БИР БҮРКҮМ
№688 8-январь-14-январь, 2015-ж
-

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти Зейнеп Шаакееванын атын алган «Ак элечекчен айымдар» тобу түзүлдү.
-
Назгүл Токтакунова «Тилегим өзүӊ», Айгерим Расул кызы «Ата-энеге таазим» деген жаӊы ырларды жаздырышты.
-
Нэна «Көздөрүӊө» аттуу ырына анимациялык клип тарттырып бүттү.
-
Тамашоучу Самат Эркинбеков «Доктор Айболот» аттуу комедиялык тасмада баш каармандын ролун аткарууда.
-
Арсен «Бир өзүӊө» деген ырына клип тарттырып, анда өзү роль жаратат.
-
Куудул Абдылда Иманкулов Бишкекте жазында берчү жеке концертине кызуу даярданып жүрөт.
-
«No name» командасы менен Өктөм Сапар уулу «Шок жигиттер» деп аталган дуэт жаздырышты.
-
18-январь күнү «Ак шоола» балдар хору Улуттук филармонияда 30 жылдык юбилейин өткөрмөкчү.
-
Тамашоучу, актёр Бакыт Осмонканов 27-декабрда кыздуу болуп, атын Нурайым деп коюшту.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1