
Көп жылдан бери Орусия шоу-бизнесинен өз ордун таап, эмгектенип келе жаткан кыргызстандык «Город 312» тобунун солисти
Светлана Назаренко (сахнадагы аты Айя) «Бишкектин ардактуу атуулу» наамы менен сыйланды. Ырчыга сыйлыкты 21-декабрда Бишкек шаарынын мэри
Кубанычбек Кулматов тапшырды. Шаар башчысы сыйлык тапшыруу учурунда Светланага чыгармачылык ийгиликтерди каалап:
«Бул сыйлык дагы да болсо бийиктиктерди, жогорку деӊгээлдеги ачылыштарды жасаганга түрткү болот. Биздин ар бир жараныбыз сиз менен сыймыктанат»,- деди.
Назаренко ыраазычылык билдирип:
«Мен бул сыйлыкка татыктуумунбу, жокпу билбейм. Бирок сыйлык жакындарыма жагымдуу белек болот»,- деп кубанычы менен теӊ бөлүштү. Андан кийин эле ырчы интернеттеги баракчасына:
«Кыргызстандыктар, мындан ары ар бир кадамыма дыкаттык менен мамиле кылам. Мага ишеним артканыӊыздарга чоӊ рахмат! Мен Кыргызстанда төрөлгөнүмө сыймыктанам!»- деп жазып чыкты.
star@super.kg