
Өткөн аптада мандатынан кол жууп калган Жогорку Кеӊештин депутаттары
Эльмира Жумалиева менен
Чолпон Эсенаманова 15-январь күнү депутаттык ыйгарым укуктарын сот аркылуу кайтарып алышты. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту БШКнын аталган эки эл өкүлүнүн мандаттан ажыратуу чечимин жокко чыгарды. Сот өз чечимин Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын талапкер кезинде жазган арыздарынын юридикалык күчү жоктугуна таянып чыгарды. Бирок БШК Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы чыгып, Жогорку Сотко кайрылды. Жогорку Сот бул ишти 21-январда карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Башкача айтканда, аларга мандаттар кайтарылып берилбей турган болду.
Буга катар Эльмира Жумалиева «Кыргызстан» фракциясынын лидери
Канатбек Исаевди «жасалма документ жасаган» деген жүйө менен сотко берди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
Тообо-тообо, ушундай кантип болсун, 6 айдан бери депутаттар ордун табалек...
Мектепте стол,орун талашчу элек...1-сентябрда барып алып...