Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаевдин жана Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун айланасындагы коррупция боюнча сот иштеринде тергөө бурмаланганы айтыла баштады.
Эске салсак, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миӊ доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган экс-депутат тергөө учурунда бул ишке Президенттик аппараттын башчысы болуп турган Нарымбаевдин катыштыгы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, камакка алынган. Сотто мурун Нариман Түлеевдин жардамчысы, кийин Жогорку Кеӊештин аппаратынын кызматкери болгон Ольга Плотникова аттуу айым 50 миӊ долларды Назгүл Түлеевадан алып, Ак үйгө алып кирип, акчаны Хажимурат Коркмазовго бергенин айткан. Коркмазов бул акчаны Данияр Нарымбаевге тапшырганын билдирген. Мамлекеттик айыптоочулар Плотникова Ак үйдөн чыгып-кирген убакытты 16:50-16:54 деп белгилешкен. Бирок Нарымбаевдин жактоочусу Михаил Зауман жаӊы шайланган Жогорку Кеӊештен ушул маалыматты тактап берүүнү өтүнгөн. Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар тобу 4-январь күнү көз карандысыз IT-адис чакыртып, кирген-чыккандар боюнча маалыматтар сакталган компьютерден буга чейин өчүп калды деген маалыматты таап чыгышыптыр. Ага ылайык, көрсөтүлүп жаткан убакытта Плотникова Ак үйдөн кирип-чыкпаганы маалым болгон. Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев тергөө иштеринде бурмалоо болгонун айтууда. Бул маалымат учурда Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан чуулгандуу ишти башка нукка бура алабы-жокпу, азырынча белгисиз.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!