
Дүйнөдөгү эӊ бийик чоку – Эвересттин
(Жомолунгма) бийиктиги 8848 метрди түзөт. Ал Кытай менен Непалдын ортосундагы Гималай тоо кыркаларында жайгашкан.
Бирок бийик тоолор деӊиз түбүндө да жайгашканын унутпоо керек. Мисалы, Гавайи аралдарында Мауна-Кеа тоосу бар. Ал деӊиз деӊгээлинен 4205 метр бийик болгону менен, көпчүлүк бөлүгү суу астында жайгашкан. Мауна-Кеанын суу астындагы бөлүгүн да кошуп эсептегенде жалпы бийиктиги 10 чакырымдан ашат.
Нурбек Абдыкадыров
balakai@super.kg