
Сайкал Садыбакасованын жаӊы тартылып бүткөн «Мени алдаба» аттуу клибинин тизери учурда интернетте кызуу талкууга алынып жаткан кез. Казак боордоштор Сайкалдын аталган клибин:
«Биздин «Аюми» тобунун «Hey-La» деген клибинин көчүрмөсү. Формасынан баштап бийлегенине чейин окшош. Башка идеяӊ жок калдыбы?»- деп сындашууда. Талкууга топтун продюсери да аралашып, кыргызстандык кесиптештерине
«изденгиле» деген кеӊешин бере кеткен.
«Клибиӊ чын эле плагиатпы?» деп Сайкалга кайрылганыбызда, ал:
«Мен булгаарыдан тигилген форманы 16 жашымдан бери кием. Казактардын клибин туурайм десем, анда дал өзүндөй кылып окшоштуруп коймокмун. Бирок анын мага эмне кереги бар? Мындай клиптер корейлерде деле толтура. Анда казактар деле корейлерди туураптыр да. Мен чыгармачыл адаммын, мындай сындарды көп эле угам, бирок көӊүлүмө жаккан нерсени кыла берем»,- деп билдирди.
star@super.kg
Эскертүү! Кимдир бирөөнүн катасын айтуу үчүн "Купуя кат" бар!