
Барсбек VII-VIII-кылымдарда Енисейдеги кыргыз кагандыгынын башкаруучусу болгон. Барсбек кагандын тушундагы өнүккөн мезгил кыргыз тарыхынын өзгөчө бир ажайып барагы болуп эсептелет. Ал кыргыздарды сайдан, кырдан жана тоону байырлаган аймактардан чогултуп, эл кылып, ошол элдин өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн. Анын тушунда кыргыз мамлекетинин кадыр-баркы жогорулаган. Барсбекти өзүнө жакындатуу максатында түрк каганы Елтерис кызын ага аялдыкка берген. Барсбек өз мамлекетинин жана элинин эркиндиги үчүн согушта курман болгон.
Нурбек Абдыкадыров
balakai@super.kg