
Баш прокурор
Индира Жолдубаева отставкага кетерин 28-январда «24.kg» маалымат агенттиги жазып чыкты.
Керек болсо Индира айым бир ай мурун жумуштан кетүү боюнча арыз жазганы айтылууда. Бирок Башкы прокуратура толугу менен бул сөздөрдү четке какты.
«Башкы прокурордун кызматтан кетүү боюнча планы бүгүн да, бир ай мурун да болгон эмес. «Индира Жолдубаеванын өзүнөн маалымат алуу мүмкүн эмес болууда» деген маалымат да ойдон чыгарылган»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бул кызматка Индира Жолдубаева 2015-жылдын январь айында, мурунку баш прокурор
Аида Салянованын чуулгандуу отставкасынан кийин келген.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
Азырынча оозеки эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!