Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«АК ХАЛАТЧАНДАРДЫН КӨӉҮЛ КОШТУГУНАН КЫЗЫМ ТӨРӨТТӨН КАЗА БОЛУП КАЛДЫ»

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж


Бишкек шаарындагы 4-төрөтканада буга чейин көп ирет чуулуу иштер катталганы баарыбызга маалым. Бул жолу да аталган төрөткана ызы-чууга жем таштады. 2015-жылдын 10-декабрында төрөт учурунда 29 жаштагы Аида Борулдаева каза болгон. Маркумдун туугандарынын айтымында, анын көз жумганына ак халатчандар күнөөлүү. Биз бул окуяны иликтеп көрүүнү эп көрдүк.

«ДАРЫГЕРЛЕР ЖАРДАМ БЕРИШКЕН ЖОК»
Маркум Аиданын бир тууган сиӊдиси, окуянын күбөсү Бегайым Абдылдаева окуя тууралуу буларды айтып өттү:
– Жездемдин Миргүл деген таажеӊеси 4-төрөтканада иштегендиктен ошол төрөтсүн деп эжем атайын бул жакка катталган. 2015-жылы 10-декабрда эртеӊ мененки саат 8дерде эжем толготуп, аны төрөтканага алып келдик. Саат 11лерде төрөтүүчү бөлмөгө эжемдин жанына кирдим. Акушерлер анын кан басымын, абалын текшеришкенде баары эле жакшы болчу. Эжем толготуп, улам отуруп-туруп кыйналып кетти. Миргүл менен жанындагы акушер келин ага жардам бергендин ордуна алыстан карап, «даяр боло элек» деп жайбаракат сүйлөшүп отурушту. Миргүлдүн жанындагысына «кечээ аттестациядан «төрөт учурунда операцияга кантип кириш керек?» деген суроо келип билбей өтпөй калдым. Жалгыз мен өтпөй калып уят эле болдум» дегенин угуп калдым.
Эжемдин алы кетип кыйнала баштады. Бир маалда мага «Бегай, төрөй албайт окшойм» деген акыркы сөзүн айтты (ыйлап). Тигилер анын кыйналып жатканын көрүшсө да консилиум кылышпай, өздөрү ичин сыгып жатышты. Акыркы толгоосунда эжемдин бети-башы, оозу көгөрүп кетти да, эсин жоготту. Ошондо гана башка дарыгерлерди чакырышты. Эжемдин бетине суу чачып жардам берип жүрсөм, дарыгерлер мени сыртка чыгарып салышты. Ошол маалда баланын башы чыгып калган эле, кантип төрөлгөнүн көрбөй калдым. Тагиев деген врач төрөтүптүр. Бир маалда баланы жандандыруу бөлүмүнө алып кетишкенде артынан жөнөтүп жиберишти. Барып кайра келсем, эжемди операцияга алып кирип кетишти. Кечки саат 6-7лерде башкы дарыгер Бурул Алмазбекова иш бөлмөсүнө чакыртканынан барсак, суук кабарды угузду.
Эжемдин төрөтүнө катышкан Шайыр деген эже «Аида операцияга киргиче 1 сааттай каралбай калган, ошондон кан көп кетип калды. Кыйналып жатканда наркоз да сайып салышыптыр, ошондон ойгонбой калды» деди.

«БАЛКИМ, КӨБҮРӨӨК АКЧА БЕРГЕНДЕ МЫНДАЙ БОЛБОЙТ БЕЛЕ?»
Ал эми маркумдун апасы Бурул Камбарованын ою мындай:
– Кызым Аида буга чейин 2 баланы жакшынакай эле төрөгөн. 3-баласын төрөөрдө минтип шум ажал колубуздан алып кетти. Азыр баласынын абалы жакшы, кудагыйым багып жатат. Толгоосу башталганда төрөтканага келип, кичүү кызымды жанына кошуп киргизип, өзүм сыртта күтүп калгам. Ак халатчандардын көӊүл кош мамилесинен кызым каза болуп калды. Аида башында келгенде Миргүлгө 1000 сом берип, аман-эсен төрөсө ыраазы кыларын айткан экен. Балким, көбүрөөк акча бергенде башкача мамиле кылат беле?

«ЧЫНДЫКТЫ ЖАШЫРЫП ЖАТЫШАТ»
Андан соӊ окуянын дагы бир күбөсү, 4-төрөтканада акушер болуп иштеп келген Шайыр Кадыровага жолугуп, окуя тууралуу оюн уктук:
– Өзүм 25 жыл Жалал-Абадда төрөтканада, кийин Бишкектеги 4-төрөтканада 4 жыл акушер болуп иштедим. Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен ар жыл сайын же ишке орношуп жатканда төрөткананын дарыгерлери анализ тапшырышат. Эгерде аларда кан менен жуга турган оорулары болсо, башка жумушта иштеши керек. Анализдин жыйынтыгында Нади Тагиев деген дарыгердин ооруй турганын билип калдык. Себеби тизмени илип, ооругандарды кызыл менен сызып коюшат.
Бир жолу башкы дарыгер Бурул Алмазбековага «Ооругандар эмнеге төрөткө катышып жатышат? Алардан аялдарга оору жугат да» деп койгом. Ошондон тарта мени жактырбай башташты. Маркум Аиданын төрөтүнө, операциясына да ошол Тагиев катышты. Мен да башка бир аялды карап ошол жерде элем. Аида кыйналып жатканда Бурул Алмазбекованы чакырсак, ал келип Тагиевге «Мунун жатыны айрылып кетсе керек. Наркоз берип текшерип көрүү зарыл» деп айтты. Тагиев колун салып текшерип көрүп «таза эле экен» деп койду. Ошентип Аида ал төрөт бөлмөдө жарым сааттай жатып калып, кан көп кетти. Мен караган бейтапты башка төрөт бөлмөсүнө которуш керек болуп, аны менен кетип калгам. Аиданын операциядан каза болуп калганын уктум. Текшерүүлөр башталганда оорулуунун таржымалы жазылган кагазга төрөткө катышкан дарыгерлер «баарыбыз чогулганда Аиданын кыйналганын көрүп 10 мүнөттүн ичинде операцияга жибергенбиз» деп жалган жазып коюшуптур. Мен «Операцияга киргиче жарым сааттан ашык жатты го, балким, дароо алып кетсеӊер келин аман калмак. Бурмалабай эле койбойсуӊарбы» десем, башкы дарыгер мени жумуштан чыгарып салды. Териштирүү учурунда 6 дарыгер кылган ишин танып койду. Акыйкаттык издеп акыйкатчыга, министрликке арыз жазсам, алар «териштирүүдөн кийин билинет» дешти. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасына арыз жазганы барсам, прокурордун жардамчысы «Өлгөн аялдын туугандары арыз жазбаса, сизге эмне жок? Сизди жумуштан алып салганына ичиӊиз ачышып жатат да» дейт. Мен «биздин коридордо видеокөзөмөл бар. Ошондон Аиданы операцияга кайсы убакта алып кеткенин текшерип бергилечи» десем, «жок» деп койду. «Видеокөзөмөлдөгү архив 20 күндө өчүп калат, архив өчкүчө текшерели» деп көптөргө кайрылдым, ана-мына деп убакытты созуп отурушуп, акыры архив өчүп калды.
Биздин 4-төрөтканада иштеген дарыгерлер туугандарын төрөткөнү алып келсе, анда башкы дарыгерге сөзсүз 1000 сом бериши керек. Антпесеӊ ал тууганыӊды төрөтүүгө уруксат бербейт. Мен дагы бир тууган агамдын кызын төрөткөндө Бурул Алмазбековага 1000 сом берип уруксат алгам.

«ЭКСПЕРТИЗАГА БЕРБЕЙ КОЮШКАН»
Маркумдун туугандары менен чогуу 4-төрөтканага барып, төрөткө катышкан дарыгерлерге жолуктук. «1000 сомду алганыӊыз чынбы?» деген маркумдун туугандарынын суроосуна Миргүл Исмаил кызы «мен Аидадан эч кандай акча сураган эмесмин. Бирок ал «төрөткө керектүү нерселерди алууга жумшаӊыз» деп 1000 сом берген. Мен тууганыма кантип жамандык каалайын? Ага жардам гана бергим келген. Мындай окуя болуп кетерин күткөн эмесмин» деп көзүнө жаш алып жооп кайтарды. Андан соӊ төрөткананын жетекчиси Бурул Алмазбековага жолугуп, окуя боюнча кандай иш-чаралар болуп жатканын сурадык:
– 2015-жылы биздин төрөтканада 9598 төрөт кабыл алынды. Анын ичинен 500гө жакыны кан жоготту, бирок ошонун дээрлик бардыгын сактап калганбыз. Тилекке каршы, Аида Борулдаева аттуу бейтап каза болуп калды. Баланын каканак суусу энесинин кан тамырларына кирип кеткен экен. Мындай оорудан дүйнөлүк статистикада 90 пайыз аял өлүмгө учурайт. Биз анын өмүрүн сактап калууга болгон күчүбүздү жумшадык. Операция жасоого тажрыйбалуу 4 дарыгер катышты.
Маркумдун туугандары «Миргүл аттестациядан өтпөй калыптыр» деп жатышат. Ал аттестациянын төрөткө эч кандай тиешеси жок. Негизи, биз бейтап төрөт учурунда каза болуп калса, сөзсүз денесин союп текшерүү үчүн экспертизага жөнөтөбүз. Аида каза болгондо да сөөгүн экспертизага жиберткем. Бирок туугандары «кызыбызды сойдурбайбыз, дарыгерлерге дообуз жок» деп кол коюп, өлүкканадан сөөктү алып кетишиптир. Эми минтип кайра бизге доо артышууда.
Мен биздин төрөтканадагы бир кызматкерди кызматтык милдеттерин бир нече жолу аткарбагандыгы үчүн кызматтан алгам. Ал киши ичи күйгөндөн улам биз тууралуу жалган маалыматтарды айтып жүрөт. Каза болгон Аиданын туугандарына да ар нерсени айтып көкүтүп коюптур. Эгер туугандары ишенишпесе, анда сөөктү кайрадан каздырып, текшертүүгө даярбыз. Бул иш боюнча бир нече комиссия түзүлүп, текшерип жатышат. Негизи, төрөй турган аялдан акча алынбашы керек эле, бирок биздин дарыгер Миргүл Исмаил кызы менен каза болгон Аида тууган экен. Алардын өз ара эмне деп сүйлөшкөнү мага белгисиз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Сыздаган эне: "Көбүрөөк акча берсем, кызым төрөттөн аман калмак беле?"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(97)
25.01.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол акушерка ичимди сылап жатып мени алдап кучтуусун эми бир ыйынсан эле чыгат деп жатып тороткон. Ошондогу эки кыргыз акушерканын ооздорунан спирт жыттанганычы мени родзалга камап коюшуп майрамдап (жаныжыл)отурушуптур да азыр деп коюшуп. Оозум, бетим колум, буттарым копкок болуп кеткен толготуп жатканда. Эмнеге деп акушерлерден сурасам туура эмес ыйынгансын деп кайра озумду куноолошкон.
25.01.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушул роддомдон торогом,кыйналып улам бироосу карап чыгып кетишет,болбойт толгоого чыдабай кыйкырып акыры столго чыгарып,ичимди сыдырып торотушкон,баламдын бети когоргон,шишиген козу ачылбайт
25.01.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бардык аялдарга куч кубат берсин Кудайым
25.01.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактаа. уксан журогун тушот. мен шаарда козомолдо журуп/айылда торогом т.а Кочкордо шугур жакшы карашат. Шаардыкы ото эле кооптуу болуп калды
25.01.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушул род.домдон торогом. жаным кыйналып жатса, приемныйда 2 аял бакырып-окуруп уршуп, сен эле эмес толтуралар кыйналып атат деп, ар кайсы суроо берип историяны толтуруп, анан узиге жиберди, ал жерде очеред коп экен, толготуп жатат карап берип кой десе, мага бары бир очередке карагыла деп койду. Блииин ошондо билдим кунун тушпосун эч кимге, озгочо врачтарга, ушундай жек коруп кеттим. Анан род.залга барганым озунчо трагедия, жерге жормолоп калсам да карабай отуп кеткендеричк биринчи торотум болгондуктан эч нерсе билбейт экем, куйоом экообуз эле болчук, кайындарым айылда болчу.
25.01.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин врачтар эмнеле болуп баратышат.Силердин эң биринчи милдетиңер адамдын өмүрүн сактоо акча алыш эмес.Врачта эң биринчи боорукерлик болуш керек.Бул биринчи болгон окуя эмес мындан да билинбей калгандары канча ким билет?Ким күнөлүү болсо ошол жазасын алсын.
25.01.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык ак халатчандарга ыйман ынсап берсин кудайым,эне боло турган кыз келиндерге куч кубат,чыдамкайлык берсин.
25.01.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстандын врачтары баары акча дешет,бир сом алганга акысы жок!мен да кыргызстанда эки торотум айыма жетпей 27недель торогом участковый врач жакшы караган эмес.Анан учунчусу боюмда болгондо Россияга келип тороону чечтимОрустардын врачтары молодец там бердим бир акча деген созду укпайсын.и бербесен да унчукпайт алар билет да ал озунун иши обязан экенин.ошентип эки баламы бир жакшына эле бир сом кетирбей тороп алдым.азыр учунчусу боюмда жакшы карап жатышат мин мертебе ыраазымын орустун врачтары
25.01.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 2 роддомдон торогом жакшы гинеколог эже бар экен бир сом сураган эмес,башка тажаалы бар экен торотумо катышпаса дагы акча алган уяты жок,бирок тороткон эделерге ыраазычылык бергенбиз кетээрибизде.
26.01.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иий,окуп журогун тушот го.Бишкектеги ошол роддомго барбай эле койгулачы,урматтуу кош бойлуу аялдар,Россияда бир тыйыны жок эле жакшынакай тородум,тоба Кыргызстан не болуп баратат,ушунча коментарийди врачтар окуш керек да.Отуп кеткен аялдын бейиши болсун,жакындарына конул айтам.
26.01.2016. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай, мындан артык кандай кубо керек какшап айтып жатат ко. Эми кубону каралап жатканын уяты жок, керек болсо жалпы эл кубо болуп жатат маньяктарга.
26.01.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун, 4- роддомдон 2014-ж. кузундо менин окул кызым каза болду тороттон, карабай коридордо жатып баласы ичинен олуп калыптыр, баласын алгандан кийин укол бербей тамак да беришбептир, синдиси кирсе уч кундон бери ачкамын деген экен, кундо берген тамагын санитаркалар ичип койчу экен, беш кун жатып маткасы жаман болуп кетиптир, операция кылып алып салышса кан токтобой болок больницага которуп жибериптир, ал жактан беш кун кан куйган экен, ал жардам болбой баласын сурап жатып каза болуп калды дешти. соогун морго откоруп коюшуптур, моргдо бир сутка журушту ала алышпай, айласы кеткенде доом жок деп жаздырып алышып анан беришти экоонун соогун. биздин минздрав, депутаттар министрлер коздору сокур, кулактары керенби, канча жаш омурлор кыйылып жатат бир жолу эмес дайыма ушундай проблемма ушуну козомолго ала алышпайт анан кантип келечекти кантип жакшы умут менен карайбыз.
28.01.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altunbek78,4-роддомдун главный врачын эле эмес баардык врач,санитаркасына чейин алмаштыруу керек,же биротоло жаап эле салсын.Кимге кереги бар мындай жан алгычтардын акча учун... Жаткан жери жайлуу болсун.
26.01.2016. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай окунучтуу...Жаткан жери жайлуу болсун... Калган омурун балдарына берсин Аллахым... Мен 3 баламды тен Астанада тородум. Чындыгында 3-оондо тен аябай козумо карашты,жолдошум акча берсе албай коюшту эсен-аман торосун биринчи деп,анан тороп,2саатан кийин палатага которуп атканда бердик рахмат деп. Анткени бул жерде чындыгында закон иштейт,врачтар закондон коркушат. Анткени аялдын олуму учун акушер,гинеколог,боюнда бар кезинде караган участковый врач жоопко тартылсын деген статья бар экен.
26.01.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Кудайга шугур бизде врачтар жакшы. Мен да 8- март куну эрте менен кан кетип баргам. Ноомотчу врач текшерип баланы сактап калыш керек деп айына жетпей операция жолу менен баламды сактап калышты. Майрам кундору деле чакырышса келип иштей беришет. Акча деле сурашкан жок, тез- тез кирип абалымды текшерип карап турушту,беш кол барабар эмес деп ошого айтышса керек. Рызбан эжеге Махабатка ыраазычылык билдирем жонокойлугунуздордон жазбаныздар.
26.01.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаганат! дуйнодо баланын жамандыгын эне корбосун! андан откон тозок барбы деги.Куноо кимде болсо да,кудайым оз жазаларын берсин!врачтардын шалаакылыгынан коптогон карапайым элдер запкы жешет! азыр пулун болсо кулунмун деген кудай урган заман болбодубу...
26.01.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да 3 баламды 4 чу роддомдон жарык дуйного алып келгем.рахмаат кудайыма ыраазымын.Бирок ал жердин итинен битине чейин акчасыз кыймылдабаган ото начар карышкырлар иштээрин эн жакшы билем.Чонтокторуно тыйын салып турбасан бир кадам жакшылык кылышпайт.
26.01.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар эмне акча деп эле калган мындай адамдан омуру менен оюноп калган я аркы дуйнодо кантип сурак берет экен
26.01.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи баламы оз кучум менен торогом.экинчи баламда ай сайын врачтардын козомолунон отуп оорусуз эле жакшы журдум.толгоо башталып роддомго барсам бир акушер эже кабыл алып баржогуму текшерип торт сааттын ичинде тороп аласын деп суйунтту. эртерек торотуп алайын сени деп улам улам укол берип жатты жамбашыман.эки сааттан кийин кирип каканагыны жарып кое берейин батырак торойсун деп каканакты жарып салды.толгоо кучоп торт саат эмес сегиз саат отту.акыры тан атып 12саат отту.суу кете берди.толгоо жоголуп кетти.башкы врач келип ызычуу салды ким жарды каканакты деп жанагы жарган эже былтыйып мен жарбадым деп койду.менда ундободум.себеби ал эже мени торотуп алам кыйнабай деп аракет кылган болчу.анында себеби бар мен ага озум айткан элем жакшы торотуп алыныз мен сизди ыраазы кылам деп.ошентип торт саатта торошум
керек болгон мен 16сааттан кийин операция жолу менен экинчи баламды торогом.эч кимге арызданбадым балам тынч озум тынч кудайга шугур деп.бул жерде эн чон катачылык врачтардан кеткенин жакшы тушуном бирок конулчок жаным эчкимди кайгыга салгым келбеген.
26.01.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
министрибиз эмне чара корбой отурат. башчыда иштин баары.энелердин убалы урат .каргыш тукум кууйт дейт.озунорду эмес баланарды, кызы нарды же неберенерди ураарын эсинерден чыгарбасанар дейт элем.менда 4- роддомдон торогом кудай сактасын.олуп баратсанда карашбайт. колунардан келсе камера алып баргыла озунордун коопсуздугунар учун. жок дегенде телефонго тартып тургула жасаган орой мамилелерин байкатпай албетте.
26.01.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай окунучту. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун. Калган омурун балдарына насип этсин. Мен Россияда торобум клп кан кетип давлениям которулуп аябай кыйналып ошондогу врачтарга мин мертебе ыраазымын кан куюшуп реанимацияга которуп бир суткадан кийин оздору жуундурушуп анан палатага которушкан ошондо бир тыйын алышкан жок.
26.01.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эле болушсун
26.01.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда тороп жандандыруу болумундо жатсам кунуно 5-6 жолу врач келет медайымдар козуму карайт тамак ичирет жуундурушат туалетке алып барышат козуму карап мамиле кылат куйоомо бул жакта жакшы карашат экен десем куйоом акча берген экен врач ачык эле айтыптыр колунузда бар эле неме экенсин бираз акча берсениз аялынызды жакшыраак карашат деп ар бирине 500 сомдон бертптир ( кесерово болгом 30 000 миндей кеткен 4 торот уйундо торогом)
26.01.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
26.01.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жатккан жери жайлуу болсун:(
чынында казахстанда жакшы торотушот 3 акушер жанындан чыкпайт белинди ушалап,биросу суусун берип,2 баламда тен эштеке албай койушкан болбойт деп,торөп жатканда 6-7 врач турат ишикылып,бизде да ушундай карашса торотто олум аз болот беле:(
26.01.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин суйуктуу эжем болчу даа ишенбей олгонуно,андай Болушу мункун эмес .
26.01.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучту,Мага сабак берчу да Айда эже ,ишене албай турам.окуп жаттып шок болуп калдым.кеече коргон Адам бугун жок деген чын тура.жаткан жери жайлуу болсун(((((Айда Эжени бутт баарыбыз жакшы корчубуз.Политехнический колледже.Палитехтин главныйында орду чоон болчу.эже айтып жатты элее,декабырда бошонсом апрель майда жумушка чыгам деппп.
26.01.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун!!!Мен да 2баламды Красноярскийде торогом,албетте ал жакта закон бар,жана козомол жакшы.Бир тыйын акча кеткен эмес,бирок эсен аман коз жарып алды деп куйоом акушеркагаыраазычылык билдирген.Эх бизде да ушундай бекем тартип болоор бекен,качан?
26.01.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда торогон жакшы окшойт э. Ова 4то карашпайт, аларга типичноле корунот сыздаган аялдар, кудайым жардам берсин. Экинчимди 3 то торогом, платный болгону менен, бирок более жоопкерчиликтуу персоналдар. Сан Саныч деген ото профессионал, анан Баранова тоже кыйын еврейка
27.01.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аллахым ар бир аял затына куч кубат берсин,жайы жаннаттан болсун,уулуна омур берсин,ак халатчан жан алгычтарга жазаларын Аллахым берсин.
27.01.2016. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол 4-роддомго барбай эле койгула Ошондой орой мамиле жасаган врачтарды Элдик Кабарга аты жонун толук жазып кабарлап койгула Адам омуруно оюнчуктай мамиле жасаган врачтар менен медайымдардын аты жонун бут Кыргызстан билсин!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: