
«Eagles» америкалык рок-тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, «Hotel California» аттуу хит ырдын жаралуусуна салым кошкон гитарист Гленн Фрай 67 жашында дүйнө салды. 18-январда Нью-Йоркто каза болгон музыкант жашоосунун акыркы күндөрү муун оорусу, ашказан жарасы, өпкө оорусу менен күрөшүп келген.
Эске салсак, Гленн Фрай менен барабанчы Дон Хенли 1970-жылдардын башында «Eagles» тобун негиздешкен. Топ 1980-жылы чачырап, 1994-жылы кайрадан бириккен. Топ тарап кеткен учурда Фрай жеке карьерасын ийгиликтүү баштап, 1982-жылы «No Fun Aloud» аталышындагы биринчи альбомун чыгарган.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg