БИР БҮРКҮМ
№686 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
-

20-декабрда
СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВДИН «Аруу кызым» аттуу клибинин бет ачары болуп өттү.
-
Ырчы АВАЗ АКИМОВ «Бактылуу» аттуу ыр жаздырууда.
-
ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ Ош шаарына жаӊы үй салып көчүп кирди.
-

Ырчы
РОЗА ШАКИРОВА «Кызганыч» аттуу ырына клип тарттыра баштады.
-
Куудул ЖАКУТ СЫДЫКОВ «Шаты» деген куудулдар тобун түзгөнүн айтат.
-
Режиссёр ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ Саякбай Каралаев жөнүндө кино тартат.
-

15-декабрда Стамбул шаарында өткөн «Bala Turkvizyon-2015» эл аралык ыр сынагында
АЙДИН НУРДИНОВ 4-орунду ээледи. Ага «Turkvizyon» эл аралык сынагында «Алтын үн» наамы ыйгарылды.
-

«Боз салкын» тасмасында Бурманын ролун жараткан актриса, режиссёр
ЭЛНУРА ОСМОНАЛИЕВАНЫН «Сейде» аттуу кыска метраждуу тасмасы АКШда өтүүчү «Сандэнс» эл аралык кинофестивалына катышмакчы.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0