 2018-жылга чейин киргизбөө сунушталды. Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек.
-
Баткен облусунда аялдардын 50,7 пайызы, Ош шаарында 47,1 пайызы жана Ош облусунда 48,1 пайызы күйөөлөрүнүн зомбулук көрсөткөндөрүнө макул экени атайын иликтөөлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду.
-
Кыргызстанда 15 жаштан 24 жашка чейинки аялзатынын 93,1 пайызы үй-бүлөлүк жашоосуна канааттанышат. Мындай жыйынтык көп индикаторлуу иликтөөнүн жыйынтыгында маалым болгон.
-
Кыргызстанда ар бир онунчу жаш бала ата-энесиз жашап жатат. Алардын көбүнүн ата-энеси тирүү.
-
№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлер боюнча кылмыш ишин тергөө бүтүп, Свердлов райондук сотуна өткөрүлдү.
-
Кыргыз Республикасында калктын 58 пайызы бойго бүтүүдөн сактануу ыкмаларын колдонушпайт. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин отчётунда белгилүү болду.
-
Дүйнөнүн 43 өлкөсүнүн балдары катышкан билим олимпиадасында кыргыз жеринен барган Чыӊгыз Тилебалдиев химия сабагы боюнча 3-орунду ээледи.
-
«2016-жылдан тарта мамлекет унаа номурларын чыгарууну өз колуна алат. Андан жылына 100-200 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турат»,- деди Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
"Саясат" эмес, "Жылдыз төлгө" рубрикасына чыккан))
http://www.super.kg/article/show/34517/