АРТЫК САИТОВ САХНАГА КАЙТАТ
№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

2006-жылы «Атага кат» деген популярдуу дуэтти аткарган ырчылардын бири
Артык Саитов көп жылдан бери сахнадан көрүнбөй кеткен эле. Көрсө, ырчы мырзанын чыгармачылыктан алыстаганынын чоӊ себептери бар экен.
«Мындан 7 жыл мурун кызым жүрөк кемтиги менен ооруп каражат керек болуп, продюсерим акча бербей чырдаша кеткенбиз. Андан кийин бут тосуулар көп болуп Алматыга кетип калгам. Учурда баары жайында, кызым да жакшы болуп кетти. Кыздарымдын улуусу 22ге чыгып, күйөө балалуу боло турган куракка келип калдым. Күйөрмандарымдын, сахналаш досторумдун көргөн жерден эле «качан ырдап чыгасыз?» деп сурай бергени мага дем берди окшойт. Анын үстүнө өзүм да сахнаны сагындым. Ошондуктан «Атага кат» деген ырымды жаӊылап иштеп чыгып, андан башка да ырларды жаздырып жатам»,- деп билдирди Артык мырза.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
6
Ийгилик! Жагымдуу ырларды күтүп калабыз.