Жулия Робертстин атагын жарган айтылуу «Сулуу бийкеч» тасмасынын уландысын тартуу боюнча аталган тасманын башкы каарманы
Ричард Гир Facebook баракчасына сурамжылоо жарыялаган.
«Биз «Сулуу бийкечти» улантууну ойлонуштуруп жатабыз. Буга өзүбүздүн көзүбүз жакшы жетпегендиктен күйөрмандардын көз карашын билели дедик. Эгерде бул оюбузду миллион күйөрман жактырып колдосо, долбоорду олуттуу түрдө карап чыгабыз»,- деп жазат Ричард Гир. Жыйынтыгында 14 сааттын ичинде миллиондон ашык колдонуучу колдоп, 70 миӊден ашууну бул жаӊылык менен бөлүшкөн. Ал эми Жулия Робертс 5 жыл мурун тасмасын уландысына тартылбасын билдирип,
«эч ким карыган сойкуну көргүсү келбейт»,- деген эле.
star@super.kg