БИР БҮРКҮМ
№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
-

Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15-19 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат. Бул тууралуу депутат Аида Салянова билдирди.
-

«Карышкыр, чөө аткандарга 6000 сом жана карышкырдын териси кошо тартууланганы жатат»,- дейт Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев.
-
10-февралдан тартып 10-мартка чейин Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган экспедициянын алкагында ал жакта жашаган 5 үй-бүлөнү көчүрүп келүү пландалууда. Алар үчүн Чоӊ Алай районунан 20 гектар жер алынган.
-

Ысык-Көл облусуна өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү болуп Эмилбек Каптагаевдин ордуна Асхат Акибаев дайындалды. Ал буга чейин «Аврора» санаториясынын директору болуп иштеп келген.
-
Өлкөдө органдарды трансплантациялоо операциясын башынан өткөргөндөрдүн саны 166 кишиге жетти. Анын 15и гана Кыргызстанда жасалып, калганы чет жерде ишке ашкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.
-
2015-жылы ысымын, фамилиясын же атасынын атын өзгөрткөндөр эӊ көп Ош облусунда катталган. Андан кийин Ысык-Көл жана Баткен облустары турат. Баары биригип аты-жөнүн өзгөрткөндөр 29 миӊ кишиге жакын.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз
http://www.super.kg/kabar/news/137489/