УРМАТТУУ ОКУРМАН, 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамына карата «Супер-Инфо» гезити жана SUPER.KG порталы кыргыздын «супер келиндерине» сынак жарыялайт. Эгер сиз сиӊдиӊиз, апаӊыз, кызыӊыз, эжеӊиз, балким, кошунаӊыздыр, айтор, келиндик кызматты мыкты өтөгөн жакыныӊызды гезит аркылуу куттуктайм десеӊиз, анда сизге сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ал үчүн «супер келиндин» сүрөтү менен кыскача кызыктуу баянды жазып, бизге жөнөтүӊүз. Сүрөттөр 5-февралдан 25-февралга чейин кабыл алынып, SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат. Добуш берүү 7-мартта токтотулат. Көп добуш топтогон сүрөт-баяндардын ичинен редакциялык кеӊеш тарабынан жеӊүүчүлөр аныкталат. Жеӊүүчү аталган алдыӊкы бешилтикти өзгөчө белектер күтөт. Андыктан чамдаӊыз!
Сүрөт-баянды 0557 75 63 61 номерине WhatsApp же Viber аркылуу, ошондой эле LIRA@SUPER.KG электрондук дарегине жөнөтсөӊүз же гезиттин кеӊсесине алып келсеӊиз болот.
Эскертүү: Сүрөттөр сапаттуу жана өтө кызыктуу болушу шарт!
Байланыш телефону: 0557 75 63 54
Саламатсызбы! Албетте, болот.
Саламатсызбы! Ким менен түшөт айырмасы жок, болгону сүрөткө кызыктуу баян болушу керек.
Саламатсызбы! Ооба, боло берет.
Саламатсызбы!
Жаңы катталган "суперстандыктар" КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү (добуш берүү, "Суперстандын" "Саясат жана коом" бөлүмүнө билдирүү жазуу, "Супер-Инфонун" "Саясат" рубрикасына, "Соңку кабардын" "Саясат, коом" рубрикасына комментарий калтыруу, "Дил кутуна" билдирүү жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.
Саламатсызбы! Азырынча добуш берүүгө коюла элек.
Саламатсызбы!
Жаңы катталган "суперстандыктар" КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү (добуш берүү, "Суперстандын" "Саясат жана коом" бөлүмүнө билдирүү жазуу, "Супер-Инфонун" "Саясат" рубрикасына, "Соңку кабардын" "Саясат, коом" рубрикасына комментарий калтыруу, "Дил кутуна" билдирүү жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.
Саламатсызбы! Келиндердин жашына чектөө жок.
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
Саламатсызбы! Кандай формада жазасыз, ал өз эркиңиз.
Саламатсызбы! Төмөндөгү байланыш номерине чалып, толук маалымат алсаңыз болот.
0557 75 63 54
Саламатсызбы! Кызыктуу бир барак баян жазсаңыз болот.
Саламатсызбы! Азыр баяндамалар иргелип жатат. Сынакка өттү же өткөн жок деген маалымат берилбейт. Сүрөттөр 25-февралда порталга жүктөлөт, ошол жерден катышып жатканыңызды билсеңиз болот.
Саламатсыздарбы! Сүрөттөр 26-февралда SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат.
Саламатсызбы! Талапка жооп бербеген сүрөт-баяндар жарыяланган жок.