
28-январь күнү стилист
Замира Молдошева кыздуу болду. Бул тууралуу бизге стилист айымдын жолдошу
Моӊолдор мырза кабарлады.
«Эртеӊ мененки саат 7де жубайымдын толгоосу башталып төрөт үйүнө жеткиргем. Анан доктурлар менен кеӊешип кесарево жолу менен төрөдү. Кызымды жарык дүйнөгө келери менен менин көкүрөгүмө жаткызышты. 3,5 килограмм салмакта төрөлгөн наристебизге ат коюу укугун Замирага бергем. Өзүнө жаккан ысымды ыйгара берсин. Кызымдын аман-эсен төрөлгөнүнө сүйүнүп жатам»,- деп билдирди кубанган Моӊолдор мырза.
Эске салсак, 43 жаштагы Замира Молдошева 15 жылдан бери наристе күтүп жүргөнүн билдирген эле. Эми минтип стилист айым 15 жыл күткөн кызын кучактап бактылуу болуп отурат.
star@super.kg
- Азыр үч жарым жашта, тили чыгып калды. Эркелегенде так сүйлөбөй калат, жини келсе так сүйлөйт. Бизге таарынса атасын «Мододор» (ред: Моңолдор), мени «Замира» деп калат. Кыскасы, күн сайын түрдүү сөздөрдү сүйлөп, ырдап, бийлеп атасы экөөбүздү кубандырат. Мен анын искусствого жакын адам болоорун байкап гимнастикага, пианиного берейин деп баарына алып бардым. Бирок, жашы кичине болгондуктан, киргизе алган жокмун. Жолдошум да «шашпай турсаң, чоңойсун» дегенинен азыр кызымдын тезирээк чоӊоюшун абдан күтүп жатам.