
Казактардын мега жылдызы
Кайрат Нуртас Казакстандын «Нур Отан» бийликчил партиясынын атынан депутаттыкка талапкерлигин коюуда. Ырчынын бул кадамын айрымдар:
«АКШнын мурунку президенти Рональд Рейган актёр болгон. Кайрат АКШга барып президенттикке талапкерлигин койсун, аларда ырчы президент жок»,- деп какшыктап чыгышты.
Ал эми Кайрат өзү бул тууралуу:
«Саясатчынын негизги кызматы – эл менен тыгыз байланышта болуу. Мен бул кызматты ырчылык өнөрүм менен кошо 10 жылдан бери аркалап келем. Менимче, партияга ырчы, актёрлор жетишпейт. Анткени искусство адамдары аймактарда гастролдоп көп жүрүшөт, ал жактагы калктын жашоосун жакшы түшүнүшөт»,- дейт. Кошумчалай кетсек, Кайрат Нуртас партияда 82-катарда болсо, анын сахналаш кесиптеши, «Түрквизион» сынагынын жеӊүүчүсү
Жанар Дугалова 30-катарда турат. Ырчы партиянын жыйынында эгер эл ишенимине ээ болуп депутат болуп калса, ырчылыкты таштай тургандыгын айткан.
star@super.kg
Казактар андай эмес болуш керек
Депутат болуп алуусу да мүмкүн. Бирок муну "честный" болду деп эсептебейм. Себеби ал депутаттыкка, ырчылык аркылуу жетишкен атактуулугунун жардамы менен отурушу мүмкүн. Саясат өкүлү болуу үчүн да оңбогондой жолдорду басып өтүү керек, элге белгилүү эле эмес, закондорду мыкты өздөштүргөн адам болуу керек.
Сахнада бийлеп, ырдап жүргөн адамды, олуттуу жүз менен кабыл алуу элге да кыйынга турат..