
«Эсиӊдеби?», «Сүйүү балы», «Туулган күн» деген шаӊдуу ырларга отуруштарда агаларыбыз бийдин сазайын беришчү. Акыркы убакта бул чыгармаларды ийине жеткире аткарган
Кудайберген Кутуевдин дайыны чыкпай кетти.
«Ырчынын кайда, эмне кылып жүргөнүн билип бергилечи» деп суранган окурмандарыбыз арбын. Айрымдар аны
«кургак учук менен ооруп жүргөн» деп айтып жүрүшөт. Ырчынын айылдаш инисинин айтымында, ал бир нече жыл мурун Бишкектеги кафелердин биринде ырдап жүргөн. Ал ырчынын жубайы менен ажырашып, эки баласын өзү жалгыз чоӊойтуп жатканын кошумчалады. Кудайберген Кутуев бизге акыркы жолу
«көрө албагандар жашоомо кара так түшүрдү» деп маек курган эле. Дайынын билгизбей жүргөнүнө караганда ырчылыктан көӊүлү калып, чыгармачылыгын
токтоткон өӊдүү.
star@super.kg
http://www.super.kg/media/useraudio/62164/
ушул ссылка менен кирсен ыры бар
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!