
Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университети жаш ырчы
Аяна Касымовага 5 жыл бекер окуу сертификатын берди. Бул тууралуу окуу жайдын Таанытуу борборунун директору
Жыргалбек Аманкулов: «
Университет Аяна Касымовага маданиятка кошкон салымы үчүн бул орунду берүүнү чечти. Мындай себеп менен окуу жай алгачкы жолу маданият өкүлдөрүнө орун берип жатат,- дейт.
Андан сырткары Аяна жакында Америкага барып сүйүктүү ырчысы
Селин Диондун концертине күбө болуп келди. Балалык кыялын орундаткан ырчы:
«5 жашымда «Титаник» тасмасын көргөндөн бери Селин Дионду өз көзүм менен көрүп, анын концертине барсам деп кыялданчумун. Жарым жыл мурун анын сахнага кайтканын билип, билетти брондоп койгом. Концерт башталганда намысты жыйыштырып коюп 10 катардан ашып өтүп, кумириме жетип сүрөткө түштүм»,- деп толкунданып интернет баракчасына билдирүү калтырган.
star@super.kg
)))
Эгер ошол кыялыныз ишке ашса сиздерда суйунмоксуздор. Коро албастык болду бул жерде, сиздерде Аянаныкындай талант жок. Албетте менде да.
Правда смешно да?
Аяна не атайын концерт учун атайын окендын аары жагына барыппы? Шанс болсо айгада учушуна тилектешмин))))
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!