
2015-жылы
Кайрат Примбердиевдин ити чөп жеп, ташы өргө кулагандай эле болду. Орусиянын Россия-1 телеканалындагы «Главная сцена» сынагына катышып, калыстардын жылуу сөзүн угуп, суперфиналга чейин жетти. Кайраттын талантына кызыккан калыстар тобунун мүчөсү, орусиялык ырчы
Елена Ваенга аны жеке концертине катышууга чакырганы маалым. Ырчы мырза 28-январда Санкт-Петербургда өтчү Ваенганын концертине барууга даярданып жатканын билдирди. Кечеде Кайрат ырчынын тамшанып уккан «Я любил одну милую» аттуу чыгарманы аткармакчы.
«Ал жактан кайтып келгенден кийин телеканалдардын биринде алып баруучу болом» деген ырчы буларды кошумчалады.
«Кайсы телеканал экенин айтпай турайын. Шоу берүүгө алып баруучу болуумду суранышууда. Бул берүүнүн өзгөчөлүгү – алып баруучу да болуп, өзүм дагы ырдай берет экенмин».
star@super.kg
P.S. Таланты жок, ырдай албайт дегендердин оозун жабып эле койдунуз! Ушунунуздан жазбаныз!