«Тамашоунун» таланттары
Бүгүн сиздер менен КРнын Коргоо министрлигинин Аскер институтунун курсанты, атасы менен апасынын сүйгөн баласы, 4-курстун сержанты жана жөн гана 2-рота командасынын капитаны Айбек.
Жашы – 2012-жылы 23кө чыкмак, бирок Ванганын айтканы чын болсо чыкпай да калышы мүмкүн.
Бою – Достору 190 сантиметр дешет, бирок, буга өзү деле ишенбейт.
Салмагы – Боюнан кыска.
Лакап аты – Ызы-чуу.
Дежур сөзү – Чегишпейлиби?
Үй-бүлөдө – Тилди уккан, жоош, жакшынакай, тентек.
Жактырган машинасы - Чүй проспектисинде жүргөн ак, кээде сары №38 лимузин.
Жактырган тамагы – Гөшлямфу.
Девизи – Кыргызстан үчүн бар күчүн, жада калса жок күчүн дагы аябоо.
Кумири – Мерген мостик Турган.
Максаты – Америкага эптеп барып, кайра келбей калуу.
Чөнтөкчүдөн жаңы акция: Эгер сиз 5 уюлдук телефон уурдатсаңыз, анда бирөө сизге белекке.
Дүйнө рекордчусу Усейн Болт Кыргызстанга тушоо тойго келип, чуркап, токтоно албай кошуна өлкөгө кирип кетти.
Эки достун маегинен:
– Досум, ууру тишиң бар турбайбы, ээ?
– Ооба, 2 жыл отуруп чыккан.
Дагестандагы балдар бакчасы. Тарбиячы тарбиялануучусуна:
– Ахмед, дагы сакалыңды албай келдиңби?..
Базарбек Абдураимов
Максаты – Америкага эптеп барып, кайра келбей калуу.
Munu kandai tushunso bolot?Kg da eptep ele jurso kerek,chynygy patriot emes.....
Amerikaga barip kelbey koyup kgga kantip kuch jumshayt eken baykush... Uyalbay aytkann kara dagi asker bolosun go sen... Jok degende askerler minday suylobosh kerek