Билесизби, бул өсүмдүктүн кабыгынан бетке түрдүү маскаларды жасасаӊыз болот. Себеби анын пайдалуу жактары көп. Бул тууралуу төмөнкү макалада кеп кылдык.
КУРГАК ТЕРИ ҮЧҮН
Мандариндин кабыгын кургатып, майдалап, ага 1 аш кашык каймак жана 1 жумуртканын сарысын кошуп аралаштырабыз. Пайда болгон боткону бетиӊизге сүйкөп, 15-20 мүнөт кармоо керек. Кийин жылуу суу менен жууп саласыз.
МАЙЛУУ ТЕРИ ҮЧҮН
Мандариндин кургатылбаган кабыгын кайнатылып муздатылган 1 стакан сууга саласыз. Аны суудан чыгарбай туруп кашыктын жардамы менен эзип, 1 суткага караӊгы, салкын жерге коюп коюу керек. Буга кебезди малып бетиӊизди сүртсөӊүз, териӊиздин майланышуусун алдын алат жана безеткилерден арылтат.
ЧАЧ ҮЧҮН
1 мандариндин кабыгын майдалап туурап, ага 1 аш кашык көк чайды кошуп, үстүнө жарым литр кайнак сууну куюӊуз. Бул суюктукту 7 мүнөт жай отко коюп кайнатыӊыз. Кийин сууну дакиден өткөрүп, аны менен башыӊызды жууган соӊ чачыӊызды чайкап алыӊыз. Бул чачты жалтырак, жибектей жумшак кылат.
ЖАШОО-ТИРИЧИЛИКТЕ
-
Мандариндин кургатылган кабыгы от жагууда мыкты тамызгы болуп берет.
-
Кургатылган кабыгын чүпүрөккө ороп, кийимдердин арасына коюп койсоӊуз күбөдөн сактайт.
-
Бөлмөдөгү жагымсыз жыттардан арылуу үчүн мандариндин кабыгын идишке салып текчеге коюп койгонуӊуз жетиштүү.
-
Бөлмө гүлдөрүнүн идишине кургатылган кабыкты майдалап сээп койсо, курт-кумурскалар жолобойт.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
соонун кенеш экен