Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«АТАЛАШ АГАБЫЗ СИҢДИМДИ АЯЛ КАТАРЫ КОЛДОНУП ЖҮРҮПТҮР»

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж


«Сиӊдимди кошуна жашаган аталаш агабыз зордуктап жүрүптүр. Ал кезде сиӊдим 11 гана жашта болчу» деген Рахима Айкынбаева аттуу каарманыбыз окуя тууралуу айтып берди.

«КУРАН КАРМАТСАК ТАНА АЛБАЙ КАЛДЫ»
-Биз Талас облусунун Бакай-Ата районунан болобуз. Сиӊдим Рахат (белгилүү себептерден улам айрым каармандардын аты-жөндөрү өзгөртүлдү) менин бир тууган агамдын кызы. Жеӊем менен агам ажырашып кетип, Рахатты кичинесинен биз бактык. Баарыбыз жай-жайыбызга тарап, турмуш жолуна аттангандан кийин ата-энемдин тиричилигине кол кабыш кылып жалгыз Рахат калды. Үй-бүлөбүз ошол маалда кыйналып, үйдү күрөөгө коюп насыя алышканын жашырбайм. Ошону төлөйбүз деп атам менен апам керээли кечке жумушта болушат. Аларга тамагын, үй тиричилигин жасап Рахат дайым үйдө болчу. Жалгыз калгандыгынан пайдаланып аны атамдын кошуна жашаган бир тууганынын 1985-жылы туулган уулу Эрмек Дооронов зордуктап жүрчү экен. Каршылык көрсөткөнүнө карамак беле, кенедей кызды эки бүктөп эркине баш ийдирет да.
2013-жылы балам ооруп айылда көпкө жүрүп калдым. Алгачкы шектенүү ошондо башталды. Башында зордуктоого аракет жасап, жаӊыдан өөрчүп келе жаткан кыздын дене мүчөсүн кармалап кумарын кандырып жүрчү экен. Бир күнү менден кийинки сиӊдимдин жолдошу түнкү саат 10дор чамасында эшикке чыгып, үйдүн жанындагы жайкы душтан Рахаттын шымын шымданып качып чыкканын, артынан Эрмек да чыкканын көрүп калат. Эрмек күйөө балама «Рахат душка заара кылганы кириптир, көрүп калып урушуп чыгарып ийдим» деп коюптур. Күйөө балам келип окуяны сиӊдиме айтып, андан биз уктук. Апам менен сүйлөшүп, ага Рахаттан такып сурайлы дедим. Себеби мен Эрмектен андай нерсе күтчүмүн. Ал кичинемде кол салып, эч нерсени түшүнө элек мени да зордуктоого аракет жасаганы эсиме түштү.
Рахат төкпөй-чачпай агабыздын зомбулук көрсөтүп келгенин ыйлап айтып берди. Ошондон кийин Эрмекти тууганча сүйлөшөлү деп үйгө чакырдык. 5 маал намаз окуп, элди ыйманга үндөгөн адам болчу. Келип эле караманча танып кирди. Ошол кезде төркү бөлмөдөн Рахат куран китепти алып чыгып, «Кудай деген адам болсоӊ куранды кармап туруп танчы!» деп жатпайбы. Кенедей эле сиӊдим бала туруп көз алдымда чоӊоё түшкөнүн байкадым. Ошондо Эрмек тана албай калды. «Мен тамашалап эле койгом, экинчи Рахатка жолосом Кудай урсун» деп чыгып кетти. Туугандар «окуя тууралуу айылга таратпай ушул жерден бас-бас кылалы, бир тууган болсок, эл-журтка шерменде болобуз» деп сүйлөштүк.

«ЖЕҢЕБИЗ КӨРҮПТҮР, БИРОК СОТТО АЛ ЭСКЕ АЛЫНГАН ЖОК»
-Анткен менен иш ушул боюнча тындым болгон жок. 2014-жылы Рахат 13кө чыгып калганда Эрмектин бир тууган жеӊеси да көрүп калат. Анда Эрмектин аялы ай-күнүнө жетип, төрөгөнү төркүнүнө кеткен. Апасы ооруп Бишкекке дарыланганы кетип, атасы буту сынып баса албай үйдө жаткан. Ошондо үйүнө барып тамагын даярдап берейин деп келген жеӊеси уктоочу бөлмөгө кирип, зордуктоонун үстүнөн чыгыптыр. Анын «кире калсам Эрмек Рахатты коё берип ийип, өзү уктамыш болуп жатып калды. Рахат болсо тура калып эшикке чыгып кетти» деп айткандарын жаздырып койгом. Бирок өзү сотко барып көрсөтмө берген жок, ал эми анын айтып берген аудиосун сот жаратпай койду.
Кыскасы, ошол күнү түйшөлүп жатып Рахаттын укугун коргоого белсендим. Милицияга арыз жаздым. Тергөөчү ишти карап тергеди, экспертизадан өткөрдү. Жыйынтыгында кыздын бир эле эмес, бир нече ирет интимдик катнашта болуп келгендиги аныкталды. Ыӊгайы келген жерден Рахатты көздөн далдоо алып барып, максатын ишке ашырып жүрүптүр. Азыр бул иш боюнча сот аяктады. Райондук сот Эрмекти 2 жылга гана үй камагына кесип койду. Мен буга макул эмесмин. Учурда Жогорку Сотко арыз жазууга камынып жатам. Рахат болсо Бишкектеги балдардын укугун коргоо борборунда дарыланууда. Ал психикалык травма алып, депрессияга катуу кабылды. Азыр аны менен психологдор иштешип, абалын калыбына келтирип жатышат. Ал эми айылдагы ата-энемди Бишкекке алып келгенбиз. Эрмек Доороновдун туугандары айылга бизди үй-бүлөбүз менен жаманатты кылды. Атам менен Рахаттын атасы зордукчуну өз колубуз менен жайлайбыз деп чыгышты. Ачууга алдырып балакет болбосун деп аларды араӊ кармап турабыз.

«ИНИМДИ АКТАБАЙМ, ОШЕНТСЕ ДА ЖҮЙӨЛҮҮ ДАЛИЛДЕР ЖОК»
Окуяга катыштыгы бар экинчи тараптын пикирин угуу үчүн Эрмек Доороновдун эжеси Жылдыз Доороновага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
-Иним 4 жылдан бери эле ушул маселе менен алышып келе жатат. Ал өз алдынча калыптанган, үй-бүлөлүү адам, 3 баланын атасы. Ошондуктан биз анын турмушуна аралаша албайбыз. Рахима да, мен да айылдан башка жактарга турмушка чыгып, чийден сырткары болуп кеткен кыздарбыз. Бир атанын балдары болуп тургандан кийин ушунчага чейин барып, коомчулукка жайбай эле койсо болмок. Болуптур, бул дагы Рахиманын тандоосудур, ар ким өзүнүн оюн туура чечим катары кабыл алат эмеспи. Ошончолук эле кыздын укугунун корголушун каалап жатса, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлобошу керек болчу. Менимче, Рахиманын дооматы четке кагылып, моралдык чыгымдарын кайтара албай калганы үчүн эле арданып жаткандагысы деп ойлойм. Бечара кызды психикалык ооруканага алып барып таштады, эмне пайда тапты? Инимди актабайм, бирок күнөөлөй да албайм, анткени эч ким аны зордуктоо учурунда кармап алган эмес. Сот анын кыздык белгиси жок болгонун жана «жашы жете элек өспүрүм калп айтпайт» деген гана психикалык экспертизанын жыйынтыгына таяп 2 жылга кести. Далил жок болсо сот айыпты асмандан алып тагабы? Рахима бизди «арызыӊарды алып, Эрмекти актап бергиле деп 14 миӊ сом сунуштады» деп жатыптыр. Мен муну танбайм. Бирок акча эмес, мүлк катарында берүүбүздү кыздын таенеси сунуш кылганы чындык. Себеби Рахима мага «бизге Бишкектен бардык шарты бар батирдин 3 жылдык ижарасын алдын ала төлөп бергиле. Кызды айылга бага албайбыз, мен аны дарылатышым керек» деген. Мен «бекер бирөөгө акча бергенден көрө, Бишкектен жатаканадан болсо дагы 10 миӊ доллардын тегерегиндеги 1 бөлмө алып бергенибиз жакшы эмеспи. Кийин Рахаттын өзүнүкү болуп калат» дедим. Муну таенеси да туура көрдү. Себеби Рахима сыяктуу эле Рахат да менин сиӊдим. Айылдагы аксакал, аттуу-баштуунун баары барып кечирим сурап, эки атанын балдарын жараштырууга аракет жасашты. Такыр болбой коюшуп, тууган арасында чечилчү ишти минтип бүт элге жарыя кылып салышты. Мен бул нерсени туура көргөн жокмун. Кыздын келечегин ойлош керек болчу.
Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 131-беренеси боюнча (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) кылмыш иши козголгон. Кийин экспертизанын жыйынтыгы менен бул 132-беренеге (16 жашка толо элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) алмаштырылган. Бакай-Ата райондук соту айыпталуучуну 2 жылга шарттуу түрдө кесип, моралдык чыгымдар үчүн тагылган 50 миӊ сом өлчөмүндөгү сумманы жокко чыгарган. Жабырлануучу тарап бул чечимге макул эместигин билдирип, Талас облустук сотуна кайрылган. Облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Сиңдимди зордуктаган аталаш агабыз 2 жылга гана үй камагына кесилди"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(78)
01.02.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соттогулар акчаны жеп мыйзам иштебейт ушинтип олум жазасыда кем бул адамга даже
01.02.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттогулар акчаны жеп ушинтип 2 жыл уй камагына тартышатда бул адамга олум жазасыда аздык кылат
02.02.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молдо болбой жерге кир!
05.02.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shahrizaada, чала молдо дин бузат, жерге комгонго жер ендай адамдарды кучактаганды не заслужевает ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-05 10:06:52
05.02.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sale-81,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
02.02.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул соттордун да кыздары зордукталса,уй камагына 2 жылга кесет бекен же турмодо чиритууну коздойт бекен? Ушундай зордуктоолор конул кош карагандан улам кобойуп баратат да мындай акмактар. Бычып кой нары,башкасына сабак болот. Эл да тынч,сот да тынч журот анан... Бизде мыйзам кучтуу иштемейинче,биз эч качан онолбойбуз...
02.02.2016. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эшек турбайбы. тийиштуу куболорду сотко чакырьаган прокурордо куноо. кантсе да жигитти акташ керек болду да. пара бергени корунуп турат. эн окунучтуусу анын уялбай элди кантип ыйманга чакырып жургоеу. эдеси бет тырмачы болбой инисин тыйбайбы. элге биринчи иретте иниси шерменде болду. а кызда не куноо. ал жабырлануучу. байкуш чонойсо оз жарын таап кетет. ал эми педофилди уй камагына чыгарса болот деген статьяга тан калдым. оз кыздарын да текшертиш керек, тиги зоокур педофил болсо ишениш жок.
02.02.2016. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эхх!..адилетсиз соттор!силерге да кудай бар!
02.02.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушундай темаларды коптон бери окубай койгон элем кыжалат боло берем кейип, эми дагы окуп алыпмын ойлоно берем тиги кыздын келечеги не болот деп байкуш жабырлануучуга эле жаман калгандары ар кимиси озунун пайдасына эле талаш тартыш кыла беришет ортодо кызга пайда деле тийбейм омур бою бактысыз болом деп психикалык жактан жабыркайт, Кудайым ушундай кыздарга бак берип жолун ачсын албесе оз каалоосу менен болбогондору тагдырдын жазганы болгондор
02.02.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bonia9189,Jakai89,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыздар!
02.02.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kim bolso da sottun chechimin chygargan adam akmak ele eken, kenedei kyzdy zorduktap atsa kaisy beti menen 2 jl ui kamagyna alat??? Birinen ekinchisi otkon aibandar... akcha aldy da beti jok sot. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-02 12:27:52
02.02.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chicagogirl,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
02.02.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунун баарына тартиптин жоктугу,олконун башкарган адамдар куноолуу. Качан элибизде тынччылык,тартиптуулук окум сурот экен. Элдин акысын жеп ким акча берсе ошонун созун суйлогон заман. Баарын бир гана Алла озу жазалайт.
SUPER.KG видео
02.02.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Kyzdyn ozundo da bar.
02.02.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул педофилдер менен элдер курошпосо тиги депутаттар башчылардын иши жок ((
02.02.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кызга туура жол корсотсун Аллах,мындан кийинки жашоосунда. А тигиге да жаза бар...
02.02.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фууу бл**н
02.02.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анадай молдолорду таш баран кылыш керек
элдида бузат мындайлар
02.02.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эректердин кобу эле "бузук" канча жаш болсо ошончо жакшы. Илгертен калган бул. 70тен ашкан Жантай чал "педофил" болуп жаш кызга уйлонгон. Кыз болобу уул болобу, ата-эне кулагына куюш керек кандай жамандык, кыйынчылык, оор кырдаал болсо мага айта гой. урушпайм,тушуном,жардам берем деп. Ошондо оспурумдор бардык койгойун айтышат. Бизде тескерсисинче "бир нерсенди билсем олтуром" дейбиз. Ошого оспурумдор ата-эне,бир туугандарына эч нерсе айтпай,оз койгойлору менен бирге ар турдуу нерсеге барышат
Медиа-портал
02.02.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай окуялар коп болуп жатат. токтотуунун бирден бир себеби атууга окум чыгарыш керек. Булар турмодо чирип олуш керек.
02.02.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыз эмне болот? Келечеги да эмне болот?
03.02.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми ушундай киши жашаш керекби? Бечара кызды кызды кордогон адам жашаганга акысы барбы? Бул адам дагы канча жаш кыздын тагдырын талкалашы мумкун? Мындай адамдарды олум жазасына тартыш керек!
03.02.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikuw kyz. Kyzdy kunoologondor oilonsonor kichine. Kys kantip kunoolu bolot. Siler Al kezde kandai elener. Al bajkuw oundan baska bilchu ubagy emes bolchu. Balanyn ejesinin aktkandary da tuura emes. Kaira tigini kunoolu kylyp janaky balla kantip chydap basyp jurot. Jer kntip kotorot.. Akmaktar uwul syiaktuu keldsoolordun aiynan jas kyzdar buzulup atatda
05.02.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kyzdyn tagdyry ne bolot
04.02.2016. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят эле уят эле
SUPER.KG видео
04.02.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kichine emes koop ele oilonup jazdym
SUPER.KG видео
04.02.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kyzdy balanyn jenesi balanyn uiundo tutup alyp jatpaiby nege al jaka barat?kaaloosu bolgon uchun!eger kaalabaganda kyikyryp eldi jardamga chakyryp je uiundogulorgo aitmakda.ozu undoboi jurgonu uchun kunoolu.albette arky mankurtda jazasyn alyw kerek.
Медиа-портал
04.02.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куноолуу жазаланууга тийиш.Эркек сорой уялбай жалган деп койот?Кыргызстандын соттору го сатылган адамдар.
04.02.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кыз! 11 ге чыккан кыз али наристе эле да
05.02.2016. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сотко акча берип ооздорун жаап коюшуп аялы экоо смело суйлогонун кара, Между прочим сакал коюп намаз окуп оздорунун кылмыштарын билгизбей элге жакшы корунушот, Акылганын ААлла Таала коруп турат кичине коркушса боло
06.02.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун ынсап берегор,ушундай зоокурлорго олум жазасын бериш керек,канчалаган наристелер,жашы жете элек секелек кыздар азап коруштат,качан ушуларды жогорку жактагылар карайт,булардын келечеги не болот.
06.02.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тиги кызда журо бербей уйундогулорго айтпайбы 2,3 жылдап журо бербей куран кармаганга акылы жетет экенго
06.02.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzatka94,сени ошентсе корот элем айтканынды.алам деген деп точно алам деген деп.
06.02.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобоо,эмне деген шумдук.Коз коруноо эле уй камагына чыгарып коюптурго.Коррупциянын уюгу сотто да.Эми республикалык сотко кайрылыштары керек.Болбосо айыл аксакалдары оздору бир чечим чыгарыш керек да.
Медиа-портал
10.04.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахима Айкымбаеваны булардын ата энесинин уйбулосун ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-04-11 10:08:13
Медиа-портал
11.04.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tipgul,
Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: